Предыдущая публикация
"Түшүмдө..."
Түшүмдө сүйүү көрдүм булганбаган,
Арамзалык, ушак сөзгө чулганбаган.
Жупуну, зер-зыйнатсыз, байлыгы жок,
Ушундан кымындай да уялбаган...
Түшүмдө сүйүү көрдүм , назик , жумшак,
Тамыры дөөлөт күтүп, дарт чалбаган.
Барына топук кылып, чеңгел салып,
Кур азгырык, барчылыкка умтулбаган...
Элдешип алгым келди сүйүү менен,
Эрмек болуп көз - көз кылып мактанбаган.
Эсирип убактылуу бакытка мас,
Ээси болбой махабаттын көп ырдалган...
Түшүмдө сүйүү көрдүм уурдалбаган,
Асылкечин аруу тутуп кыя албаган.
Ошол арзуу мендик болуп калса ээ, -деп,
Ойгонгум келбей көөпкө кыялданам...
ТҮШҮМДӨ СҮЙҮҮ КӨРДҮМ САТЫЛБАГАН...
мезгил учкул, мезгил закым, 6 жыл өтүп кеткен тура..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5