0 комментариев
    0 классов
    0 комментариев
    0 классов
    0 комментариев
    3 класса
    0 комментариев
    0 классов
    КЫЗ БАЛА --БЕЙИШИҢ Адамдын мүнөзүнө кайсы бир окуя таасир этет тура... Өзүн бул жашоонун ээси сезип алган, оюндагысы аткарылбай калса, айланасына тынчтык бербей, чырды салган иним бар эле. Ошол иним экөөбүз туугандардын жакшылыгына бир барып калдык. Мүнөзү токтоо тартып, омоктуу сөз сүйлөп калганын байкадым, бирөөнүн сөзүн бөлүп, өз оюн таңуулаган мүнөзү жоголуптур. --- Ушу сен чын эле адам боло баштаган окшойсуң, мынча тез токтолот деп ойлобоптурмун. Менин сөзүмдү төрдө отурган байбиче энебиз коштой кетти: --- Туура баамдапсың, мен да таң калып отургам. Эми, туугандар мурдагыдай катташпай калдык, улам муун алмашкан сайын, алыстай берет экенбиз. Ошентсе да, мен көргөн жээним бө
    0 комментариев
    5 классов
    #ЖАЙЛОО КЕРЕМЕТ 2-БОЛУМ Бир күнү түшкө маал чен эле, сыртта жүргөм. Апасы менен саймалуу баштык көтөрүнүп, жанында башын бир жагына сал кыйшайтып; бир колунда чака, бир колу апасынын колтугунда,биз тарапка, алар өрлүктөп келе жатышат... Бүгүн Арпанын үлбүрөк жели биз жакка жортуп, ак булуттардын баары жылып келе жаткандай,Эми менин Жылдызым жакындап келе жатат! Ал мени тикийип тиктеп жылып, жакындап жаткандай сезилип, алыстан эле мени апкарытты. “Дагы бир таттуу кыялымбы, же кызык жомокпу?” деп ойлоп ийем? Жан дүйнөмдүн толкуганын айтпа!... Таманымдын алдынан жер көчүп кете жатты... Атасын мурун көрө элек болчумун. Ал бир аз кечигип, атын минип келди. Көзү чекир, сары, орто бойлуу, толук киши экен. Аттан түшүрүшүп жатсам, -Ой,бала! Балык кармаган жигит сенсиңби-ыя! Балыгын ширин экен. Жедик. Чоң, рахмат! Күлүп, мени жайдары карады. Бир чака ак каймактаган таруу бозо, козунун устукан эттери, боорсок алып келишиптир. Бир кезде куда да кирип келди. Баржакташып, бозодон сооруп, жергиликтүү жайлоодогу жаңылыктарды маектешип, олтурушту. Биз болсо аларга байкатпай өз сыр дүйнөбүзгө кирип кетип, алар менен ишибиз жоктой болот... Байкап калаарынан да капарсыз болуп, учуру келе калганда,тайманбай тиктешип отурабыз. Чоочулоо, оюбузду жашырып турууну токтоткон да, сезгибиз да келбеди... Анткени көздөрүбүз өздөру эле каалап кезигишип, арбашып калган. Алар сөзгө алаксышып жатышат. Сезимдерибизди карманууга аракет жасап көрсөк, болбоду? Каяка каректерибизди жашырбайлы, табышып алышат! Ортодо бир күчтүү магнит пайда болгондой сезилет. Бирок кыз эмеспи, жалтактап, жүзү кээде кызарып кетет, эликтикиндей көздөрү; таңкы Чолпон жылдызындай бакырайып, жайнап да калат! Бул жолугушуубуз үнсүз болсо да, өзүнчө бир керемет эле! Жашоого тойбогон өмүрүбүз, жылдыздын учкунундай көзүбүздөн жаркып, өзгөчөлөнгөн бир табышмактуу кумарды сезип турдук!...Бул мурун өмүрүбүздө эч болуп көрбөгөн, экөөбүзгө гана тиешелүү сыр-табышмак эле? Жайлоонун зор кенендиги, эркин чабыттаган сырдуу дүйнөсү, биздин да жан-дүйнөбүздүн жакындыгын сезип, бириктирип жатабы?! Аны толук билбесек да, жүрөгүбүз менен сезип жатат...Кыркын иши башталып жатыптыр. Жылдыздын атасы Жумабектин коюн да кошуп, кудам чогуу кайтармай болду. Мен эми бул жерге Жылдыз жок болсо, жалгыз кармалууга эрким жете тургандай эмес? “Мен дагы кыркынга кетейин!” Кыркын пункт, өйдө биз жактан агып келген шарылдак- Шатырак суусу жана туурадан жайык агып жаткан Каракол суусунун куймасына жакын жерде жайкашкан. Кыркылып чыккан койлорду купкеге (кралинге) салганга чоңуурак өспүрүм балдар керек болуп жатыптыр, жети бала чогулдук, эмгеги да жакшы төлөнөт экен. “Окууга да түзүк каражат чогултуп алайын!” Ошол жумушка чегилдим. Күнүнө алты короо койду салабыз. Жаш жандыктары; козу, токту-боруктар оңой эле салынат, атайын тосмо короодон кыстап койсоң эле болду, тайыз, жайыл суудай көрүшүп кралин аралашкан ыссык сууга, секире беришет. Алты-жети жаштагы, торпоктой болгон чар ириктер, “заки” болушат экен, купканын сырын мурун билишет, бизге карматпай, же жатып алышат, күч колдонбосо секиришпейт. Аларды бирден сүйрөп, балбан күрөштөй күч сынашып, араң салып, бүткөндө, эсибиз ооп калат. Карыган соолук койлор да бир топ эсиңди алат. Жылдыздын атасы кой кыркат. Боз үй тигишкен. Апасы менен Жылдыз, сырттан жардамга келгендерге тамак жасап беришет. Берки сиңдиси жана иниси кыркмачылардын жүнүн ташышат. Тамакты Жылдыздын өз колунан сунган идишинен ичип жатканыма, аябай маашырланам. Кыялымда кандай бакытка бөлөнөм дейсиң! ”Мага гана атайын тамак сунуп жаткан колуктумдай элестетип, жыргай берем!”Анын күндөй жаркыган жылмаюсун, үч маал тамактануу маалында кезиктирип, жумушта чарчаганым учуп кетет, жеңилдей түшөм, күч-кубатым толуп турат. Дайыма аны көргөндө, жомоктун ичинде жүрөм. Бирок ал жетишсиз болуп, жолугушууну самап, кээде түтпөй кеттем. Акыры бир кичинекей кагазга жазып; ”кечинде жолугушалы”деп, байкатпай көк халатынын чөнтөгүнө салып койгом. Анан кеч кирер менен боз үйдүн эшигин саагалап, күткөнүм ошол күнү азап болду. Көрсө эрте барып алыптырмын... Түн айсыз карангы мезгили эле, асман көзгө сайгыз карарат. Жообун да алган эмесмин. Мына убакыт даана кордук болуп туруп алды. Күтүп жатып, убакыт созулганда, кайра күмөн санап, үмүтүм улам азайып, азабын тартып кирем. Көптө гана, түндүн ортосунан өткөн кезде, жатактарда, жалпы жарык өчкөндө, анын боз үйүнүн жарыгы кошо өчүп, эшиги акырын “кыйч” этип калды. Анан бир караан боз үйдөн чыгып, үйүн айланып жүрдү. Мен башында ал караанга жакындагандан чоочулап, батына албай турдум. ”Жаңылып калгандан” корктум. ”Кимиси чыкты экен?” Биле албайм? Бир кезде караан ордуна катып токтоп, айланасын тыңшап калгандай болду. Акырын “чүчкүргөн” үндү да уктум. Анан чыдамым кетти. Түз эле жакындап бардым. Ал биринчи акырын үн катып ийди. -Бул ким? Үнүн ошондо тааный коюп, -Мен!.. Акырын киркиредим. Үн чыгарбай, кучакташып калдык! Колуман ал жетелеп, түнүчүндө Шатырактын суусу кирип, “шаркыраган” добушу жетип жаткан жакка бет алдык. Бирок көзгө сайгыз түндөн чоочулап, сууга жеткен жокпуз. Анын үстүнө Шатыраак суусу катуу кирип жаткан экен; бирде катуу, бирде үнү жапыздап шарылдап, таштарда агызып, күлдүрөп калат. Асманда жылдыз толо экен, мурун санаа тартып байкабаптырмын, алар эми бөлөкчө жымындашат, көздөрү чоң ачылып балбылдашат. Бир кезде Арпанын түнкү жорткон, салкын, шайыдай жели, денебизди аймалап, муздатып кирди. Жылдыз жумшак, назик үнү менен, -Мени көпкө күттүңбү?... -Эч нерсе эмес! Мен сенден жооп ала албай калып, кичине сарсана эле болдум... -Үйдөгүлөр баеле жаткан, бирок мен, сенин күтүп жатканыны сезип турдум. Тегеректеги эл жатсын, дагы эртең мененки тамактын камын көрүп, ага даярданып, идиш аяктарды жууп-тазалап, жетише албай койдум. -Дагы, сага; “жообун бербей калдым, бүгүн келбей калдыбы?”-деп да чоочуладым? -Жылдызка, сен үшүп кеттиңго? Мени бир карасаң; “жаңы көйнөк кийип, сага жакшы көрүнөйүн!” деп, курткасыз келгенимди?... -Жайлоодон, караңагыда, “кайсы моданы мага көрсөтөйүн дедиң?” кыт-кыт күлдү... -Кой, эми сен үшүп кеттиң? Денесин кайра өзүмө тартып, кучагыма ородум. Жүрөгүбүз дүкүлдөп бирге жана бир убакта согуп кирди. Жылдыз дагы, -Буга чейин, биз үнсүз эле бири-бирибизди түшүнүшуп келдик, ээ?... Мен кээде ошого таң калам? Жоолуксак, көзүбүз менен тиктешип, жүрөгүбүз менен сүйлөшүп жаттык. Морзе белгисинин тыбышын уккандай, жүрөктөр түшүнүп жатышты-ээ! Бул бизге гана тийешелуу табышмактуу сыр дүйнөбүз го! Тангаларлык? А чынына келсек, бизди ким сүйлөштүрүп жатат! Кандай дейсиң?... -Сүйүү, сүйүү жана сүйүү! -Деген күчтүү сезим! Аны экөөбүз гана сезебиз, ошондуктан бири-бирибиздин жан-дүйнөбүз менен, үнсүз байланышып жүрдүк! -А мени кантип сүйүп калдың? Биринчи көргөндө элеби же качан? -Биринчи көргөндө эле! Ал сөзүмө жетине албай, назданып, кучагыма денесин ыктайт, көңүлдөрүбүз эбегейсиз көкөлөп, кыялыбызда деңиздин тоодой бийик толкунунан, шуулдаган кара-көк суусундай көбүрүп-жабырып, ак көбүгүн бүркүп жана үстүнөн өркөч толкундарына канатынын учу чийип, ойкуп-кайкып, тайманбай чаркылдап учкан, ак чардактардай сезимде сыбызгыйбыз. Бойго жеткен Жылдызымдын денесинен ургаачыга таандык, жыпары сезимиме кирип, сырдуу кумарга мени оройт. Жылдыздар жабалактап асманга батышпайт. Алардын эрмеги биз окшойбуз! Шыкалашып жандары тынбай, чуркашканда, таманынан от чыгат, кээде бизди талашып, ызылдашып кетишип, тыс-тыс эткен үндөрү жаңырат. Арпа жайлоосунун түнү бүгүн өзгөчө көшүлүп жаткансыды, карарган түндөн айланадагылар эми магдырашып кирди, уйкууга камынып калышкандай. Жумшак, шайыдай үлбүрөгөн жел жортуп, жүзүбүздү аймалап, абасы эң эле таттуу сезилет. Жылуу уяга кирип алгансып, денебиз балкыйт, жан-дүйнөбүз биригип, ойлорубузду сырдуу дүйнөнүн бешиги терметет. Биз өзүбүздүн буга чейинки таржымалыбызга да кызыгуубуз артып, эртээрек бири - бирибиздин жан-дүйнөбүздүн сыр сандыгын ачып, аны аңтарып киргенге шашылып жаттык. Анткени бири-бирибизге дегдеген сагынычыбыз ташып жүргөнүнө канча болду... А эртең убакыт дагы тар болуп кетүүчүдөй чоочулап, көпкө кармалып турдук. Асман кочкул кызыл-бурул тартып, анан агара баштаганда, көк алмаздай илинген Чолпон жылдызы суйкайып, узун хрустал кирпигин кага баштаганда, араң ажырадык. Ошентип күндө жолугуп, жайлоонун түнү эми биздин менчигибиз болду. Бирок эл көзүнөн канчалык жашыра тууралы десек да, болбойт экен?... Бир күнү чогуу иштешкен балдар түштөнүп жаткан. Арабызда бизден эки же үч жаш улуу, бойлуу келген, олбурлуу, бирок түнт жигит бар.”Бул өтүп жаткан турмушка “вечный” нааразы жүрөт. Башкалардын да жашоосун көрө албайт”. Ошол күнү менин табагыма, Жылдыз жарым жилик эт салып коюптур... Мен маани деле берген эмесмин, кандай тамак сунса, ичип кете бермей да... Аны ошол Букарбай көрүп калып, мурду менен түшүнүксүз мыңкылдап, кашыгын дасторконго бир чаап туруп, тамакты ичпей чыгып кетти. Анан бушайман болуп, башкалардын табагын байкасам, чын эле меникинде эле жилик турат... Эми анын эти деле аз эле, тамакка туралгандан кийинки, кичине эти менен. Бирок тигилерден айбыгып, уялып, кызаарып кеттим. Тиги балдар да оңтойсуз абалда калышты. Жанымдагысы чыдабай кобурап жиберди; -Ой, Кадырбек, алдыңа коюлганды жеп-иче бер, ал “Ноопас!”, дайыма болбогон нерсеге таарына берет, уялбай эле иче бер!. Кезек менен бизге деле устукан келет да, абалды жайкамыш болду. Кийинки кезде байкасам Жылдыздын апасынын да мага мамилеси өзгөрүп калыптыр. Сынагансып мени эми аңдып карап калат? Мурун мени сыйларын билгизип, атымды атап, учурашып калат эле? Азыр андай эмес, көзүн катып, менден качып калды, алдыман чыкса үнсүз тымпыйып калат... Кечиндеги тамакка ал “Ноопасыбыз” келген жок. Эртээси түштөнүүгө чакырып,балдар тамашалап; -Букарбай байке, бүгүн устукан кезексиз сиздики болот, жүрүңүз! Дешти эле, Ал болсо камандай буруңдап: -Ой, аяка барбай эле койдум. Кадырбек турганда, мага тиги Жылдызы, устукан салып бермек беле! Ачуум келип кетти, экөөбүз серпишип калдык. Көйнөктөрүбүз айрылып, менин колтугум айрыктан ачылып калды. Балдар бизди араң ажыратышты. Тамакка чейин көйнөктү которуп жатып, кечигип барсам. Балдар чыгып жатышыптыр. Жылдыз сумсайып карап, мага тамак сунду. Унчугушкан жокпуз. Бирок кечинде жолукканда, ал жөнүндө ооз ачпай, көңүлсүз окуяны эстегим келбеди. Аба ырайы көпчулук тилегендей, көп бузулбай, күн кашкайып тийип, кыркын 26 күндө аякталды. Быйыл жүн түшүмү да, мурун болуп көрбөгөндөй көп алыныптыр! Урматына чарбанын жетекчилиги чакан майрам уюштурду. Сыйлыктар арбын берилди: Алдынкы кыркмачыга; бир чоң килем, бир кой жана ар бир өзүнчө жумушту аткарган тармактардын алдынкыларына да акчалай сыйлык берилди. Ташы байке тааныгандык кылып жетекчилерине “шыбырай” ийдиби, ким билсин, мага да 30 рубли сыйлык жазышыптыр, аны алдым. Автолавка келген эле атайын малчыларга деген дефицит товарлар сатылат. Беш рублисине балдарга таттуу алып, майлап бердим. Жыйырма рублине Жылдызга арнап: ”Франзуский духи”сатып алдым. Райондук маданият үйүнөн бригада келишиптир чакан көнцерт беришти. Анан майрамды жыйынтыктап балбандар мелдеши; күрөш уюштурулду. Эки балбандан кийин эле Жылдыздын атасы жетип келип, мени билектен сүйрөп, колтуктап алып, эл ортосуна алпарса болобу?... Айла жок көйнөктү чечинип, туруп бердим. Бирок мектепте окуп жургөндө деле, институтта дагы, күрөш кружогуна катышып жүрчүмүн. Бир кезде карасам, каршы тараптагы эл арасынан Букарбай өзү жалгыз жулкунуп чыкты. Оозун бакадай чоюп, мылжыңдап коет мага: ”И-и эми колго түштүңбү? Жилигиңди сындырам!” дегенсип, өзүн жолборстой сезип, менменсинет! Колун булгалап көтөрүп, текедей тарталаңдап, элди айланып жүгүрүп жүрөт. А чынында мага караганда, ал олбурлуу, салмактуу да эле. Башында бир аз сүрдөй түштүм. Бирок Жылдыздын жылмайган элеси эсиме чагылгандай тез жетип, күн толгон жарым айча, кудум эликтикиндей көзү күлүңдөп тиктеди эле, заматта чыйралдым! Кандайдыр ченебегендей күч-кубатка ээ болуп, арстандай жер чапчып калам. Эми менда токтоналбай ага атырылдым! Кармаштык. Ал менин билектериме жеткенде, күчүнүн баарынча карыштыра кармап кирди. Мени ошентип сестенткиси келет, ал кара күчүнө толук ишенет. Баштаганда эле бир- эки жолу оңбогондой күч жумшап, мени куюндай айлантып жиберди, төбөсүнө так көтөрүп алгысы бар, убагында ойт берип толгонуп ийип, колунан чыгып кутулдум. Аны оюн эми түшүндүм. Амал менен чалып жыкпасам, күч менен теңеше алгыдай эмесмин? Болгон күчү менен дагы мени сүрүп киргенде, анын күчүн өзүмө тартып алып, атайын чалкалап баратып, болгон ыргак денем менен ыкчам одарылып ийсем, алдымдагы жерге оор салмагы менен чалкасынан ”дүп” дей түштү. Үстүнө мен кошо түштүм. Бошогон колун силкип салып, денесинен аттап өтүп, баса бердим! Жылдыздын атасы жетип келип, мени баласындай көкүрөгүнө көтөрүп кетти. Тегеректеген эл чуулдап, сүрөн салып кирди. Мен болсо денеме оролгон жыландан жаңы арылгандай сезимге учурап, жеңилдей түштүм.Ал аябай ызаланып алыптыр кечинде “согушам” болуп чатырга жетип келиптир. Чатырда чогуу иштешкен беш бала жатчубус, бирөөсү чыгып: “Тынч кетип кал, болбосо азыр кабыргаңды бирден сөгөбүз, эсиңен кеткиз “төпөш жейсиң!” дептир. Мурдунун учунан күңкүлдөп сөгүнүп алып, житип кетти. Эртээси Жылдыз турган боз үйүн чечишип жатсам. Атасы кайрылып калды, -Ой, Кадырбек! Арыктап да, күнгө карарып да кетипсиң. Айылга барсаң жайлоодон эс албай эле, “мокочо” болуп келиптир дешет досторуң? Кой, бир жума эс алып кет. Талдуу-Суу суусунан, дагы бизге, дамдуу балыктан жедирип кет! Ал сөзү мага майдай жакты, шыр эле макул болдум. Ташы байкени таап, жүн салган “щалей” чоң мешоктон суратып алып, алардын көчү менен кайра куданыкына түшүп калдым. Эртеси күнү баягы үчөөбүз балык ууладык. Щалейди тор сыяктуу тешип-тепчилеп ылайыктап койгом. Бат эле бир чака толтуруп, жегенге жарактуу балыктарды кармадык. Аягында эркектер бир, Жылдыз синдиси бир жак болуп суу чачышып, айда ойноп, сууга чыланып, киймдерибиз кургаганча убакыт өткөрүп, кечинде балыктарды көтөрүшүп алардыкына бардым. Балыктарды бирден тазалашып жатып, убакыт күүгүмдөп кетти. Жылдыздын атасы коюн киргизип жатып, мен кеткени жатканымы көрүп калып. Болбой мени токтотуп ; -Балык быша калсын, бул жерден жеп алып, анан кет. ”Тигилер” балык жебейт эмеспи, ой-боюма койбой алып калды. Уялып апасынан эле корунам десең, аны кайенемдей эмитен эле сезип алам. Балык жеп жатып атасы сөзүн баштады. -Ой, мен кыргыздын тазалыгына таң калам? Ушундай балыгы көп суулар толтура турса, согуштан кийинки ачарчылыкта балык кармап жешпептир да... Бөөдө эле ачкадан чыгымга учурап. Балыкты жыланга, бакага окшотуп жебей коюшкан экен. А балык таза да, сууда дайыма жүрөт! Чылада жаткан чочко болсо, бир жөн эле!”Ай-ай!” башын чайкайт. Кетээрде узатууга камынып жатып, баарынын көзүнчө, -Ыя, Кадырбек, эртең эрте келип, мен атсыз эле койду кайтарам. Эки атты токуп берейин, эки-экиден учкашып алып, төртөөңөр: Жылдыз, Кундуз, Майрамбек болуп мындан 10 чакырымдай болот аралыгы, Талды-Суунун башында дары суусу бар, булакка барып, көрүп келбейсиңби? Суусу эми укмуш! Бетиңди жакшылап чайын, кайра агарып каласың , дебеспи! Сүйүнгөндөн Куданын боз үйүнө кандай жеткеними билбей калдым. Түндүн бир маалына чейин уктай алсам эмне? Эртеси таң угарып баратканда эле, Кудам, кудагыйм менен тең туруп, жуунуп келип, дасторконго тыкыйып отуруп калсам. Кудам ууртун чоюп, мылжыйып, мени тикийип күлүп карайт, -Ой, Кадырбек таң атпай туруп, деги сен каяка барасың?... Кийинки кезде Жумабектикине эле качып калдың да! Десе болобу? Сейрек сүйлөгөн кудам, мени сөз менен даана туздап салды. Бетим ыссып,кызаарып, мурдум нымшый түштү. Бирок сурап атса, жооп беришим керек да, кандай гана болбоюн? -Дары сууга барат элем. Дедим араң, үнүм кысылып чыгып. -Жумабектин улуу кызы эстүү кыз, көп жылдан бери кошуна болуп байкап жүрөм. Эмдиги жылы мектепти ал бүтөт, үйлөнүп ал. Коркпо? Калыңына жылкысын мен берем ! Дагы дебеспи. Кудагый менин жүдөгөнүмү байкап, -Ээ, абышка! Жөнү жок сүйлөп, Кадырбекти уялтпа! Жаштарга тийишип, сен карыганыны билбей калгансыңбы! Жекирип калды эле. -Ой, кемпир! Биз эркекче сүйлөшүп жатабыз! Сен унчукпай чайыңды куя бер. Биздин ишке кийгилишпегин! Чындыкты айтып жатам. -Кадырбек, сен ошондой кыл! Ал кызды мен жакшы билем, сага мыкты колукту болот, анан көзүн мага жымыйтып, жумуп койду. Кырга чыгып алып Жумабектин бөз үйүн дүрбү менен шыкалайм. Алар бизден кеч турушат экен. Бир маалда Жумабек өзү чыгып, коюн зым тордон агытып жиберди. Мен ага чуркап жөнөдүм.”Ат жабдыктарын өзү барда таанып алып, атын карматып, токуп алышым керек эле?” Мени эрчитип алып эки атын кармап, болбой өзү токуп, анан кыздарын тургузуп чыкты. Чогуу чай ичтик. Майрамбекти мага учкачтырып, Жылдызга сиңдисин учкачтырып, куржундагы азыгыбызды эрге артып, узатып жиберди. Жол өйдөлөгөн сайын табыят ажайып ачылат. Баарыбыздын көзүбүз бакыракай, жылдыздай жымыңдайт. Бизди орогон ажайып кооздукка сезимдер өргүп, ырдагың эле келет! Ак булуттуу кашкалаң асманга, куштай учуп, жеткин гана келет! Өзүнчө бир кайталангыз кумардуу сезимге жетеленип, жашоонун ушунчалык көрктүүлүгүн, кереметтүүлүгүн, эми жаның, канын менен тамырында дүргүп турат, жүрөктөн сызылып чыгып, өмүрдүн канчалык таттулугун, баалулугун ошондо билесиң! Эх, жаштык кез ай! Кандай кооз, жомоктой кызык элең!... Дары суусуна жеттик. Жашыл тоонун этегинде, таштак жерде жайгашкан. Арасына көк-жашыл төө куйруктар, жашыл бадалдар жыш өскөн. Арырарак ылдый коктууда сүттөй кайнап, бир жылга мөңгүнүн суусу чамынып чуркап жатат. Дары суусу төөнүн көзүндөй, чоң казандай көлөмдөгү тегерек чуңкурчадан, суу өңү анар этиндей боелгонсуп, боргулданып, шампандай бырыксып, түбүндөгү кызыл кумдан сызылып, көбүктөнүп өйдө чыгып жатат. Кружкага сузсаң буусу (газы) шуулдап, мурдуңа урат. Ичерден мурун бадалдарга ыйык жер катары дубалап байлап калтырышкан адамдардын чүпүрөктөрүнө көңүл буруп, Теңирим-Кудайга биз да сыйындык. Бата кылып:”Каалаган тилектерибизди сурандык?!” Дуба кылып чүпүрөк байлап, анан суудан ичип кирдик. Тамак азыгыбызды жээгине жайнатып, бата кылып, азыктанып. Анан көпкө чейин куушуп ойноп, сезимдерибиз жылдызданып, баарыбыз бир үй-бүлөнүн балдарындай бири-бирибизди жакын сезип, жашоонун бир ирмем жыргалына тунуп турдук. Мен эми Жылдызсыз бөлөк келечегимди элестете албай калдым! Жылдызсыз жашоону көрө албайм? Каныбыз денеде бирге жүгүргөндөй, жүрөгүбүз бирге согуп калды. Жылдызды жанымдай сүйүп калдым!!! Эртээси баары менен коштошуп, ылдый айылды карай жөнөдүм. Кат алышып турдук. Кийинки жылы Жылдыз мектепти аяктады. Борбордогу Крупская атындагы Кыз-келиндер Пед. институна тапшырып, ага ийгиликтүү өттү. Окуу башталардын алдында биз үйлөндүк. Окууну улантып, жаңы биргелешкен жаркын жашоого, сүйүүгө толгон турмуштун эшигин ачтык! Эми жылда каникулга чыкканда, кереметүү жайлообузду ыйык тутуп; ал жерден тунгуч махабатыбызды тапкан жерибизди жана ажайып ачылып, кол сунса жетчидөй кашкалаң асманы менен өбүшкөн ак мөнгүлүү аска-зоолорубузду, мөлтүрөгөн көгүш асыл таштай нурданып, таштан-ташка чамынып, бийиктен суусу кулаган сууларыбызды, зыңылдаган” чиркейи, ”дыңылдаган” чымыны дайынсыз, бир кырка кылкылдап өскөн жашыл килемдей жайкалган тулаңын, курт-кумурскасы жок чар тарабын, абасы кымыздай таттуу, үлбүрөп шайыдай жортуп, жүзүңдү тынбай аймалап, апамдай эркелеткен желин сагынып, Теңирим сүйгөн жерге! Эртээрек барууга шашылып гана турабыз. Э-эй! Биздин керемет жашыл жайлоолор! Силерди унутуп, биз кантип жашай алабыз? Биз кыргыз баласыбыз, тамырыбыз, түбөлүккө силер менен байланышкан! Аягы...
    1 комментарий
    6 классов
    7-БОЛУМ Үйгө келип Наалбү эне Уулжан жеңени мага жолго кийгенге ылайыктуу кийимдерди табышымды өтүндү. - Чоң эне,мен өзүмө ылайыктап тандап алайын! - Мейли кызым ,сен да менин неберем болуп калдың садага кетейин! Өзүңдү сакта , Айсулууну куткарып чыксаң экен ! Жаратканым жар болсун силерге! Мен ичимден өзүмдүн джинсымды ,бутума чуркаганга жеңил деп кроссовкини тандадым. Рюкзактагы телефонду күйгүзуп көрөйүн десем ,эбак эле өчүптүр. Үстүмө жүндөн токулган жылуу кийим кийдим. Өңү боз көйнөк,эски чыптама менен боз кийизден жасалган эски чапан.Башыма өңү өчкөн тебетей кийип алдым. Убакыт келип ,биз кеткенге даярданып сыртка чыктык. Мага мингенге карагер жоргону даярдап коюшуптур. - Ак жолуңар
    0 комментариев
    0 классов
    6-БОЛУМ. Чоң эне айтып жатканда,менин оюма баягыда көргөн түшүм эсиме түштү. Ал түштө бир кыз мени кол булгалап чакырып жаткан. Балким ошол түш мени бул жакка алып келди бекен? Кечки тамакты ичип бүтүп ,Уулжан жеңе экөөбүз үйдү көздөй жөнөдүк. - Жакшы уктаныз чоң эне! - Жакшы жаткыла ! - Уулжан жеңе, чоң эненин аты ким? - Наалбү - Мага Наалбү чоң эне кызыңыз Айсулуу жөнүндө айтып берди. Уулжан жеңе ыйлап жиберди. - Жарыгым ай, жалгызым ай кантип гана жүрдүң экен?Андан бери үч жылга жакындап калды,канча аракет кылсак да ,куткарып алуу колубуздан келбей турат.Ошондон бери атасы ,кызынын сары изине чөп салып,куткаруунун амалын издеп жатат. - Буюрса,аман эсен үйүңүзгө келет,мага ишенип коюңуз!
    0 комментариев
    1 класс
    5-БОЛУМ. Мен чарчаганымды эми сездим, көзүм илинип кетиптир. Түшүмдө мени досторум издеп жүрүшүптүр,мен аларды көрүп кыйкырсам, кыйкырыгым угулбайт, басайын десем бутум шилтенбейт.Ошентип кыйналып жатып, бирөө ийинимден түрткүлөп жатканынан ойгонуп кеттим. - Тур , бетиңди жуу,күн батып баратканда уктабаш керек! Мындайда оору адам менен өлүк гана жатат- Уулжан жеңе мени ойготуп жатып . - Азыр мен сени Кан Ордого алып барам. Киргенде башыңды ийип , улуу кишилер сүйлөгөнчө күтүп тур! Эшикке чыгып айылдын ортосун көздөй бастык. Билинбеген менен боз үйлөр аябай көп экен,басып отуруп айылдын баш жагында турган чоң боз үйдү көздөй жөнөдүк. Айылдын баш жагындагы дөңсөөнүн үстүнө тигилген боз үй
    0 комментариев
    3 класса
    34 комментария
    146 классов
✨🕊 Эгерде ийгиликтүү жана бай болгуң келсе, анда ушул төрт нерсеге бекем болуп, ар дайым амал жүзүнө ашырып жүргүн! Ал төрт нерсе төмөнкүлөр: 1. Намазды ар дайым өз убагында окуу. 2. Ата-энеңи ыраазы кылып, дубасын алуу. (өтүп кеткен болсо, артынан дуба кылуу) 3. Садака берип жүрүү. 4. Текебер болбоо.
КЫЗ БАЛА --БЕЙИШИҢ Адамдын мүнөзүнө кайсы бир окуя таасир этет тура... Өзүн бул жашоонун ээси сезип алган, оюндагысы аткарылбай калса, айланасына тынчтык бербей, чырды салган иним бар эле. Ошол иним экөөбүз туугандардын жакшылыгына бир барып калдык. Мүнөзү токтоо тартып, омоктуу сөз сүйлөп калганын байкадым, бирөөнүн сөзүн бөлүп, өз оюн таңуулаган мүнөзү жоголуптур. --- Ушу сен чын эле адам боло баштаган окшойсуң, мынча тез токтолот деп ойлобоптурмун. Менин сөзүмдү төрдө отурган байбиче энебиз коштой кетти: --- Туура баамдапсың, мен да таң калып отургам. Эми, туугандар мурдагыдай катташпай калдык, улам муун алмашкан сайын, алыстай берет экенбиз. Ошентсе да, мен көргөн жээним бө
#ЖАЙЛОО КЕРЕМЕТ
2-БОЛУМ
Бир күнү түшкө маал чен эле, сыртта жүргөм. Апасы менен саймалуу баштык көтөрүнүп, жанында башын бир жагына сал кыйшайтып; бир колунда чака, бир колу апасынын колтугунда,биз тарапка, алар өрлүктөп келе жатышат... Бүгүн Арпанын үлбүрөк жели биз жакка жортуп, ак булуттардын баары жылып келе жаткандай,Эми менин Жылдызым жакындап келе жатат! Ал мени тикийип тиктеп жылып, жакындап жаткандай сезилип, алыстан эле мени апкарытты. “Дагы бир таттуу кыялымбы, же кызык жомокпу?” деп ойлоп ийем? Жан дүйнөмдүн толкуганын айтпа!... Таманымдын алдынан жер көчүп кете жатты... Атасын мурун көрө элек болчумун. Ал бир аз кечигип, атын минип келди. Көзү чекир, сары, орто бойлуу, толук
7-БОЛУМ Үйгө келип Наалбү эне Уулжан жеңени мага жолго кийгенге ылайыктуу кийимдерди табышымды өтүндү. - Чоң эне,мен өзүмө ылайыктап тандап алайын! - Мейли кызым ,сен да менин неберем болуп калдың садага кетейин! Өзүңдү сакта , Айсулууну куткарып чыксаң экен ! Жаратканым жар болсун силерге! Мен ичимден өзүмдүн джинсымды ,бутума чуркаганга жеңил деп кроссовкини тандадым. Рюкзактагы телефонду күйгүзуп көрөйүн десем ,эбак эле өчүптүр. Үстүмө жүндөн токулган жылуу кийим кийдим. Өңү боз көйнөк,эски чыптама менен боз кийизден жасалган эски чапан.Башыма өңү өчкөн тебетей кийип алдым. Убакыт келип ,биз кеткенге даярданып сыртка чыктык. Мага мингенге карагер жоргону даярдап коюшуптур. - Ак жолуңар
6-БОЛУМ. Чоң эне айтып жатканда,менин оюма баягыда көргөн түшүм эсиме түштү. Ал түштө бир кыз мени кол булгалап чакырып жаткан. Балким ошол түш мени бул жакка алып келди бекен? Кечки тамакты ичип бүтүп ,Уулжан жеңе экөөбүз үйдү көздөй жөнөдүк. - Жакшы уктаныз чоң эне! - Жакшы жаткыла ! - Уулжан жеңе, чоң эненин аты ким? - Наалбү - Мага Наалбү чоң эне кызыңыз Айсулуу жөнүндө айтып берди. Уулжан жеңе ыйлап жиберди. - Жарыгым ай, жалгызым ай кантип гана жүрдүң экен?Андан бери үч жылга жакындап калды,канча аракет кылсак да ,куткарып алуу колубуздан келбей турат.Ошондон бери атасы ,кызынын сары изине чөп салып,куткаруунун амалын издеп жатат. - Буюрса,аман эсен үйүңүзгө келет,мага ишенип коюңуз!
5-БОЛУМ. Мен чарчаганымды эми сездим, көзүм илинип кетиптир. Түшүмдө мени досторум издеп жүрүшүптүр,мен аларды көрүп кыйкырсам, кыйкырыгым угулбайт, басайын десем бутум шилтенбейт.Ошентип кыйналып жатып, бирөө ийинимден түрткүлөп жатканынан ойгонуп кеттим. - Тур , бетиңди жуу,күн батып баратканда уктабаш керек! Мындайда оору адам менен өлүк гана жатат- Уулжан жеңе мени ойготуп жатып . - Азыр мен сени Кан Ордого алып барам. Киргенде башыңды ийип , улуу кишилер сүйлөгөнчө күтүп тур! Эшикке чыгып айылдын ортосун көздөй бастык. Билинбеген менен боз үйлөр аябай көп экен,басып отуруп айылдын баш жагында турган чоң боз үйдү көздөй жөнөдүк. Айылдын баш жагындагы дөңсөөнүн үстүнө тигилген боз үй
Показать ещё