"Сүйдүм"- десем, Элмирбекти,
Мени чоочуй карашат...
Өлгөнүнө көңүл чөктү,
Шылдың кылган адашат...
Кантип сүйбөй койсо болот,
Шыңгыр булак жигитти...
Сезими ойноок, жеңил ойлуу,
Көптү сүйгөн жигитпи?!
Сүйсө, сүйсүн Элмирбектей,
Арзуусуна суктандым...
Ар тарабы эталондой,
Жүрөк жибийт уккандын...
Төрт тарабы, төп келишкен,
Сүйкүм жүзү жаркырайт...
Мээрим толгон көкүрөгү,
Карегинен чачырайт...
Жакын жактан бет алышып,
Көрбөсөм да, көргөндөй...
Касиети ооздон чыгып,
Ыры көктөн төккөндөй...
Жасалма ыр курабаган,
Адамдыгы бийик чеп...
Сый-урматы аялзатка,
" Аруузаты" узун кеп...
Мен да сүйдүм Элмирбекти,
Кыргыз кыздын бирөөсү...
Карегимде калып калды,
Кайталангыс нур өңү....
Айнура Мамытова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 14
Айла жок, кайран жигит, кулгун курагында жарык дуйно менен кош айтышып, айтып буткус арман болуп, кете берди.... аттин, арман дунуйо..!