1- БӨЛҮМ
Бир мекемеде иштеп, Арстан аны менчигине алгандан баштап ити чөп жей баштаган эле. Ошол жылы эсинен кетпейт, аялы капысынан көз жумуп кете бергени абдан катуу тийди. Жалгыз баласы Нурдин мүнөзү оор, адам менен анча тил табыша албаган орой мүнөз жигит, университетти бүтүп чет өлкөдө билим алуусун улантмак болуп жүргөн кези эле. Арстан отуз жылдап бирге жашап, түтүн булаткан аялынан ажырап өтө кыйын абалда калды. Ал кезде Нурдин отузга барайын деп калса дагы үйлөнө элек, бирок сүйлөшкөн кызы бар болчу, экөө далай жолугушуп сейилдеп жаштыктын бир доорун сүрүп жүргөнү менен, Алима чын жүрөгүнөн Нурдинди сүйгөнүн же сүйбөгөнүн ачык айтпайт, бир сырдуу, бир кырдуу кыз эле, экөөнүн тең жаштары бирдей. Бир жолу катуу жаанда кол чатыры да жок жол боюнда унаа күтүп турса жанына жеңил машина келип токтоп калды. Бул Арстан болчу, жаанда шөлбүрөп суу болгон кызды көрүп токтоткондо ал аны байкабай эле батирине кетчү унааны карай берди, Арстан унаасынын эшигин ачып эңкейе кызга «кел түш», – дегендей ишарат кылды. Суу болгон кыз калчылдап үшүп калган, жетип келип:
– Кайда барасыз? – деди тиши тишине тийбей.
– Түш, анан сүйлөшөбүз, суу болуп калыпсың, ооруп каласың.
– Рахмат агай, боорукер адам бар экен ээ? – деп алдыңкы орундукка отуруп эле сумкасынан жүз аарчы алып чыгып аарчынып жатып тартынчыктай үн катты, – Суу болуп кеттим, күн дегеле өчөшкөндөй жаап жиберди, кечириңиз төшөгүңүз суу болуп калаар бекен?
– Эч нерсе эмес, ал төшөк сизден кымбат эмес, – деп Арстан көздөрү балбылдаган кызды жылмая карады.
– Ошондой болсо да…
– Кайда барасыз?
– Ала-Тоого, а сизчи?
– Мен дагы, жолубуз бир экен.
– Оой чын элеби, ырас болгон тура, – Кыз кубанып кетти.
– Атың ким чоң кыз?
– Алима.
– Мени Арстан байке дей берсең болот.
– Жакшы, сизге көптөн-көп рахмат, – Салонго киргенден кийин үшүгөнү басылып денеси балкый магдырай түштү.
– Кайдан келе жаттың эле?
– Окуйм, педучилищада.
– Жакшы, ата-энең менен турасыңбы?
– Жок, батирде турам.
– Оо жаман экен, эгерде туура көрсөң менин үйүмдө тура бер, бекер эле, – деп Арстан кызды көз кыйыгы менен карап коюп кетип баратты. Алима үн дебей отура берди, бирок чынында бекер жашоо кимди кызыктырбасын, апасы эптеп окуганына акча салат, сабактан кийин кафелерде иштеп өзүнүн баскан турганына тыйын-тыпыр таап алчу. Телефон менен сүйлөшүп бүткөн Арстан кызга кайрылды, ал өзүн жаман сезип башын ары бурду, – Кана, менин сунушум жактыбы Алима?
– Ойлонуп көрүшүм керек, бирге жашаган кыздар бар.
– Макул, менин телефонум бар, эгерде көөнүңө туура келсе өзүң чал.
– Макул байке.
– Кана, кайсы көчөгө киребиз?
– Жетип калдым, ушул жерге токтосоңуз, – деди кыз шашыла, ойлонуп келе жатып келип калганын сезбей калыптыр, – Сизге рахмат байке, – деди да түшүп баратып дагы рахматын жаадыра басып кетти. Кыздын аруулугун, назиктиги менен сулуулугу төп келишип турганын сезди Арстан: «Кайдагы ойду ойлоп турам, жаш кыз экен, мен элүүгө кирип калдым, өзүмө ылайык жар издешим керек», – деп кыздын жоодураган көздөрү көз алдынан кетпей үйүнө келди. Ал келсе Нурдин даярданып Америкага кеткени жаткан экен.
– Ата, менин самолетум кечинде учат, кетип жатам.
– Жакшы болот, аман-эсен жетип ал, уулум, – Арстан уулун аэропортко алып жөнөдү, кечки алтыда самолет учуп кетти. Арстан жападан жалгыз калды, үйүнө келип эми отурганда кызматчы аял алдына тамак алып келип койду. Ойлуу отуруп тамактанды да өз бөлмөсүнө кирип кетти. Улам эле көз алдынан Алима кетпей кылт этип туруп алды. Күндө жумушуна барып кайра келет, кол алдында иштеген Камбар деген адам ар дайым ишеничтүү жумушчусу, болгондо да ишкананын толук эсеп-чоту ошонун колунда. Убакыт өтүп арадан эки-үч ай өтүп кетти, бир күнү иш телефону чырылдаганынан ала койсо чоочун номер:
– Ало, угуп жатам, – деди жай, – Ким экен? – Ар жактан назик тааныш үн угулду:
– Агай, мен Алима…
– Аа-а, Алима кандай, окууң жакшыбы?
– Жакшы агай, мен сиздин айтканыңызды ойлондум.
– Эң сонун, өзүм барып алып келейинби?
– Макул, агай.
– Жарайт, баягы жерден күтөм.
– Ооба, – деп телефонду коюп койду кыз.
Арстан дароо турду да сыртка чыгып машинасын айдап чыкты, көп өтпөй эле ал Алиманы жеткирип барган жолдон күтүп калды, ошол убакта кыз эки чоң сумкасын көтөрүп келип калды.
– Саламатсызбы, агай.
– Саламатчылык, жүгүң ушул элеби?
– Ооба, болгону ушул.
– Кеттик анда, – деп Арстан анын эки сумкасын багажга салып, өзүн жанына отургузду да жөнөп кетти. Кыз негедир Арстанды жалт-жалт карап коюп баратты, аны сезген кыраакы неме оюнда аны жактырып: «Көздөрүндө оту бар кыз экен» – деп ойлоп койду.
– Агай, сиздин үйүңүздөгүлөр эч нерсе дебейби? – Кысына сурады.
– Үйдө эч ким жок, балам Америкага кетти.
– Аялыңызчы?
– Ал дагы окууга кеткен.
– Каякта окуйт? – Таңгала карады, – Эми окуп жатабы?
– Ооба, билимин тереңдеткиси келет, – деп Арстан жылмайып койду.
– Жакшы экен, аялыңыз жашпы?
– Ооба, он сегизде.
– Ай-ий, аябай жаш го?
– Мен картаңмынбы? – Арстан кызды көздөй жүзүн бурду.
– Жок-жок, мен жөн эле, – Кыз тайсалдай дагы бирдеме айткысы келгени менен айта албай жолду карап калды.
– Канчанчы курстасың?
– Төртүнчү.
– Оо, анда картайып калган турбайсыңбы?
– Коюңузчу?
– Койбой эле, илгерки кыздар он алтысында кара далы болуп күйөө албай койчу да, – Тамашалай карады.
– Азыр андай эмес да, каалаган кезде үйбүлө күтсө болот.
– Туура-а, – деди анын сөзүнө муюгандай Арстан, – Азыркы жаштардын доору…
– Эмнеге андай дейсиз?
– Заман, адамдардын кулк-мүнөзү өзгөрүлдү. – Алима унчукпай калды. Аңгыча үйүнө келип эшикти бир адам ачты эле эшиктин алдына кирип токтотту. Алиманын сумкаларын өзү көтөрүшүп кирди да, – Отур, эс алып тамактанып алгын да бөлмөңдү көрсөтүп берем, сабагыңа даярдан, – деди Арстан өзүнүн кызына буйрук бергендей.
– Макул, – Алима баш ийкеди. Ал күнү бөлмөсүн көрсөттү эле ага абдан жакты, батирдеги бир бөлмөгө караганда өзүнчө эле жыргап калды.
Ошентип билинбеген сезимдер экөөнү байланыштырып жыл айланбай чоң той берип үйлөнүп алышты. Арстан Нурдинге сүйлөшкөндө үйлөнгөнүн айтты эле ал куттуктап жакын арада бараарын айтты. Турмуш дегениң ийненин көзүнөн өткөндөй эле чоң сыноо эмеспи, Нурдин жайкы саратанда Америкадан келе жатканын айтканда Арстан аэропорттон тосуп алды. Баары үйгө келе жатканын айтканда атасынын аялы Алиман экенин көргөндө эле оозуна сөз кирбей, көзүнө ызанын кеги пайда болуп тамак жүрөгүнө барбай бир аз отуруп эле өз бөлмөсүнө кирип кетти. Арстан анын оюн башкача түшүндү: «Жаш аял алып алды деп таарында окшойт», – деген ойдо үндөбөдү. Нурдин бир жумадай жүрүп фирманын ишин өзү колго алып иштеп калды, ал үстүңкү кабатта турат, эртең мененки чайды чогуу ичишет, кечки тамакта үстөлдө бирге отурушат. Жыл айланбай Алима кыз төрөп алды. Бир күнү өзү жалгыз кызын карап отурганда Нурдин:
– Сен эмне максат менен атама тийдиң? – деди көзүнүн төбөсү менен карап.
– Сүйүп тийдим, эмне күнөөбү?
– Жок, сен сүйгөн жоксуң, байлыгы үчүн тийдиң. Эсиңде болсун, кызың экөөңө тең эчтеке ээ кылбайм!
– Сенин байлыгыңа кызыкканым жок, экинчи мага андай кебиңди коюп жүр!
– Ыкы-ы, кантип кызыкпайсың, болбосо мени сүйөм дегениң жалган беле, мага тийгенден балким кедей деп ойлоп корккондурсуң?
Кекете карады.
– Нурдин, мен сени тааныбайм, мен өзүм каалап кошулган адамым менен тынч жашайын, өз жолуң менен бол! – деп Алима өйдөкү кабаттагы кызынын бөлмөсүнө чыгып барып ичинен илип алды.
– Калп, сен мени сүйчүсүң, – деп күңкүлдөгөн Нурдин эшикке чыгып кетти. Алима кыжаалат болуп кала берди.
Комментарии 78