5- бөлүм
Түрдүү санаа менен бара жатып уктап кетиптирмин. Кимдир бирөө үстүмө төшөк таштап коюптур. Жаш бала үшүп калбасын деген го. Көзүмдү ачсам чынында чоочун айылдарды аралап баратыптыр. Ак карлуу Нарын менден алыстап калгандай биротоло. Курсагым ачканын айтпайын. Чынында канча уктап койдум -деп ,эстей албадым. Автобус болгонго баарыбыз биргебиз.Аял эркек аралашып баратканбыз. Ар кимиси өзү менен өзү ойлуу гана бара жатышат. Бала эмесминби , эч кимиси тамак ичпей келе жатабы ? Булар да мен сыяктуу ачка болуу керек ,же тамактанып алдыбы? Кадимкидей эле оозумдан шилекей агып баштады. Жанымда олтурган аял байкаган көрүнөт.
- Эй балакай ойгондуңбу?
Курсагың ачтыбы? Термузда чай бар ысык ,кичине шам -шум этип алчы. Ошол кезде Мырза ага сөзгө кошулду.
-Бул байкуш ,Салиянын жемесин кутулганына да жай эс алды. Тамак берип койгула, Ошко жеткенче мен жооп беремин өз туугандарына кетет. Күндүзү жетип барсак кана ээ . Түн ичинде талаада калтырбай. Нан ,сууга бышырылган эт менен кошо ысык чайды алдыма коюп
-Тартынбай же гой , чайды этияттап ич төгүп алба күйүп каласың.
-Макул деген болдум . Бир жолу жер көз болуп калганымды ошондо билдим. Тартынып араң гана колум сунуп жеген болом. Карап турган эжеке:
- Алда байкуш бала ,сени аябай эле кордоп койгон тура. Мен сени карабай турам ,жалгыз тамак жеп жатам дегин да жей бер. Келиштикби?
- Ооба . Нанды чайнап , эти мүлжүп жеп баштадым. Көзүн сүзүп уйкуга кеткен кишидей болуп жалгандан гана ,мени көз кыйыгы менен карап жатты. Чынында дүйнөдө ушунчалык көп мээримдүү адамдар бар деп ойлогон эмесмин мендеги жашоо татаал болгонуна кейип кеттим. Качан гана тойгон кезимде колума майлык карматып ,арчып ал колуңду бир учун суулап койдум ошол тарабына андан кийин кургак жагына сүрт . Негедир боор тартып мага күйпөлөктөп бара жатты. Көңүлүм жылып жалгыздабай калдым. Бирок неге деген ой көпкө мээмден чыкпай бара жаткан. Көрсө мен уктап калган кезде сураштырып кимдигимди айтышкан экен. Баары боор оруп жүрөктөрү оруп аяп калган тура. Жанымда олтурган аял ,апам менен он жыл бирге окуп ,жан курбу , сырдашы болгон экен. Бул ааламдан өткөнүн да билчү эмес экен эле. Учкан кулагына ишенбей буркан - шаркан түшүп ыйлап ,сооронгон учуру экен эле. Улам көз кыйыгы менен карап коюп барат . Акыры чыдабады көрүнөт;
- Айланып кетейин берекем ,апаңа ушунча да окшош болосуңбу? Ирмеген кирпигиңдин учунда турган жашыңа чейин. Баятан бирде сооронуп , бирде ыйлап келе жатканымды байкабаган экенмин.
-Атың ким айтчы?
- Тагдыр.
- Эх мына жашоонун сынын кара .Демек Тагдыр де. Оор гана улутунуп койду. Башка эч нерсе айтпастан
- Канча жаштасын?
-Он алтында.
-Чоң жигит болуп калган турбайсыңбы?
- Апаңдын аттын билесиңби?
- Ооба ,билем.
- Айтчы ким эле?
- Бермет өзүм да улутунуп алдым.
-Атаңдын атычы?
- Сапарбек. Мени алаксытып сөзгө тарткысы келдиби . Айтор бир ойдо болсо керек. Же курбу кызына болгон кусалыгыбы?
- Сенин ини - карындаштарың барбы?
- Ооба бар эки иним.
- Сагындыңбы канча убакыт өттү көрбөгөнүңө?
- Алты жашымда апам өткөн. Ошондон бери тайкем менен бул жактамын. Келгениме он жыл өтүптүр. Эми барсам тааный алат бекенмин. Абдан сагындым. Көзүмдөн жаш куюлуп кетти. Жакшы сөзгө муктаж болгон жаным эреркеп кеттим көрүнөт. . Өзүн карай тартып сен чоң жигит болдуң , ыйлаган сага жарашпайт. Инилериң үчүн сен жөлөк болуп жүрүшүң керек. Күчтүү ,чыйрак болсоң. Сени көптөгөн турмуш сыны күтүп турат . Ошого даяр бол. Ар бир татаал күндүн аркасында , албетте бактылуулук күтүп турат. Бермет кандай гана күчтүү кыз эле жашында. Сен да апаңдын жолун жолдоп күчтүү болушуң керек. Маңдайымдан сылап энемдей мээрим төгүп турду. Жумшак назик колдору тийгенде мемиреп уйкуга чөмүлүп бараттым.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8