Предыдущая публикация
КУДАМА КААЛОО
60 жаш кутмандуу курагыңыз,
Кут болуп, ар дайым кубаныңыз.
Кудагый экөөңүздөр уул-кыздын,
Урматка бөлөнөөр убагыңыз.
Башыңардан кут кетпей көбөйүшүп,
Бакытка балкыгыла жетелешип.
Сүйүнүч көкүрөккө уяласын,
Небере-чөбөрөлөр төрөлүшүп.
Токсондун ары жагын ашкылачы,
Турмуштун таттуулугун таткылачы.
Ден соолук, ыйман, ырыс тегеректеп,
Мээримдин кучагына баткылачы.
Урматым менен Айнура кудагыйыңыз 🤗
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев