Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Баткендеги журналисттер Поэзия эстафетасын баштады. Кесиптешибиз Нургазы Жайнаковдун көркөм окуусунда менин калемиме таандык БАТКЕНИМ аталыштагы ыр саптарым назарыңыздарда. БАТКЕНИМ Тоо жыттанып этек-жеңим, көйнөгүм, Тоо койнунда өстүм, өндүм, көгөрдүм. Көкүрөгү тоодой келген кең пейил, Чептей бекем, эрдиги күч элденмин. Алакандай болгон Баткен жеримдин, Ааламга тең касиеттүү жери миң. Атак-даңкы дүнүйөгө тараган, Чыгаандары жашап өткөн жерденмин. Киндин каным тамып, үнүм жаңырган, Мен төрөлүп, менден бүлөө тараган. Топурагың кымбат мага, Баткеним! Сенден тарап, кайра сага баш катам. 23.01.21 Гүлзат Кудайбердиева. #биртүндүктүнастында