Арууке..."Баш каарман"...
Каарманы болсоңуз да , ырымда,
Коркпойм андан, бул чыгарма чынында.
Көркү кетип, өңү өчпөс ырымдын,
"Көрө албастын" мага жазган сынында...
Ырларымда дайым жашап жүрсөңүз,
Ышк отунда башка уяга тунөрсүз.
Ыйбаа кылып, анда ошого жол койгон,
Ырым дагы, сырларым да күнөөсүз...
Ырларыман кетпей койсо ал элес,
Ырым менен, аштым демек көп белес,
Ыркы кетип, турса сезим, кыялым,
Ыраазы болбой, жүрөк туйлайт, кеп жебес...
Сизди дедим...сизге жазып ырларды,
Сезэр дедим, көөдөндөгү кыянды.
Сенек көңүл, муздак сезим "дүрт" этэр,
Сөз кудуретин, кантем анан, тыямбы?!.
КААРМАНЫ БОЛСОҢУЗ ДА, ЫРЫМДА,
КҮНӨӨ ЭМЕС...БУЛ ЧЫГАРМА ЧЫНЫНДА...
Арууке..."Ким жыттанып?!..."
Мейли...жашоо, жууруп мени калчасын,
Тагдыр коштоп...кордоп, кээде алкасын.
Ошондо мен...тилээр элем... көөдөндөн,
Байкуш сезим...сызга отуруп калбашын...
Билесиңби...бизге болгон ошол күн,
Нике кайып...сезимдерге, бул - өкүм.
Жылдар күбө...нелер коштоп келди экен,
Не жашырдык...оорусу - бул жүрөктүн...
Мейли...сага баары бир болсун бар-жогум,
Нени кийип, нени жедим...ач-тогум.
...болбогондой, эч бир шойком жылмайып,
Ким жыттанып... келдиң бүгүн түн оокум?!...
Мейли мени...билбейт дегин, ичтен күл,
Каалагандай...шапар тээп, өткөр күн.
Эчак эле...сенсиз - муздак... койнума,
Ким жыттанып... келдиң бүгүн, жарым түн?!...
Билем, азыр...наздануум жок кечээг
Арууке..."Билбейм, билбейм..."
А балким, сүйгөндүрмүн кыялыңды,
Билбей анан көксөөмдү тыярымды.
Каарманы болуп түркүн тагдырлардын,
Тактым сүйүү мончогун жылаажындуу.
Сүйдүм бекен...ырдагы кусалыкты,
Сезгим келбей көөдөндөгү ызалыкты,
Сүрүп салып самсаалаган санааларды,
Сагынычты жүктөп бирге сызалыкпы?..
Сүйгөн окшойм, окшобойсуң башкаларга,
Сыр бекиткен ырың жашап гүлзарыңда.
Сымап болуп сиңип кетпей не болдум дейм,
Сүйүү кетпес жашыл - мүрөк булагыңда...
Арууке..."Түшүмдө..."
Түшүмдө сүйүү көрдүм булганбаган,
Арамзалык, ушак сөзгө чулганбаган.
Жупуну, зер-зыйнатсыз, байлыгы жок,
Ушундан кымындай да уялбаган...
Түшүмдө сүйүү көрдүм , назик , жумшак,
Тамыры дөөлөт күтүп, дарт чалбаган.
Барына топук кылып, чеңгел салып,
Кур азгырык, барчылыкка умтулбаган...
Элдешип алгым келди сүйүү менен,
Эрмек болуп көз - көз кылып мактанбаган.
Эсирип убактылуу бакытка мас,
Ээси болбой махабаттын көп ырдалган...
Түшүмдө сүйүү көрдүм уурдалбаган,
Асылкечин аруу тутуп кыя албаган.
Ошол арзуу мендик болуп калса ээ, -деп,
Ойгонгум келбей көөпкө кыялданам...
ТҮШҮМДӨ СҮЙҮҮ КӨРДҮМ САТЫЛБАГАН...