Китеп окуунун пайдалары кандай?
Убакытты китеп окуу менен өткөрүү пайдалуу экендигин баарыбыз тең эле угуп келебиз.
Бирок күнүнө 20-30 мүнөттү китепке арнап коюуга моюнубуз жар бербей келет. Азыр китеп окуу кандай пайдаларды алып келерин анык билип алууңуз күндөрүңүздү китеп окуу менен кооздоого жол ачат деп ишенебиз.
1. Китеп окуу стрессти азайтат. Cейилдөө, музыка угуу стресстен арылтат. Башыңызды чыңалткан бул оорчулукту жоюу китеп окуу менен андан да жеңил болорун Сассекс университетинин окумуштуулары аныкташкан. Андай абалда китеп окуу музыка угуу жана сейилдөөгө караганда стресс абалынан 2-3 эсе тез арылтат. Демек, китеп окуу - стресстен чыгуунун эң натыйжалуу жолу.
2.
Уйкусуз