Эки ай мурда 20 жылдан ашык бирге түтүн булаткан абышкам жаш келинге арзып калып, аны менен көмүскө жашай баштаганын уктум. Ошондон бери эмне ичип, эмне жеп жатканымды билбейм. Жолдошум азыр 55те, мен 53төмүн. Ортодо үч балабыз бар. Улуулары үйлөнүп-жайланып, балалуу болушкан. Кичүү кызыбыз чет мамлекетте билим алат. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Күйөөм экөөбүз тең ишкерлик менен алектенебиз. Жаңы үйлөнгөндө кичинекей батирде эле турчубуз. Иштеп жүрүп буттан турдук, балдарды окуттук. Урушуп-талашкан учурлар деле болду, бирок аны кетип калат деп түк ойлобоптурмун.
Бир жылдан бери эле башкача болуп, "иштерим менен жүрөм" деп үйгө деле токтобой калган. Жумушуна байланыштуу айылга көп каттачу. Көрсө, жаш аялга арзып жүрүптүр. Сураштырсам тапканы бир баласы бар, 35тердеги келин экен. Башында күбүр-шыбыр кепти элден уктум. Ишенген эмесмин. Андан кийин "кечирип кой, мен башка адамды жактырып калдым" деп өзү айтты. Бул окуяны балдар билбейт. "Аялын таштап башкага кетип калыптыр" деп укчумун. Бирок этибар алып, менин башыма ушул окуя келерин ойлобоптурмун. Чоң сокку болду. Балдарыма айтсам атасын биротоло жаман көрүп калышабы деп корком.
Күйөөм үйдөн биротоло кетип калган жок. Анда-санда келип, балдардыкына барып кетет. Унчуккан жокмун, жайына койдум.
азыр мен эмне кылышты билбей калдым. Балдарыма баарын айтсамбы? Биротоло ажырашсамбы же жайына койсом кайра келеби? Келген күндө деле аны менен кайра кантип чогуу жашайм? Ооба, аны жакшы көрөм, башкага ыраа көргөн жокмун. Бирок азыр колуман эмне келет. Канткен күндө аны кайра мурдагыдай жаныма кайтарып алам? Дегеле бул учурда кандай чечим кабыл алсам туура болот?
Азыр эч нерсеге каалоом жок. Чет өлкөдөгү кызыма шылтоолоп ошол жакка кетип калгым келип жүрөт. Кетип калсамбы? Суроо көп...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 33
Ошентсе да, аны менен жакшылап бир сүйлөшүп көр
Анан тиги келинге барып сүйлөшүү жүргүз
Ал келин чындап эле жакшы көрөбү же кээ бир келиндердей жеңил жүргөн неме болбосо балдар кыздарыңа ортого салып кеңешип токол кылып нике кыйдыр
Антпесе башка айла жок болуш керек
Абышкаңар жеңил ойлуу тура