Мен азыр бөлөк киши, бөлөк адам,
Өзгөрүлүп жашоого койгон кадам,
Тагдырдын сыноосуна араң чыдап,
Чөкпөстөн жан талашып жүргөн аман...
Мен азыр мурдагыдай болбой шаңдуу,
Ойлуу гана басамын, күтпөй арзуу,
Канатым болсо учуп кетмек элем,
Өзүбүздүн тоолорго, аппак карлуу.
Айыбым көп, кечиргис ошол арман,
Кантип эми арылам, жетип дарман,
Кечирим сураганым.. баары бир кеч,
Айткандарым сезилет болуп жалган,
Азыр мен жалгыздыкка бет алгамын,
Жылдыз болуп асманда күйүп жанган.
Мен азыр башка киши, башка адам...