БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО
18- БӨЛҮМ
Учак аэропортко конгондо ойгонуп кеттим. Оор үшкүрүп алдым, бул «оор күндөр артта калды» деген кубаныч жана жеңилденүү эле.
Алдын ала дайындап коюшуптур, учактан түшөрүм менен бир орус жигит тосуп алып ээрчитип жөнөдү. Аэропорттун атайын сыйлуу коноктор, көбүнчө чет элдик делегациялардын өкүлдөрү өтүүчү VIP-коридорунун алдында капкара, айнектери караңгылатылган машина туруптур. Арткы эшигинин айнеги түшүрүлүп, ичинен Арсендин башы көрүндү.
– Секир, каскадёр. Кечир, бул жерде машинадан түшкөнгө болбойт экен,- деп калды. Толуп алыптыр, көздөрү мурункудай эле күлмүңдөп, жүзү жайдары. Баягы мен билген Арсен. Критке жаңы келгенде абалы оор болчу, сакайып чыкканы