Төкмө акын Идрис Айитбаев уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Бала жытын жыттоо ар бир үй-бүлөгө насип кылсын. Сүйүнчү, достор уулдуу болуп кубанычымды бөлүшүп жатам. Урпагымды улай турган, абалымды сурай турган, кадырымды биле турган, Бейишке жетелеп кире турган, Ала-Тоого күйгөн, Кудайды сүйгөн, бактылуу, өрнөктүү, ыймандуу, ырыскылуу, адептүү, илимдүү, ден-соолугу бекем, сөзгө чечен, Куранды жаттаган, кыргыз эли мактаган уул болсун. Устаттардай улуу жана сулуу болсун»,- деп жазды ал.