---------------------------------------------------------------
Сүймөнкул Чокморов 15 жашына чейин муун оорусу менен ооруган. Туулгандан баштап бир бөйрөгү болгон эмес (поликистоз). Ушуга карабай өзүн аябастан иштеп, ролдорду дублёр-каскадёрсуз ойногондуктан, 1982-жылы апрель-май айларында катуу бөйрөк оорусуна чалдыгып, өпкөсүнө суук тийген.
1992-жылдын сентябрь айына чейин жалпы наркоз менен бөйрөгүнө, кан тамырларына 56жолу оор жана кымбат операция жасалган, аны негизинен дүйнөгө белгилүү москвалык профессор О.С.Белоусов жасаган, башкача айтканда, гемодиализ менен, катуу режимди кармап жашоого мажбур болгон (бир күндө эки стакан гана суу ичкенге уруксат беришкен).
Ар бир эки-үч күндүн ичинде “Фристул” аппараты менен каны тазаланып турган. Ал эми Кыргызстанда болсо, каражат жетпей калганда, бир нече жолу операцияны хирург-профессор Макен Намазбеков жасаган. Канча кыйналуу, канча азап, канча убара, канча чыгым менен жасалган операциялар!
__________________________________________
"Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй..."
Сүрөттө советтик кыргыз актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов уулу Бактыгул менен. Фрунзе, 1970-жыл.
Сүрөт Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер архивинин фондунан алынды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9
Ар бир адамдын бул жашоодо туягы калганы жакшы го