Карылыкпы ким билет, араң турам.
Биринчисинде үстүнө араң чыгам.
Экинчисин күш - пыш тердеп үчүнчү.
Төртүнчүсүнө эптеп араң түтөм.
Карылык да, жаштагыдай ал кайда.
Бел таптакыр, чыдай албайт андайга.
Беш алты эмес, төрткө араң чыдаймын.
Илгерки күч, эчак кеткен капкайда.
Үч - төрт десем, балким бирөө иий деди.
Эмнелерди тантырайт деп сүйлөдү.
Ким эмнени ойлоп ийди мен тиги.
Лестницаны айтып жатам үйдөгү.
Азап эле, үстү жака жетмек миң.
Баратканда түйшүктөргө кептеп миң.
Жаштагыдай чын да күчүм болгондо.
Тепкичтерден чуркап чыгып кетмекмин.