=ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ НЕГЕ ТЫЙДЫ ЖАРАТКАН=
Жаңы жылды неге тыйды Жараткан?
Кур калбасын пенде деди жаннаттан.
Жаңы жылда арам иштер көп болот.
Тосо берсин коркпогондор азаптан.
Мусулмандар улукташып Алланы.
Балаты эмес айланышат Каабаны.
Теренирээк ойлонсонор жаңы жыл.
Майрамдардын жаманынын жаманы.
Тилек айтып аяз деген атага.
Пенде болуп жол берилет катага.
Тилектерди Аллах гана аткарат.
Ширк келтирип шерик кошпо Аллага.
Жаны жылдар өтө беле шарапсыз?
Арак ичип мас болушат карапсыз.
Мас адамдан каяктагы жакшылык?
Ошон учун ушул майрам жараксыз.
Кызыгышып салюттарды атканга.
Канча акча учуп кетет асманга.
Бекер эле кылгычанар ысырап.
Садака кыл ачка жүргөн адамга.
Аллах муну зыян учун тыйды да.
=КҮЙӨӨСҮН СЫЙЛАГАН АЯЛДЫ ЭЛ СЫЙЛАЙТ=
Аялдар баш бербеген, оолуккан заманга келип калдык, көбүнчө аялдар тоготпойт, уккусу келбейт, баш бербей басып кетиши мүмкүн. Бирок, мындай аялдарга боор ачуу менен гана мамиле кылышыбыз керек. “Укугум бар” – деп көчөгө чыгып кетүү туура эмес болуп саналат.
Аял киши үйүндө жолдошу менен, балдары менен бакыт тапса, бактылуу болсо, кандайдыр бир иш үчүн чыкса болот. Үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты көчөдө таба албайт. Мейли, эжесине, сиңдисине, курбу кызына барсын ал бакытты таппайт. Турмушка чыккандан кийин, ошол күйөөсү менен үй-бүлөсү менен бактылуу болушу керек.
Күйөөсүнүн сөзүн укпаган аялды эч ким тоготпойт. Көчөгө барып эч кимге дартын уктура албайт.