ТИЙИП КОЙСО СИЙИП КОЙОТ
Акыркы убакта тийип койсо сийип койотурган поколение пайда болду. Илгери бизди мугалимдер ДОҢҢУЗДАЙ урса да унчукпай күнөөкөр экенибизди мойнубузга алып жер карап турат элек. Азыр тийип койсо сийип койгондор айгайлап чыгышат. Ал аз келгенсип, ММКалар үрөй үчүрган тема койушуп жарыя кылып айкырып чыгышат. Бизди мугалимдер урса эчкимге деле айтпайт элек. Үйгө айтып келген чагыбызда да ата энелерибиз АЖАП болсун өзүң бирдеке кылгансың да болбосо мугалим сен жөн эле сабагыңды кылып олтурсаң кантип уруп согуп калсын дейт эле. Ошол кездеги ата-энелерге таазим. Азыр болсо баласына тийип койсоң айкырып чыгышат.
Биз сабакта олтурган да мугалимдер кирсе чымын учканы билинет