6- бөлүм
Жол азабы , көр азабы - деп бекер айтылбаса керек . Уктап ойгонуп тамактанып , кайрадан сапарды улап олтуруп Ош жергесине да жетип келдик. Эми мен башка жолго кетүүгө туура келди. Канчалык баарын эш тутуп ,караан кылып келе жатсам , баарын таштап кеткен убак жетип калды. Ошто күн жылуу болуп жадыраган жаз келип ,жер бетине жашыл килем жайып коюптур. Мырза ага мага кайрылып
- Азамат жигит , мына эми сени башка машинага салып жиберем . Кана Салима апаң берген кагазды мага берчи?
Койнумдагы каткан кагазды алып сунганда эле Кара - Сууга кеткен маршрут издеп калды.
-Жүрү балам сени узатып андан ары биз да жолубузду улантып кетели. Баары менен коштошуп артынан ээрчип жөнөдүм. Менде жүк да жок эле. Азык - түлүк да түгөнгөн. Жеңил гана артыма арта салып илкий басып бараттым. Аз баскан соң бир кишиге аябай дайындап , анан мени далыдан таптап
- Тагдыр балам, мен эми кеттим. Сени бул агаң алып барып дагы башка маршрутка дайындап салат түшүндүңбү? Кана колду бер . Сен акылдуу баласың. Аман бол балам.
Терс бурулуп кете берди. Көзүмдөн жаш тегеренип , кеткен жолун күзөтүп калып кеттим.
-Ээ балам атыңды айтчы? Күркүрөгөн үнү менен мага тигиле.
- Тагдыр .
- Кайдан келе жатасың?
- Нарындан.
-Жакшы экен ,бул жакка кимди издеп келдиң.
- Инилерим менен атамдын туугандарын. Жооруксуз суроо бергендей ,жаман көрүп олтуруп алдым.
- Азыр Кара - Сууга барасың. Андан ары да маршрутка салып коём . Кете бересиң ээ , үйүн билесиң да .
- Жоок , билбейм . Башымды чайкап койдум
- Түшүнүктүү. Олтура тур. Курсак ток беле.
- Ооба, башымды ийкеп гана койдум. Мен сага суу алып келейин .
- Макул деген боюнча ,олтурган ордумда кыңкайып уйкуга кеттим. Канча убакытта жылганын билбейм элдердин ызы чуусунан ойгондум. Бирок көзүмдү толук ача албай кыйыгы менен элдери карап койгон болбосом бурчка тыгылып эле калыпмын. Үйдөн алыс чыкпаган жаным жат эле көрүнүш болуп баратты. Жеткенче уктап бараткандай гана телмирип көзүмдүн астынан тиктеп коюп бара жатып улам токтоп адамдар түшүп калса , ордуна башка адамдар чыгып толуктап жатты. Бир мезгилде гана элдин баары түшүп кетти , ошондо гана шофёр мага карай;
- Ээ жигит келдик ,тур эми - каттуу үнүн чыгарып. Ойгондуңбу? Көзүмдү ачып жумуп ,ордумдан козголуп жерге түштүм.
Мен да ошол айылга барам ,бирок кеч тааныштарым болсо сени салып жиберейин . Узак жолдо чарчап келдиң.
- Жүр биринчиден сенин курсагың ачты. Тамактанып алалы ,сен эмес менин да курсагым ачты. Тартынбай бас балам , менин да балдарым бар сендей. Айылга барсаң таанышып дос болосуңар. Жакын жерде тамактануу жайга алып кирди, Ичи анчалык деле кооз болбогону менен эл жык жыйма экен . Чекеден араң орун таап жайгашып алдык.
-Кана балам эмне тамак жейсиң?
Мен шорпо ичейин көштү көп салып берет . Оштун тилинде сүйлөдү окшойт ал эми мен эт деп үйрөнүп калган элем.
-Билбеймин -деп ,жооп бердим.
-Кантип не жегиң келди шашылык, бешбармак лагман деген түрдү тамактар бар. Айт айта салгын.
- Манты барбы?
- Бул жерде баары бар балам.
-Бизге бир шорпо, манты бергиле. Бир чайнек чай карадан эле. Эки нан бере салгыла каралдымдар. Батыраак даярдай салсаңар жакшы болмок.
-Тамак келгенче экөөбүз сүйлөшүп отуралы . Кана айтчы , кандайча келип калдык. Ал жактагылар аманбы?
- Жакшы , шүгүр баары тынч аман. Кышты узатып ,жазды күтүшүп ак карга чүмкөнүп турат. Келгениме себеп менин инилерим калган , мени алып кетишкен эле. Бул жакта атамдын туугандары бар. Экинчиден киндик кан тамган айылым көздөн учуп , сагынып ,уктасам түшүмө кирет. Ошондон да элим ,жерим - деп издеп келип олтурам . Дал эле чоң кишидей жооп бердим.
-Аа бали ,азамат жигит болупсуң. Мына тамак да келди кана дасторконго кара. Чоң адамды кичинертип койгондой экенсиң. Өмүрлүү бол алтыным.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11