Түн бир убак, уктап жатат жубайым.
Жүзү бырыш, көп жегендей убайым.
Жасап жүргөн мамилемди мен анан.
Бүтүн эстеп, кечир дедим Кудайым.
Урдум, тептим ошондо да чыдады.
Ушунчалык, күчтүү экен чыдамы.
Башка бирөө, эгер болсо ордунда.
Эчак кетмек, көзүм жетти буга бу.
Бир нерсени, кийем деле дебеди.
Бир нерсени, ичем деле дебеди.
Ушунчалык кылсам дагы зөөкүрлүк.
Кайын журтка, жамандабайт же мени.
Качан болсо даяр турат тамагым.
Үйүм таза, аны кантип танамын.
Ошондо да кынтык таап ишинен.
Бечаараны согуп - сөгүп аламын.
Уул - кызды төрөсө да көрбөдүм.
Ошондо да мээримимди бербедим.
Мына ушундай ханышаны мен акмак.
Болбогон бир күң, кулдарга теңдедим.
Ар тырышы жүрөгүмдү зар кылат.
Күнөөлөрдү