Мен апамдын эң чоң уулу болсом да,
Кичүүсүндөй жүрдүм көпкө эркелеп.
Күнөөлүмүн келин жумшап калбады,
Башкалардай кырктан ашпай эртелеп.
Мен апамдын ишенгени болсом да,
Ишеничин актай албай келемин.
Канча ирет тагдыр сынап жатканда,
Билинди го бир апама керегим.
Мен апамды кубанта албай жүрөмүн,
Орундатпай көптөн күткөн тилегин.
Майрам күнү белек болсун убадам,
Быйыл саны көбөйөт деп бүлөнүн.
Быйыл апа чоң келинди жумшайсыз,
Эрте турбай каалаганча уктайсыз.
Түн жарымда мен футболдон барганда,
Эшик ачып дарбазага чыкпайсыз.
Апаң абдан жаш көрүнөт дешкендер,
Келиндерден тың экенин билишпейт.
Мага тийчү сулуу сен эч коркпогун,
Менин апам - алтын апа, тийишпейт.
Кут