Бул инсанды тааныбаган кыргыз, кыргыз деле эмес...
МИДИН (акро ыр)
Мен өзүмдү ичимден жеп турамын,
Мезгил чиркин, мерезби? – деп турамын.
Миң жыл берсе не болот акындарга?
Мээ сергитип кандырган кеп кумарын.
Марасына өмүрдүн жетсең дагы,
Мүрөктөгү суу сымал кеп булагың.
Мелмилдеген көлүндөй поэзия,
Мөөрү болгон Мидинден кеп курамын.
Иргеп жазган учу курч калемиңди,
Издеп жүрөм түйшүктүү дарегиңди.
Иликтетпей ырымды жиликтетпей,
Ичтен сыздайм. Көрбөдүм карегиңди.
Изиңизди улачу кыргызыма,
Имерсе экен сиздейден дале бирди.
Иши кылып дүйнөдөн өткүчөктү,
Ийменбеген көрсөм дейм данегиңди.
Даана жазып чынында агын ырдын,
Далайларды көркөмдөп чагылдырдың.
Драматург да,
Ардагым оорундатып тилегимди
Нооруз куну бердин мага белегинди.
Кубаныч шатка болоп биздин уйду
Угулат ыналаган аллей уну.
Бергенин чын болсо экен эй ТЕНИРИМ!!
Омурун узун болсун АЙЗИРЕГИМ! ! ! !
Мен негедир күндө ыйлай баштадым,
Өзүмдөн-өзүм ушунумду байкадым.
Жүрөгүмө канжар сайып алгандай,
Эмнегедир турмушумдан аксадым.
Даңгыр жолдо араң гана басамын,
Түшүнбөймүн, мен эмне болуп калганмын.
Жаркылдаган мүнөзүм да азыр жок,
Кайда, неге, билбейм кетип калганын.
Узун түндө таң аттырам уктабай,
Түшүнбөдүм, мен эмне болуп калдым ай.
Жаркылдап көөдөнүндө кайгысы жок,
Менин дагы жүргүм келет кайгырбай.
Жүрөк согот оорууганын билдирбей,
Жараатымды алдап мени сездирбей.
Оорууп турат сезип туям ичимден,
Байкаттырбайм жакыныма кекчилдей.
Арманымды кимге айтсам түшүнөт,
Ой-пикир айтып, жакшы кеңеш бөлүшөт.
Жүрөгүмдү бирөө сыгып алгандай,
Билбейм неге мынча каттуу өйкөшөт.