• Класс
" ОЙ ТОЛГОО " Пейилден кеттик, улуубу , кичүү сыйлабай, Пендесин анан коебу Теңир кыйнабай? Көөдөнү бошоп, жүрөгү тоңбу мээримсиз, 30 жыл жашап, Карабы? Акпы?- ылгабай. Эгемен алып, түндүктөн чыгып желегиң, Эл үчүн берген Жараткан өзү белегин. Жабыркап турат азыркы күндө өлкөбүз, Мекенди ойлоп, элиңе тийгиз керегиң. Көбөйдү бүгүн, эл бузар, сүткор наадандар, Көкөйдү кескен, тетири баскан кадамдар. Кудайга тообо, кылганды кээ бир унутуп, Кылыгың түшкүр, кыялы жорук жамандар ! Дүрбөтүп элди, бөлүүгө шашканы да бар, Дүрбүнү салып, чегинен ашканы да бар. Дүнүйөң түшкүр, пендеге шунча кас беле Дүнүйө мүлкүн бекитип катканы да бар . Алыстан туруп , аңдыга
  • Класс
Москва Кыргыз маданий Борбору
02:57
Жолуккан кандай жакшы
4 389 просмотров
ЧЫЙРАЛГАН ЖАН ! Чындык деп ийилдиңиз, сынбадыңыз, Чиригин билип кастык кылбадыңыз. Чычалап терикпестен ар кай сөзгө Чалынбай алга болуп жылганыңыз. Өткөрүп көп азапты башыңыздан Өлкөнүн келечегин сатпадыңыз Өмүрүң кыл учунда турса дагы Өлүмдөн Мекен үчүн качпадыңыз. Баткан күн, атаарына ишенип сиз Башыңды жаратканга тапшырдыңыз Бейкүнөө экениңди түшүнгөндөн Баа жеткис сый- урматты ашырдыңыз . Үзбөстөн жакшылыктан үмүтүңүз Үшкүрүп өрттөсө да күйүтүңүз. Үстүңдөн жөлөп турган көрүнбөс зат Үмүткө байлап турду үй ичиңиз. Аш коюп , таш ыргыткан багыңызга Алдыңыз душманыңды жакын кылып Алланын түз жолунан кайып кетпей Абийир , намысыңыз бийик тутуп. Жараткан нурун
Эл баалаган , эл шайлаган башчыдан Эли үчүн жанын чабаар жакшыдан Тоноп Кыргыз, жерин кенин тойбогон, Талашкандар , тарт колуңду тактыдан... Сол тарабын бириң тартсаң жеңинен Оң тарабын бириң тартып белинен Ич күйдүлүк, көралбастык чеги жок Эргулдар ээй ...озом дебе элиңден! Мансап үчүн, намысыңды жебегин Акыретте берээриң бар эсебин 30 жылда каалагандай кемирип Азбы эмне ?- Кумтөр кенин жегениң... Эчендеген жерди сатып тойдуңарбы? Аздык кылып Арстанды сойдуңарбы? Түшүнбөгөн түркөйлүккө кирип кеткен Же чын эле - АША айтмакчы КОЙСУҢАРБЫ? Шаку Москва 😡😡
  • Класс
Акындардын достугу! Достор ачат кең дүйнөнүн кооздугун. Доссуз толбойт жан дүйнөнүн боштугу. Саясаттан булганган дос кадырын, Жууп кетти эки акындын достугу. Кан достордун эгиз болот жандары. Кыйын күндө доско жаны арналуу. Эч бир затка бийиктике теңелбес. Элмир, Зайыр чын достуктун каарманы. Достук турсун ич тардыктан бузулбай. Достук болсун, ыйык бакыт кушундай. Ажалга да досун жалгыз кыйбаган. Мына достук! Болсо болсун ушундай. Шаку. Москва.
  • Класс
" ТУР КЫРГЫЗЫМ !!! Тур кыргызым тургула, ойгонгула! Туңгуюка кетээрди ойлонгула Отуз жылда ишенген кожолоруң Орундалбай иштери ойрон мына. Анык айтсам айтканым коштогула. Араңарга ууруну кошпогула. Улантуучу эрдигин улуулардын. Урпагына Манастын окшогула. Кендириңди кести го кайдигерлик. Кабыргабыз кайышып шайды бердик. Ата Журту жок өңдүү тентип тентип. Ата-Баба көрбөгөн жайды көрдүк. Бейиштей жер Кудайдан белек эле. Берекесин кетирдик, себеп неге ? Айкөл эрдин таштаган аманатын. Арзан баалап сакташың керек беле? Туна чөксөң тургузаар кунуң жокпу? Туулган жер, турагың, тууруң жокпу? Туңгуюка тукумуң кептелээрде. Тура турган Журт үчүн уулуң жокпу? Жигиттери Кыргыздын курч эле го ? Ж
Показать ещё