ТАГДЫРГА КӨППӨ ДА ЧӨКПӨ
Тагдыр сени, койсо кээде көтөрүп,
Такыр эле, кетпе досум сен көбүп.
Ташка чапса, талкаланат үмүтүң,
Турба анан, боз чаң болуп күбүнүп.
Тагдыр койсо, бирде сени кемитип,
Такыр анда, жүдөбөгүн сен кемип.
Тик тургунуң, баш ийбегин, көтөрүл,
Таалайыңа, түз карагын ишенип.
Тагдыр ташың, турса кулап жогору,
Теңсинбестен, элден өйдө болбойлу.
Теңеп койот, эртең эле мурдуңду,
Текебердик, кылбай адам болойлу .
Тагдыр кээде, ойнойт сени боздотуп,
Таш боор мерез, адамдарга кордотуп .
Теңелбегин, андайларга сынбагын,
Туура бир күн, калат ал да кор болуп .
Тагдыр сени, койбосо эгер хан кылып,
Таарынбагын, ага досум кайгырып.
Татым тузу, кем болот дейт хандын да,
Таалайыңа, б
Көрөм сени өңдө эмес сүрөттөн,
Орун алып түнөк таптың жүрөктөн.
Мен бактылуу болоор элем сен дагы,
Орун берип жүрөгүңө түнөтсөң.
Түн караңгы, жолуксун деп ашыктар,
Тосуп алчы жүрөгүңдү ачып шар.
Эски дартың айыктырып алууга,
Менден сага сүйүү деген дарым бар.
Автор Мидин Каимов