Предыдущая публикация
"Билбейм, билбейм..."
А балким, сүйгөндүрмүн кыялыңды,
Билбей анан көксөөмдү тыярымды.
Каарманы болуп түркүн тагдырлардын,
Тактым сүйүү мончогун жылаажындуу.
Сүйдүм бекен...ырдагы кусалыкты,
Сезгим келбей көөдөндөгү ызалыкты,
Сүрүп салып самсаалаган санааларды,
Сагынычты жүктөп бирге сызалыкпы?..
Сүйгөн окшойм, окшобойсуң башкаларга,
Сыр бекиткен ырың жашап гүлзарыңда.
Сымап болуп сиңип кетпей не болдум дейм,
Сүйүү кетпес жашыл - мүрөк булагыңда...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 9
Шыбыр үнүң, шыңгыр күлкүң кулагымда
Кыялдагы сүйүүңдү,
Жерибейин,
Жамандарча..
Акысы бар көңүлдүн,
Шашкалактап мезгил учса,
Кармай албай жылоолоп,
Көздөн кайым болуп кетер
Анты бар э, өмүрдүн?..
Ыракмат, Замирбек мырза, эстегениңе, жазганыңа, кайрылып издегениңе..Башың аман болсун ..
Сөз жок мыкты сезим менен жазылган ыр!