"Ким жыттанып?!..."
Мейли...жашоо, жууруп мени калчасын,
Тагдыр коштоп...кордоп, кээде алкасын.
Ошондо мен...тилээр элем... көөдөндөн,
Байкуш сезим...сызга отуруп калбашын...
Билесиңби...бизге болгон ошол күн,
Нике кайып...сезимдерге, бул - өкүм.
Жылдар күбө...нелер коштоп келди экен,
Не жашырдык...оорусу - бул жүрөктүн...
Мейли...сага баары бир болсун бар-жогум,
Нени кийип, нени жедим...ач-тогум.
...болбогондой, эч бир шойком жылмайып,
Ким жыттанып... келдиң бүгүн түн оокум?!...
Мейли мени...билбейт дегин, ичтен күл,
Каалагандай...шапар тээп, өткөр күн.
Эчак эле...сенсиз - муздак... койнума,
Ким жыттанып... келдиң бүгүн, жарым түн?!...
Билем, азыр...наздануум жок кечээги,
Ал сезимдер...балдарга өткөн береги.
Коломтоңо...бирге жаккан суу сээп,
Ким жыттанып... келдиң бүгүн, бейчеки?!...
Бактым дегем...балким, койдум ашыга,
Ишендим мен...кыял-чабыт, чачыла.
Өзүң сүйүп...бапестеген гүлзар жок,
Ким жыттанып... келдиң жүзүң жашыра?!...
Менде жоктур...ойсокелик, эркелик,
Ал мүнөздү...эми алмашкан ЭНЕЛИК.
Утурумдук...чалкып, сүйүү балына,
Ким жыттансаң...болсун, мейли...ал-СЕНДИК...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 91
Арууке...
Сактабадын ал жазынды?
Адашып жолундан туз жанылдынбы,
Болбосо тагдырына башын ийип
,,Тузагына"тагдырдын кабылдынбы?...
...мактоонузга тугонбогон, мин таазим!!! ...
Суйуу сепил...урабас кургум келген..
Башат болуп...булактын булганбаган,
Махабатты...аруу кылып,жуугум келген.
Билинбеген сыдырымдай...шектенууну,
Бул сепилге...жуутпастан куугум келген (фантазия ырынызга алсыз жооп болсун, устат)... ...