Азият Кытайдан жаңы кабарды күтчү болду. Дым. Эч кабар келбейт. Россиянын бардык чоң шаарларын тинтип кыргыз, казак атуулдарды бүт териштирип жүргөн тыңчылары да Мыкы аттуу кыргызды табышпады.
Азият кийинки күндөрү табышмактуу жылан жана анын сыры жазылган китепти кошуш үчүн башкача бир ыкмасын, жолун, системасын ойлоп чыгыш керектир - деп баш катыра баштады. Анткени бир нече кылымдан бери бирин-бири издешип келатат. Так айтканда бул үч сырдуу дүйнөгө ээ болгондор издеп келатат. Ал эми үч сырлуу дүйнө тескерисинче бири-биринен түртүлүп кошулгандан качып келаткандай. Демек эгер Азият мурдакылоардын жолуна түшүп издөө, табатам да үчөөнү кошом деген аракет менен гана чектелип калса кылымдардан берки тапталган жолго түшүп чытырман токойду аралап, талаа кезип, чөл кезип акыры бир күн өзүнөн мурдакылар сыяктуу жыланга сорулуп кете бериши толук мүмкүн.
Кытайдын, тибеттин легендаларын, фольклорлорун казып окуй баштады. Кытай, тибет, япон, деги эле чыгыш акылмандарынын жазып калтыргандарын окучу болду. Анан күн сайын бир-эки саатка жакын "Бриллиант жыланды" лупа менен да өтө ири кылып көрсөтүүчү микроскоп менен да текшерип карап отурат.
Бизнестеги иштерин бүт иш башкаруучусуна берип койду. Ар кайсы өлкөлөрдөгү, соода түйүндөрүнөн ресторан, казинолорунан, фирмаларынан келип түшүүчү финансы эсеп-кысабын дайыма өзү текшерип чыкчу. Кийин аны да сырткы иштер боюнча экономист деген жардамчы алып ошого текшертип өзү жыйынтыгын гана угуп коюучу болду. Жумасына бир жолу түрлүү улуттагы тандамал сулуу кыздарды алдырып келип энеден тума жылаңач бийлетип коюп саунага түшүп сайран курмайы да калды. Айына бир жолу вертолет менен аң ууламайы да калды. Бир илимий ачылышты ача албай жаткан окумуштууча кабинетинен чыкпайт. Кабинетине эч кимдин киришине уруксат бербейт. Телохранителдери өзү чакырса гана кирет. Болбосо эч ким даап эшиктин да туткасын кармабайт. Өзү да кийинки эки жылдын ичинде картайа түшкөнсүдү. Элүүдөн жашы өтсө да кырктагы жигиттей кычырап турчу баягы Азият болбой калды.
Жаштык кумары күчүндө, ойносо оюнга тойбой турган жаш аялы Фаризат Азияттын мындай кылыгына кыйналып жүрдү. Азияттын Фаризаттан башка да эки аялы бар болчу. Элүүгө жашы таяп калган биринчи аялы өз турмушу менен алек болуп Азиятты унутуп да койгондой. Экинчи аялы күнөөнүн баарын Фаризаттан көрүп " _ Ушул шуркуяны алгандан бери Азият өзгөрдү. Бул сойку баш айлантма берди окшойт" деп келет. "Бриллиант жылан" жөнүндө үч аялынын бири да билген жок. Мурда Азияттын кабинетине каалаган учурунда кирип эркелеп жанында отуруп жүрчү Фаризатга да "Бриллиант жылан" келгенден бери эшик жабылган. Күйөөсүнүн эмне ишке мынчалык кыйналып жүргөнүнө кызыккан Фаризат нечен жолу чегип сураса да жооп ала албады.
Мурда Азият Фаризаттын келишкен сулуу келбет-турпатына кызыгып, көгүш махровый шейшептин үстүнө жып-жылаңач жаткырып койчу да сени эне төрөбөй эле мыкты скульптор ак мрамордон чегип жасагандайсың - дечү. Түрлүү түстөгү светтерди жандырып коюп ары оонатып бери оонатып түстүү фото сүрөткө тартчу. Фото сүрөт тартуу жагынан Азият чыныгы чебер болчу. Азмият тарткан сүрөттөрдү карап отуруп Фаризат өзүнүн чын эле сүрөттөгүдөй сулуу экендигине ишенбей да кетчү. Сүрөт тартып атканда Азияттын каардуулугу жоголуп жумшак адам болуп калчу. Чыныгы искусство жөнүндө кыялданып кетчү. Азыр анын бири жок.
Азиятты түйшүккө салган сырды сөзсүз билүүгө Фаризат чындап киришти. Бир эки жолу күтүүсүз үстүнө кирип барууга аракет кылды эле эшикти ичинен бекитип коет экен; атайын микрофон аркылуу уруксат сурамайын эшиги ачылбады.
Азияттын кабинетинин эшиги өзгөчө эшик эле. Кармагычын бурап койсоң дубалга өзү үнсүз жылып кирип кетип ачылчу да кайра өзү жылып келип жабылып калчу. Ал эми отурган орунтугундагы кнопканы басып койсо ичинен бекип калчу. Кайра өзү кнопканы басмайын ачылчу эмес.
Фаризат бир күнү Азият менен чогуу кабинетине келип кайра чыгып баратканда шабдалынын данегин босогонун кычыгына билгизбей таштап койду. Эшик жабылып келатып данекке келгенде кичинекей жылчык кала берди. Эшиктин дайыма так иштээрине ишенген Азият муну байкабады. Фаризат телохранителдерге Азият иштеп жатканын анын тынчын эч ким албашын катуу эскертти да өзү кычыктан шыкааламайга өттү. Үйүлгөн китептерден бир сөздөрдү көчүрүп компьютерге түшүрүп иштеп жаткан Азиятты тиктеп туруп тажап кеткен Фаризат жаңы эле кетейин деп жатканда Азият китептерди жыйыштырып коюп ордунан туруп керилип чоюлуп койду да бурчта илинип турган Айвазовскийдин "9-балл" деген картинасын алып жерге коюп аркасындагы дубалдын бетине сырты кафелденип билгизбей орнотулган сейфти ачты да ичинен жалтылдаган жылан сууруп чыкты. Жылан Азияттын колунда ойноп башын койкойто калып оозун ачканда Фаризат аз жерден өзүн жоготуп бакырып жибере сактады. Оозун колу менен басып көздөрү чекчейип кетти. Азият жылангдын оозунан ачкыч сууруп алганда ого бетер өзүн жогото таңданды. Чынында Фаризат жыланды тирүү экен деп ойлоп жаткан. Көрсө кымбат буюм тура! Ачкыч менен эми эмнени ачаар экен - деп ого бетер кызыгы аша көзүн албай демин ичине катып күтүп турду. Азият эч нерсе ачпады ачкычты колунда айлантып карап көпкө отурду да кайра жыландын оозуна салып койду. Жанатан оозу ачылган калыбында башын көтөрүп койкоюп турган жылан ачкычты жутары менен шылк кулап ийриле жатып калды.
Азият ордунан туруп жыланды кымкап менен ичтелген коробкасына салып ордуна койду да кайра баарын жымыйтып жаап койду.
Кагаздарын жыйнап бүтүп орунтугундагы эшикти ачуучу кнопканы басканда эшик үнсүз ачыла баштады. Беш-алты кадам артка баскан Фаризат жөн-жай келаткан кишиче кирип келатып бутунун учу менен шабдалынын кычыктагы данегин акырын тээп кетти да;
- Ого, эшикти ачып коюп иштеп жатасызбы. Биринчи көрүшүм. Эшигиңиздин ачык турушун. - Азият жактырбагансып сөзүн буза;
- Эмнеге келаттың эле? Мен жаңы чыгайын деп жаткам.
- А мен жана Сиздин кабинетке очкимди унутуп коюптурмун.
Чайпала басып кирип барды да үстөл үстүндөгү очкисин алды. Азият Фаризатты тикирейе бир карап алды. Көз карашында "Атайлап унуткан жоксуңбу? Бул шуркуя эмне эле мынча кылыктанып жатат?" - деген шектенүү турду. Кантсе да бир канча жылдар бою тыңчылык кесипте иштөө анын ички туюу сезимин күчтүү өнүктүрүп койгон эле. "Эмне болду" дегенсип моймолжуй караган Фаризат:
- Чарчадыңыз го. Балким биздин бөлмөгө кирсеңиз кичине массаж жасап бербеймби. Жарым саат, бир саатча эс алып алсаңыз кантет? -деди ого бетер кылыктана. Азият ичинен "Мунун эс дартынын баары бир гана нерседе. Эптеп эле эркек менен жатса" - деп ойлой Фаризаттын келишкен сулуу фигурасын бир карап алып "Кантсин. Жаштыгы деле ошону талап кылып турбайбы. Эки жумадан бери көңүл да бура элекмин. Минткеним болбос. Жок дегенде күйөөлүк милдетимди аткарып коеюнчу" - деген жыйынтыкка келип:
- Болуптур. Чын эле чарчагансып турам. Массаж жасасаң жасап берчи - дегенди укканда кубанганын жашыра албай кеткен Фаризат Азияттын мойнунан кучактап өөп жиберди.
Жанаша баскан экөө кабинеттен чыкканджа "Куюн" күтүп турган экен. Кожоюнуна ийилип учурашты.
- Эмне болду? Азият аярлап токтой калды. Куюн шыпылдап басып келди да Азияттын кулагына бир нерсе айтты. Өңү өзгөрүлө түшкөн Азият Фаризатга кайрылып:
- Сен бөлмөңө бара бер. Мен аркаңдан кичинеден кийин барып калам деди да жооп күтпөстөн "Куюн" экөө шашыла басып чыгып кетишти. Мына эми келет деп күткөн Фаризат бул түндү жалгыз өткөздү. Азият келген жок. Күтүүдөн, кусалыктан, эңсөөдөн, жалгыздыктан, бук болуудан жарыла жаздаган Фаризат ары оонап, бери оонап бирде терезеге барып түнкү гүл бакты карап, бирде жылдыздарды тиктеп, бирде көзүнөн жаш кылгыртып, бирде кичинекей назик муштумдарын түйө кыжырланып, бирде телевизорду коюп кайра өчүрүп өзүн коерго жер таппай уйку бетин көрбөй таң атырды.
Миң сан ой санаа менен аралашып баш-аягы жок суроолор жанын жеди. Азияттын колунан көргөн эмне жылан? Азиятты өзгөртүп түйшүккө салганына караганда бир сыры бар го... Кейпи дүйнөдөгү эң кымбат буюмдардан го. Азият баасын чыгарып сата албай жүргөн го. Балким башка да сыры бардыр. Кантип билсе болот?
Фаризат жөн эле сулуулугунун аркасы менен Азияттай байга тийип алып жан багып жүрө берүүчү катардагы төшөк катындардан эмес эле. Университеттин чет тилдер факультетин бүтүргөн англис, немец, фарс тилинде эркин сүйлөгөн дүйнөлүк адабият, искусство, маданият менен тааныш. Энергиясы денесине батпай турган аялдардан эле. Азияттын чыныгы жүзү ким экенин толук билбесе да божомолдоп акыл жорто түшүнүп, Азиятка жолуктурган тагдырына таарынчу. Азияттан кетем десе тирүү кубултасын да билчү.
Азият өзү айткандай "анын көзү" бардык жерден карап тураарын туйчу. Чындыгында Азият тиешелүү бөлмөлөргө микро- микрофондорду койдуруп койгон эле. Аларды күн ара текшерип угуп коюп турчу.
Эгер Азият өзгөрүп кетпей мурдагысындай чет өлкөлөргө өзү менен дайыма ээрчитип, күн ара конокторго кошо алпарып, көңүл бөлүп эркелетип турса эч убакта Азият жөнүндө жаман ойго бармак эмес. Анткени Азиятты өзү билген эркектердин ичинен чыныгы эркеги деп эсептечү. Жашынын өтүп калганынан карабай Азият кайда болбосун өзүн "чөйрөнүн борборунда" аялдардын кызыгып суктанган көзүндө алып жүрө алчу. Фаризат Азияттын жанында мына ушул силер суктанган адамдын колуктусу менмин деп сыймыктанчу.
Акыркы жылдарда эмне болуп кетти. Чын эле баарына жанагы жылан күнөөлүбү. Эгер ошол жылан күнөөлү болсо Фаризат жыланга кошуп ушул ак сарайды бүт өрттөп ийүүгө даяр эле.
Чиркин дүйнө жыланды жылчыктан көрүп койгондугу үчүн Фаризат ушул каргашалуу күнү өзүн азаптуу тагдырдын жолуна салганын билбеди. Өзүн кармап эле эмес көрүп койгондордун тагдырын, жанын оп тартып соруп коючу жылан анын жаратылыш бир берген укмуштуу сулуулугуна карабай тымызын соруп баратканын сезген да жок.
Азият Кытайдан кабар алды. Кытайдагы тыңчысы Хэ-Чан белгисиз себеп менен өлүптүр. Фаризатты күттүрүп койгонун унутканы ушунда жаткан. Хэ-Чан Азияттын өзүнүн ишин жакшы билген эң мыкты жигиттеринен болчу. Анын ордун басуучуну табыш эми кыйынга турат. Хэ-Чан бир топ изилдөө иштерин жүргүзүп, "жиптин учугун" таап китепке жакындай баштаган. Анын ордун басуучу ал билген сырларды изилдеп чыккыча көптөгөн убакыт өтөт. Балким Хэ-Чан өзү менен ала кеткен сырды эми эч кими да ачалбас.
Азият жанын коерго жер таппай каарданып турду.
Шаа (Мыкы) Бишкекке асмандан түшкөнсүп пайда болду. Алуучудан сатуучусу көп болуп кеткен Ош базарын кыдырып жүрүп Салкын эжесин араң тапты. Салкын төрт жылдын аралыгында он жылга картая түшкөндөй көрүндү. Баягы ак жуумалынан келген жайдары келин карарып, бети-башына бырыш кирип, жүдөгөнсүп калыптыр. Өзү байкаар бекен дегенсип маңдайына кичине турду эле байкабады. Базарда көп жыл отуруп көнгөн сатуучулардын адаты менен Шаанын товар кармаган колдорун гана карап көзүнө ким экен дегенсип бир да жолу тигилип койгон жок. Чындыгында Салкын үчүн колдорду кароо жетиштүү. Колдор чөнтөктөн капчык сууруп чыгып акча санай баштаса иштин оңуна айланганы, жөн эле товарды кармалай берсе катардагы бирөө. Алса да албаса да кармалай бермей адаты бар алуучулар саман. Кайсыл биринин жүзүнө карап үлгүрмөк.
- Саламатсызбы эже. Шаа үнүн көтөрө чыгарды.
Кантсе да чогуу иштеп жүрүп кулакка жат болуп калган тааныш үндү укканда жалт карады:
- Мыкы.. Мыкысыңбы?.. Ой тирүү барсыңбы деги? - Эмне дээрин билбей карбаластай түштү.
- Тирүүмүн эже, көрүп турбайсызбы.
Көздөрүн жалжылдата Шаанын башынан аягына сынай карады да:
- Такыр өзгөрүпсүң. Зыңкыйган жигит болупсуң. Деги кайда жүрдүң төрт жылдан бери?
- Россияда эже.
- Коммерция кылып жүрдүңбү?
- Анан эмне кылмак элем.
Сөздү көп узартпаш үчүн өзүнүн Москвадагы Эл аралык университетин чыгыш таануу факультетинин кытай тилинде окуганын жашырып койду. Деги эле кайда эмне кылып жүргөнүн, так дарегин эч убакта эч кимге айтпашы керектигин Кадыр атасы тээ кичине чагында эле үйрөткөн.
- Ишиң жакшы го...
- Түзүк. Россия кенен эмеспи. Андан көрөк өзүңүздөр кандайсыздар? Жезделүү болдукпу?
- Өзүбүздүн кандайын сурайсың. Жаман жагына ообосок оңолуу жагына кете элекпиз. Алуучудан сатуучу көп болуп кетти. Баягы экөөбүз чогуу иштеп жүргөндө бекер эле товар өтпөйт деп наалучу экенбиз. Анда элдин чөнтөгүндө акча бар экен. Азыркы абалыбызды айт... Кыскасы жыргаган жокпуз. Жезде жагына келсек сага жезде болууга жарачусу жок окшойт... Андан көрө өзүң жөнүндө айтчы?
- Өзүм эмнени айтайын эже. Базар кайда болсо базар да.
- Туура айтасың. Базар кайда болсо базар. Баса, жарым жыл мурдараак бир кытай келип сени аябай сурады. "Ой дайнын да билбейм" десем ишенбегенсип үйүмдү да таап барып калыптыр мен сени үйүмө катып койгонсуп. Кантип таап барды билбейм. Балдырап кыргызча-уйгурча аралаштырып сүйлөгөн неме экен. Ошондон улам сени Кытайга каттап жүргөн го деп ойлодум эле.
Шаа каштарын жыйра ойлоно калды да:
- Эже товарыңызды өнөгүңүзгө карата турсаңыз мындай чыгып бир жай жерге отуруп сүйлөшпөйлүбү.
Салкынды Шаа такси менен "Мина" ресторанына алып барды. Экөө өзүнчө кабинага кирип отурганда Салкын Шаарга чындап ыраазы боло:
- Мыкы сен чындап "крутой" болуп кетсең керек. "Мина", "Мина" деп угуп жүрчү элем бирок биринчи киришим.
- Эже "жакырдын бир тойгону орто байыганы" деп бир жакшы тамактанып коелу. Кантсе да көп жылдан бери жолугушпай калдык. Бир тууган эжемдей болуп калдыңыз эле.
- Рахмат Мыкы. Жөн эле төбөм көккө жетип отурам...
- Заказ бересизби? - "Менюну" Салкын жака жылдырды.
- Жок, мунуңа түшүнбөйм. Өзүң заказ кыла бер. Мен келип киргенибизге эле тоюп калдым.
Экөө шашпай тамактанып көпкө сүйлөшүп отуршту. Шаа Салкындан өзүн издеген кытай жөнүндө ийне-жибине чейин иликтеп сурап жатты. Салкын да колунан келишинче өң-түсүнөн бери сүрөттөп айтып берди. Ал түгүл шаардагы бир фирмага кытай товарын алганы барса ошол кытай ошол жерде жүргөнүн көргөнүнөн бери эстеп айтты. Акырында:
- Анда билбепмин да ал кытай сени кызыктыраарын билгенимде аты жөнүнөн бери билип, ал түгүл сыртынан сүрөткө да тарттырып калат элем - деди.
- Шаа Салкынды жайгарып - Мени издеген кандай кытай болду экен, - деп эле жайынча сурап атам - демиш болуп койду. Кайра базарга такси менен жеткирип келди да коштошоордо:
- Мени тааныбаган бирөөлөр сурап калса жолуктум деп да айтпаңыз. Аман болсок дагы көрүшөбүз. Муну базарда жүгүртүүңүзгө пайдаланыңыз деп 1000 доллар берди да кандай күтүүсүз пайда болсо так ошондой жылт деп жок болду.
Салкын колуна уучтаган доллардан апкарый түшүп жакшылыктуу кош бол деп да айтууга үлгүрбөдү. "Курган жаным кечинде үйдөн барып даам ооз тийип тамак ич дегенге да жарабаптырмын го" - деп калың элдин арасынан караанын таппай кала берди. Аялдык сезими менен Шаанын чоң ишке кириптер экенин туйду. "Деги эмне болсо да аман жүрчү" деп койду.
Реклама аркылуу таап алган өзүнчө бир бөлмөлүү мейманканага убактылуу берилүүчү үйдүн балконунан кечки Бишкекти карап отуруп ойго батты.
Төрт жыл билинбей өткөн экен. Бишкектин көчөлөрүндө иномарка машина батпай кетиптир. Англис тилинде жазылган, латын ариби менен түрк тилинде жазылган жарнамалар көбөйүптүр. Бишкектиктер жөн эле чет элдиктердей кийинип калышыптыр. Көчөдөгүлөрдүн кийингендерин карасаң москвалыктардан деле айырмасы жок. Ал эми базарды араласаң жалпы элдин турмушу жакырланганы көрүнүп турат. Кайырчы жокко эсе болоор эле. Толуп кетиптир. Шаардын элинин саны да көбөйгөнү байкалып турат. Уйкусу качып оо көпкө отурду.
Шаанын жүрөгүн катуу дүпөйүл кылган аркасынан сая түшүп издеп жүргөн кытай эле. Анын ким экенин Салкын айтканда эле билген. Кадыр атасы эртедир-кечтир изине түшкөндөр кыргыз жергесине келээрин, ал түгүл Шааны да таап алышы мүмкүн экенин нечен эскерткен. Кытайдын аты жөнү ким? Кайра Кытайга кеттиби же Кыргызстанда Мыкыны издеп жүрөбү? "Шаа" - деп атын өзгөрткөнүн билеби? Суроо көп, жооп жок. Жалгыз карындашыма барып учурашсам кантет? Балким кытай карындашымдын үйүн сыртынан аңдытып койгон болсочу?
Алгач Салкын айткан фирмага барып астыртан иликтеп билмек болду. Фирмада иштеген котормочуга Шаа сырткы келбетин Салкындын айтуусу боюнча сүрөттөп айтып бергенде эле шап жооп берди.
- Түшүндүм сиз Хун-Лини издеп жүрсөңүз керек. Ал киши сизден товар алам деди беле? Же Сиз ал кишиге карызсызбы? Себеби Хун-Ли эч убакта өзү эч кимге карыз болбойт жана жалган сүйлөбөйт. Буга мен толук ишенем - деп быдырап кирди.
Шаа тигинин толук укту да. Анан "Сиз туура айтасыз, Хун-Лиге мен товар тапшырып, чогуу иштешип көрөйүн дедим эле. Анткени анын ишеничтүү адам экенине ынанган элем. Анын үстүнө жакын таанышым да эле" - деди.
- Тилекке каршы Хун-Ли кайра Кытайга кеткенине жарым жылдан өтүп кетти. Эгер сизде товар бар болсо мен сизге Хун-Лидей эле чынчыл, ишеничтүү адамдарды таап бере алам - деди шыпылдай.
- Рахмат. Мен жакында Кытайга барышым мүмкүн. Сиздердин Кытайдагы фирмадан Хун-Лиге жолуга аламбы?
- Мен так айта албайм сөзсүз жолугасыз деп. Бизде коммерсанттар көпчүлүк учурда убактылуу алынат. Ошондой болсо сөзсүз жолуккуңуз келсе дарегин билсеңиз болот - деди да суурмасынан кытайдагы фирманын дареги жазылган визитканы суурууп Шаага берди. Шаа "рахмат" деди да шарт бурулуп чыга жөнөдү. Сайрап көп сүйлөгөндү жакшы көргөн тилмеч Шаадан "Сиз өзүңүз ким болосуз" - деп суроого үлгүрбөй калды.
Шаа билиминин калганын Пекинден улантууга жолдомо алган эле. Ал үчүн Пекин университетинде бир курс төмөн отурууга да макул болгон. Эптеп жүрүп көздөгөн максаты Кытайга кирүү болчу. Тааныштан тааныш салып, акчаны уучтап берип жүрүп жетти. Бишкекке Пекинге учаардын астында туулган жерин көрүп, бир тууган карындашына учурашып коюш үчүн гана кайрылган. Бекер келген эмес, минтип баасыз жаңылыктын ээси болуп отурат. Убактысы тар болгондуктан көп кармалбай жолго чыкты. Кантсе да каны бирге эмеспи карындашы байкесинин аман экенин көргөндө бир ыйлап, бир күлүп эси ооп калды.
Кетээринде "кем карчыңарды толуктап кичине бутуңарга туруп алгыла" деп 5 миң доллар берди. Карындашы да күйөө баласы да акчаны көргөндө эстери ооп кала сакташты. Кандай рахмат айтаарын да билбей калышты. Карындашы "Карызга белчеден баттык эле. Кудайдын да бизге боору ооруган экен" деп ойлоп жиберди. Байкуштар нанга араң өп-чап жетип калган турмушта экен. Ошентсе да күйөө балас бир козусун союп коноктоп жан-алы калган жок.
Шаа өзү жөнүндө эч нерсе айтпады. Атын өзгөрткөнүн да билгизбеди. Болгону Россияда коммерция кылып жүрөм. Бир шаарга туруктуу турбайбыз. Кыдырып жүрө беребиз. Кам жебегиле өзүм кабарлашып турам - деп койду.
Бул жолу Москвага самолет менен учту. Андан Пекинге жөнөмөк. Бүт документтери бүтүп ал түгүл билетин да алып койгон.
Кемелдин колуна "Бриллиант жылан" кандайча тийди өзүнчө таржымал. "Каражылан" астын ала айткандай Кемел түрмөдөн чыгып келгенден кийин жарым жыл өтпөй областын апийим даярдоо бөлүмүндө иштеп калды. Даярдалган апийимди республикага тапшырууга келгенде чогултулган апийимге атайын даярдалган кошулмалар кошулуп салмагы көбөйтүлөт. Ашкан салмак солго кетет. "Каражылан" ишти ушунчалык тыкан уюштурган экен, лабораториядагы ишенимдүү адам салмагы текшерүүдөн комиссия аркылуу өткөн товардагы кошулманы жалпы республика боюнча түшкөн апийимдерден чыккан калдык катары кайра бөлүп салат.
Кемел товарды мерчемдүү жерге жеткизет да акчасын алат. Тиешелүүсүн ай сайын "Каражыланга" жеткизет. Калганы өзүндө калат. Өзүнө жардамга көп да жигит күтпөдү. Болгону түрмөдө чогуу жүрүп ишенимине кирген Игорду алып жүрдү.
Кылмышкерлер дүйнөсүнө тереңдеп аралашып Казакстан, Өзбекстанда өткөн "разборлорго" катышып жүрдү. Чоң-чоң разборлор болгондо "Каражылан" Кемелди дайыма чакыртып алып Азиядагы "авторитет" катары катыштырчу.
"Каражылан" Кемелди сөзсүз тез келсин. Бардык ишти жыйыштырып коюп келсин" - деген чакыруусун алганда кезектеги "разбор" болот экен деп ойлогон. Андай болбоду тескерисинче "Каражылан" өлүм алдында жатыптыр.Балтырынын ички бетине бармактай жара чыккан экен. Катардагы жаралардын бири катары догдурга барып кестирип салса күчөп кетиптир. Көрсө рак экен. Кемелди эле күтүп жаткансып кыйналып араң айтайын дегенин айтты да көз жуумп кете берди. Кемел үчүн "Каражыландын" өлүмү жер көчөкөндөй болду. Бир тууган агасынан да жакын болуп калганын айрылгандан кийин билди.
"Каражылан" Кемелге "Бриллиант жыланды" калтырганы менен анын сырын толук түшүндүрүп жеткире айтып бере албады. Ошондуктан Кемел жыланды сактоочу гана болуп келди. Анын сырын ачууга кызыккан да жок. Кичине да аракет кылбады. Жыландын сырын ачууга кызыгыш үчүн анын тарыхын билиш керек эле. Ошондой эле фанатикалык ишеним менен жыланга арбалуу керек болчу. Кемелде мындай болгон жок.
"Каражыландын" Кемелден дагы бир суранычы - бирөөлөргө 600 кг апийим берет экен ошону сөзсүз берип коюуну өтүндү. 400 кг бергенде байланыш үзүлүп калды. Кийин байланыш уланганда Көл өрөөнүндө апийим айдоо токтоп калган. Ошентип 200 кг апийимин бере албай калды.
"Каражылан" өлгөндөн кийин Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кавказ кылмышкерлер дүйнөсүндө чоң "разбор" жүрдү да кожоюндукту кавказдыктар алып кетти. Кемел бул "разбордо" көлөкөдө кала берип, астыга жулунбады. Ага Көл менен Бишкектин аймагын ыйгарышты.
Кылмышкерлердин дүйнөсүнүн да өзүнүн жашоо мыйзамы бар. Муну Кемел барган сайын мыкты өздөштүрө баштаган эле. Сыртынан уулдап-дуулдап акча дегенди уучтап жүргөнү менен ичинде бычактын мизинде турганын эч убакта эсинен чыгарчу эмес. Бир капталыда мамлекеттик мыйзам менен бийликтин тору жайылуу турса, экинчи капталында кылмышкерлердин сотуна түшкүчө мамлекеттик мыйзамдын сотуна түшкөн жакшы. Эртедир-кечтир жаңылыштык кетирээриңди да билесиң. Кайсыл жагына болсо да жооп берүүгө дайым даярдык болот.
Аялзатына анчалык терең маани берип көңүл бөлбөгөн Кемел үчүн сүйүү махабатына кабылуу күтүүсүз болду. Сүйүү Кемелди кылмышкерлердин сазынан сууруп алды. Сүйүү Азиядагы атактуу баш кесерди катардагы боорукер адамга айландырды.
Мындай бурулушка чыныгы жүрөктү жарып чыккан сезим гана жеткирмек.
Бир буту Көлдө, бир буту Бишкекте болуп иштей албасын түшүнгөн Кемел тааныш досторунун каршы чыкканына карабай борборго которулуп келди.
Канча бир жылдан бери жанында жүрүп бир чети телохранители, бир чети жан досу болуп калган Игор да Кемелдин күтүүсүз өзгөргөнүн түшүнө албай жүрдү. Жумуштан келет да китеп окумуш болуп ооналактап жатат. Игорь болсо досун бул "оорудан" кантип куткарып кетсем деп өз алдынча баш катырып жүрдү. Алгач маани берген эмес. Бир аз кызыгы тарагыча жүрөт да анан баарын унутат. Унутпай көрсүн андан да сулуураак кыздардан таап койнуна салып койсом Гүлсарасынын атын да таппай калат - деп ойлочу.
Бара-бара иштин андай эмес экенин сезе баштады. Бир-эки жолу кыздарды апкелип көрдү эле Кемел жолобой койду. Кирген буурадай күпүлдөгөн Кемел жок. Сопу. "Иштеген жерден отпуска алып Крымга эс алып келбейлиби" - десе да болбоду. Игорь өзүнчө "Тобо чын эле сүйүү деген да болобу" деп коет. Кайра ишенбей кетет да "Кайдан жөн эле убактылуу болуш керек. Баары өтүп кетет" деп өзүн сооротот.
Кемел шаарга келгенден кийин Гүлсара менен байма-бай жолуга баштаган. Өз ичинде: "Гүлсара деле мени жактырып калды окшойт", - деп кыялданып жүрчү. Ал түгүл эртерээк үй сатып алып үйлөнүү жөнүндө сунушумду айтайын деп камдана баштаганда күтүүсүз сокку жеп отурбайбы. Жегенде да ушунча эси ооду бир жума жумушка чыкпай үйдө ичип жатып калды. Кемел үчүн жашоо бүткөндөй болуп кетти. Нечен жолу бычактын мизинде, өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганда да мынчалык өзүн жоготкон эмес. Эч убакта башка түшкөн убайды арак менен жууп салууга мүмкүн эместигин да билчү. Мыначалык жумалап арак ичип жатып калганын Игорь да көргөн эмес. Ичишине бешинчи күн болгондо Игорь эки яүик арак алып келди да бүт бөтөлөкөсүн бошотуп чоң мискейге куюп туруп мискейди Кемел жаткан дивандын башына көтөрүп келип койду да чоң чөмүчтү жанына коюп "Бул эмне кылганың" деп түшүнбөй тиктеп калган Кемелге:
- Мына бөтөлкөнү ачып убара болуп жүрөсүңбү. Чөмүч менен суз да ура бер. Түгөнгөндө айтып кой дагы апкелип куюп коем. Канчага чыдаар экенсиң көрөйүн. Мына ушинтип ичсең көп болсо үч күндө бооруң эзилип тиги дүйнөгө сапар тартасың - деди да жообун күтпөй чыгып кетти. Үйдүн ичи арактын жытынан жарылып кете сактагыдай болуп турду. Жүрөгү айланып көзү тунара түшкөн Кемел окшуп окшуп кусуп ийди да;
- Игорь алып кет. Алыпкет дейм азыр өтүңдү тирүүлөй суурам! Алып кет! - деп кыйкырган менен Игордон жооп болбоду. Калчылдап ордунан тура калып, мискейди тамтаңдай көтөрүп эшикке чыкты да арагы менен кошо акыр-чикир салган бочкеге ыргытты. Өзү үйдүн эшигинин алдындагы отургучка отура калып ичеги боору үзүлгүдөй окушуй окшуй кусту. Анан эси ооп жыгылып калганын билген жок.
Эсине келсе ооруканада экен. Ууланган канын тазалаш үчүн канына тамчылатып дары куюп жатышыптыр.
Көзүн ачты да маңдайында ак халат жамынып тиктеп турган Игорго:
- Игорь турарым менен өтүңдү тирүүлөй суурам. Буга ишеним кой -деди алсыз.
- Менин өтүмдүн эч кимге пайдасы жок досум. Аны сага суурттуруп убара кылбай эле ошончо керек десең өзүм деле кесип берем. Меникин коюп сени ушул абалга жеткизген жанагы шуркуянын өтүн сууруп жутуп ийсең оңолот элең.
- Тилиңди тарт Игорь. Ал шуркя эмес. Кантсе да сөзгө жыгылып шылкыя түштү.
Аңгыча эшик тыкылдап Гүлсара кирип келди. Аны жаман көзү менен бир тиктеген Игорь экөөнү калтырып эшикке чыгып кетти. Баарын Игордон укса да билмексенге салган Гүлсара;
- Эмне болду, Кемел байке?- деди жанына жакын отуруп колдорун кармалай. Кандай жооп айтарын билбей шаша түшкөн Кемел
- Билбейм тамактан ууланып калсам керек. А сен кайдан уктуң менин ооруканада экенимди.
- Игорь айтты.
- "Звер" сөзсүз сени соет экенмин. Гүлсара түшүнбөй калды да:
- Эмне дейсиз?
- Аа, жөн эле. Жанагы Игорь деген шүмшүктү биз "Звер" деп коебуз.
- А эмне айтпа дедиңиз беле. Мени көргүңүз келбей жатабы.
- Жок... Жок... Кемел калдастаганынан өзүн унутуп ордунан тура сактады. Кантсе да медик эмеспи. Гүлсара илгиртпей кармап калбаса каруусундагы ийне чыгып кетиши да мүмкүн эле.
- Жатыңыз... Жатыңыз... Сизге турууга болбойт. Кайра кыймылсыз жатып калды. Экөөнүн көз каректери чагылыша түштү. Мынчалык бири-биринен көздөрүн албай тиктеше элек болушчу. Кемелдин карегинен тамчы жаш сызылып чыгып ылдый тоголонду. Бычакты мизинен тайманбай кармай алчу баатыр сүйүү күчүнө кор болуп тизе бүгүп чөгөлөп ыйлап турду. Эх, өмүр табышмагың сансыз беле.
Гүлсаранын да карегинен сызылып жаш куюлуп, улам Кемелге жакындап баратты. Кыздын үлбүрөгөн назик эриндери жигиттин борбойгон калың эрдине тийгенде Кемел үчүн дүйнө астын-үстүн болуп бараткансып, ушунун баары түшүндө болуп жаткансып көздөрүн жуумп жиберди. Жүрөгү тим эле көкүрөк сөөгүн тешип сыртка атып чыкчудай уруп тыбырап-тыбырап турду. "Мына эми өлсөм арманым жок" деди Кемел. Эрдиңе эрдим тийип жытыңды искеп койгонумдун өзү да бир жашоо" -деди жигит.
- Мен сендикмин! Мен да сенсиз жашай албасымды түшүндүм. Ушуну айтайын деп атайы келдим. Кечирчи мени өткөндөгү терең ойлонулбай айтылган сөздөрүм үчүн деди кыз.
Кемел уккан кулагына ишенбеди. Көздөрүн бакырайта ирмегилей Гүлсараны тиктеп алды да:
- Гүлсара чын элеби? Жөн эле аяп айтып жаткан жоксуңбу?
- Чын сөзүм! Кемел экөөбүз жолугушпай калган эки жума мен үчүн эки миң жылдай болуп кетти. Өз күнөөм үчүн өзүм азап чегип эки жума көз жашым кургабады. Мен сенин кучагыңда гана бактылуу боло алам, Кемел.
- Гүлсара... Гүлсара... болду... Болду сүйлөбөчү. Мага аба жетпей баратат.... Өмүр тумарым менин. Ийне салынбаган колу менен имере кучактап өзүнө кысты.
Кемел үчүн мындан ашык дарынын кереги жок эле. Догдур кирээри менен "мен айыктым чыгарыңыз", - деди. Чын эле кубарган өңүнө кан жүгүрүп кызарып жадырап калган. Догдур Гүлсараны бир карап алып "Кийин догдур болгонуңда да оорулууларды ушинтип бат айыктырсаң сенден дүйнөгө аты чыккан догдур чыгат го" деди тамашалай. Мединституттун студенти катары Гүлсараны жакшы таанычу эле.
УЛАНДЫСЫ БАР....
Ч. АБЫКЕЕВ
#бриллиантжылан_элдик
Комментарии 8