Бир киши тоту куш сатып алат экен да, үйүнө алып келип,капаска салып,бага баштайт .
Бирок,тоту кушу эч эле сүйлөбөйт.
-Чоочуркап атса керек,- деп,эки үч күн жөн коёт бирок ,дагы деле сүйлөбөйт.Аргасы кетип жемин көбүрөөк берип, сөз сүйлөп,кайталатып көрөт, сүйлөбөйт,ачка коёт, сүйлөбөйт.
Акыры бир күнү ачуусу келип,тоту кушту капастан алып чыгып алып,
- Сүйлө,сүйлө,- деп жүнүн жулуп,кыйнап көрөт, тоту куш сүйлөбөй коёт.
Аябай ачуусу келип,
- Сени карап тур, эртең бир жолун табам,- дейт да,капаска да камабай,тоокканасына алып барып,тоокторуна кошуп камап салат.
Жарым сааттай өткөндө тоокканасы тапыр ,тупур болуп,тооктору какылыктап калат.
-Эмне балээ болуп кетти,-деп барса,
тоту кушу бир тоогун басып алып,
-Сүйлө,сүйлө,- деп,тооктун жүнүн бирден жулуп аткан имиш.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9