ОН БИР. ..... АКЫРКЫ БӨЛҮМ.
АВТОР; АК БУЛУТ.
Бомж:
-токто! Отур кайда баратасың? Мына угуп тур мени.
Кеңеш унаасын жай гана айдап алып баратты. Бомждун айткан сөзүн эске алып ойлуу келатты.
“бомж:
-сага эмне баары жеңил эле келеберет деп ойлойсуңбу? Баары эле оңойдой туюлат дейсиңби? Карачы, сен кедей болсоңда байдын кыздарын арбап алдың. Себеби сенин тагдырыңда бул нерсе жазылган. Мына бир байдын кызын кечип, экинчи байдын кызын бактым деп келиптирсиң. Бирок мен сага айтарым байдан бакыт издебе десем ката эмес болсо керек. Анткени алар байлык менен дүйнөнүн өлчөп калышкан. Эртең бирдеке болсо сен өмүр бою иштеген акчаң да жетпейт ага. Ошон үчүн жакшылап ойлон. Билесиңби мындай кеп бар “ырыскыңды кедейден” изде дейт. Демек сен кедейдин кызын алышың керек. Бирок сен өзүң гана тандоону кабылдайсың...”
Кеңеш башы катып баратканда Изат чалып калды:
-оуу досум?
-Кеңеш жолуксак болобу?
-албетте үйгө өтөйүнбү эмне?
-жок, мен азыр Минурага баратам.
-аа анда жолугуп болгон соң айт.
-жок Минуранын ата-энеси мени чакыртып жатыптыр, Минураны башкага болуп жатышат ошого Минура сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк түздү.
-мм кармалган турбайбызбы, эми недейбиз?
-билбейм мени менен барып келе аласыңбы?
-албетте сен азыр каердесиң?
--- ---- ------- ------- -------- ----------
Минуранын атасы баарын чогултуп алып сүйлөп жатты.
-демек түшүнүктүү, күзөтчү болуп иштейм де. Изат сени жакшы түшүнөм, себеби менда жалгыз эжем менен гана жашачуумун. Бирок биз тескерисинче ата-энебиз Кыргызстанда биз Россияда тиричилик кылат элек. Ошентип жүрүп бутка турдук. Мына жап-жакышанакай эле жашап жатабыз. Биз деле кызыбыздын бактылуу болушун каалайбыз. Бирок биз көргөн күндөрдү көрбөсө дейт элек. Аңгыча коңгуроо чалынып калды. Минура туруп эшикти ачса Луиза.
-ой келдиңби?
-ооба күтүп калдыңарбы?
-жок жакшы эле жүр батырак, дос суранам ата-энемди бирдеке кылып көндүрчү.
-мейли жүрчү.
Луиза кирип келгенде Кеңеш кайда качаарын билбей калды. Луиза алыстан гана саламдашып алда столго отурду. Минуранын атасы:
-ушул Изат, тең-теңи менен тезек кабы менен болот окшойт эми.
Изат:
-бактылуулук байлыкта эмеско.
-билем Изат, бул сага кино эмес байларды жинди кылып, кызынын тагдырын акчага байлады дей турган. Бул деген теңдик деп коёт. Минура сенин чечимиң кандай?
Минура ый аралаш:
-акыры өзүң тандаган жигитке турмушка чыгасың дедиңиз элего.
-ай кызым ай, ооба мен сөзүмдү эки кылбайм. Мен сага жигиттерди катарынан коюп берем өзүң ошолордун ичинен тандайсың. Биз ошолорго ыраазычылыгыбызды берип анан сени узатабыз.
Кеңеш Изатка карап кулагына шыбырады:
-байдан бакыт издебе.
Изат ойлонуп туруп калды.
Минуранын атасы:
-мына ушундай Изат экөөбүз гана эмес баарыбыз ачыктан-ачык сүйлөштүк эми эмне кыл дейсиң тагдыр ушул болсо.
Изат Минурага кадала карап ордунан акырын туруп көзүнө тегеректен жаштан улам, көзүн кайра-кайра ирмеп:
-мен... ба...бар.барын туура түшүндүм. Ооба ач. Ачыктан-ачык сүйлөштүк. Сиздерге рахмат ушундай тарбиялуу кызды тарбиялап өстүргөнүңүздөргө. Мен... оо.ооба барын түшүндүм. Кеңеш тур кетти...
Луиза дароо ордунан туруп:
-аяш ата! Апа! Ушулда туура болчу беле!? Карасаңарчы Изатты Минурага жетпей калдым деп чыкпаган жеринен тер чыгып жатат. Эч кандай себепсиз, урушуп кеткен жокко!
Кеңеш бул сөздөрдү өзүнө айтылгандай сезди. Луиза сөзүн улап:
-мейли бүгүн Изат кете берет бирок бар акыйкатты айтышым керек. Изат өзүн байлардай тутат Минура үчүн. Мен билем Минураны канчалык жактыраарын себеби ал Минура үчүн өзүн бай кылып жүрөт, кымбат ресторандарга барат. Минурадан айрылыштан коркот.
Луиза бүт баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Минуранын атасы ойлонуп туруп калдыда:
-кептин баары бул жакта дечи. Луиза кызымдын жакын досу, жакшы досу мен ага ишенем. Изат ата-энең жакында келе турган болсо биздикине жөнөт. Сүйлөшүп баарын чечишели,эгер туура келсе бактылуу болгула.
Бары сүйүнүп кетти. Кеңешке белгисиз номер чала баштады. Акырын башын ылдый кылып алды:
-оу ким бул?
Нуржанар:
-биз сизди күтүп жатабыз, келбейсизби?
-азыр...
Кеңеш ордунан туруп:
-кечиресиздер мени жумушка чакырып калышты кетеберсем болобу?
-- ------ ------- ------
Кеңеш Луизага жолукпай кетип калды. Жанагы жерге барса Нуржанар жалгыз өзү туруптур. Кеңеш келээри менен унаага отуруп:
-жигитимдин иши чыгып калып жарым саат мурун кетип калды. Сиз кандай айдоочусуз? Батырак келсеңиз болбойт беле? Үйгө айдаңыз бул жерде турбай.
Кеңеш унчукпай айдап баратып, адаттагыдай Арсендин-тагдырын сага жазганда ырын болушунча катуу коюп, газды катуу басып мурда экөө чыккан тоого айдап кетти. Нуржанар таң калып:
-токтотуңуз кайда баратасыз!?
-унчукпа! Сүйлөбө!
-өзүңүздү колго алыңыз!
Кеңеш анын сөзүн укпай тоого чыгып бардык шаар жүзү көрүнө турган жерге келип токтоду. Нуржанар унаада отуруп Расулга чалып жиберди:
-мени кайдадыр алып кетти.
-ким? Кеңеш бар элего.
Аңгыча Кеңеш сыртта бакырып жатты. Нуржанар телефондонду өчүрдүда дароо сыртка чыкты. Кеңеш бакырып:
-оо дүйнө! Тагдыр мен сен үчүн киммин!? Ар кайсы урулган ташмынбы!? Кереги жок буюммунбу!? Не мени мынча кыйнайсың!? Ата-энем чоң энем, баарын, барын алып тындың. Эми сүйүүмдүда алыптырсың. Өзү менден сага эмне керек!? А! Жооп бер! Ал мени дагы! Ал!
Нуржанар Кеңешке боору ооруп чуркап барып артынан кучактап алды. Кеңеш өзүн басып:
-сен билесиңби? Мен өмүрүндө эң аз ыйлаган адамдармын. Ушул жашка келип бул бешинчи же алтынчы жолу ыйлашым болсо керек. Анын үчөө сенин айыңдан. Азырда сендеп ыйлагам келди. Себеби жүрөгүм чыдатпай ооруп жатат. Нуржанар мен эчтеке түшүнбөй турам деп ага бурулуп карап көздөрүнө кадала карап:
-кана менин Нуржанарым? Аны кайда таштап келдиң? Кайда? Лондонгобу? Жооп бер мага.
-ал менмин Кеңеш байке. Нуржанар да ыйлап жатты.
-ал эмессиң ал деген ЖАРООКЕР жан болчу. А сен жалганчы болуп турасың. Нуржанар жооп берчи неге “сен мени кандай көрсөң, менда сени ошондой көрөм” деп алдап койдуң? Жооп берчи мага.
-мени туура түшүнүң.
-Нуржанар ... мен сени сүйөм.
Нуржанар бул сөздөн кийин катуу ыйлап унаага карай чуркап кетти. Кеңеш дароо жетип эшикти жаап:
-Нуржанар сенда мени сүйөсүңбү? Мен сенин сүйүүңө жете аламбы!? Жооп берчи.
-жок, кетиңиз.
-кетпейм эч кайда.
-мен, мени акыры бүгүн өзүңүз көрдүңүзго башкага узатып жатышат.
-сен неге аны ээрчитип келдиң?
-мен тажадым барынан, атам баарибир сизге бербейт мени.
-атаң чечпейт экөөбүздүн тагдырды!
-чечет!
-чечпейт!
-чечет!
-эч ким! Эч ким чечпейт! Жашоо биздики! Биз чечебиз!
Нуржанар ыйлап сүйлөй албай калды. Кеңеш бекем кучактап:
-кечир мени, мен сени күтүп жашаганым үчүн кечир. Ооба жашоо сеники, мен ушул күнгө чейин эчкимге жеңилбей, сага деген ойлорумдан кайткан жокмун. Анткени сага болгон үмүтүм, арзуум баарынан би йик болчу. Бирок сен баарынан күчтүү тосколдукту жараттың. Ал тоскоолдукту сен гана буза аласың. Мейли биз жүргөн күндөрдү унутабыз анда.
Кеңеш кучактап алып сүйлөп жатканда Расул жигиттер менен жетип келди. Биринчи унаа Нуржанарды алып кетти. Расул эки-үч жигит менен Кеңештин жанында калды. Расул Кеңештин ызаага батып жатканын көрүп:
-иним бул турмушта бары болот, мен сени туура түшүнүп турам. Сен кайгырба баары жакшы болот. Өзүң түшүнүктүү акылдуу баласыңго акыры.
-ооба мен түшүнүкүү баламын силер үчүн, бирок өзүм үчүн эмес!
Аңгыча Расулдун жигиттеринин бири:
-ахаха сен эмне байдын кызына ашыгып? Алыңа жараша иш кылсаң болбойбу? Сен эмне ит болуп арстанга тең келем дейсиңби? Кеңеш ачууланып кетип аны бир сокту. Экинчиси болуша койду эле экөө менен тең мушташып кетти. Расул ортого түшүп бөлүштүрүп Кеңешти четке сүрдү. Кеңеш аябай туруп Кеңешти жаактан ары муштумдады. Расул унчукпай туруп жигиттерди кетүүгө буйрук берди. Эки жигит кетип калышты. Расул менен Кеңеш гана калды. Расул жаагын кармалап:
-тура кыласың. Согуш керек талабыңды талашыш үчүн.
-мени кечириңиз.
Аңгыча Расулга Райымберди чалып калды:
-Кеңешти тез жогот, көзүмө көрүнчүү болбосун.
-өлтүрөйүнбү?
-анын убалына калып не кыласың? Андан көрө биздин душмандарды өлтүрүшүбүз керек.Бизден алтын кенди талашып жатышат.
-түшүндүм деп телефонду өчүрдүда Кеңешке күлө карап:
-мына бүттү эми баары.
-бүттү?
-бошсуң иним, менден капа болбо. Келе ачкычты бер, шаарга таштап коёюн. Макулбу?
-кана эми ушул жерлерде өлүп кетсем.
-сенда бирөөгө керектирсиң. Жүрчү кеттик.
-макул.
Кеңеш Изаттын үйүнүн алдынан түшүп калды. Изат үйдө болчу эшикти ачып каткырып:
-ахаа! Досум экөөбүз көрүшчүү күнда бар экенго! Карачы! А менин досумдун эмнеге маанайы жок!
Кеңешда күлүп:
-маанайы бар сени көргөндө.
-э токтосоң чыксаң сыртка, анча окшошпойтатко.
-эмне?
-жүрсөң сүйлөшүп алалы.
---- ------- ---------
Кеңеш:
-ошентип жумуштанда айдалдым.
-түшүнүктүү досум жана эле өзүң байдан бакыт издебе деп жатпадың беле?
-аны мага бомж айткан.
-ахаха бир бомждун сөзүнө кирип сенда кызыксың.
-турмуш өзү ушул экен некыл дейсиң.
-билбейм, Нуржанарды анда тынч кой, сендей жигитти таппай калганына өкүнөт карап турган.
-өкүнбөш керек.
-э токтосоң, ал жинди эмесби?
-неге?
-бир сени сүйөм дейт бир башканы, бир болсо аның окуй берип башы иштебей калган.
-койчу дос жүр үйгө кирели уктайлычы.
-мейли жүр анда. Э сен иштебей эле үйдө жыргаап Айкүмүштү караганча жатпайсыңбы?
-ошентейин анда.
-баса Луиза келип кетти үйгө жана.
-эмнеге?
-сени издеп келиптир. Сен таза тескери турбайсыңбы, Луиза сени сүйсө, сен Нуржанарды, Нуржанар башканы. Э барыңды окутуп коюш керек экен.
-Луиза эмне дейт?
-муну берип кетти деп чөнтөгүнөн Луиза менен Кеңештин сүрөтүн берди.
Кеңеш сүрөткө кадала карап:
-чакан жакшы сүрөт экен. Бирок буларды айрып гана коюш керек деп айрып салды.
Ошентип Кеңеш Изаттын апкелгенин жеп үйдөн чыкпай жата берди. Телефону тап-такыр өчүк.
Изаттын ата-энеси келип, Минуранын ата-энелери менен кудалашып шартка жараша той кулууга макулдашышты. Той күзүндө деп чечилди. Андан соң Изаттын ата-энеси көпкө турбай кайра Россияга кетишти.
Кеңеш бир күн балконго чыкса Расул жерден карап күлүп турду:
-эмнеге келдиңиз?
-сүйүнчүлөгөнү.
-эмнени?
-сүйүнчүсүн бербейсиңби эми.
Кеңеш үйдөн беш жүз сом алып чыктыда:
-айтсаңыз ыргытам.
-Нуржанар бүгүн күйөөгө чыгып жатат.
Кеңеш ыңгайсыз абалда калып кийип турган үй тапичкеси менен атып урду. Расул каткырып:
-айтсаң дагы балээ, айтпасаң дагы балээ. Э Кеңеш телефонуңду күйгүзсөң сөз бар.
-макул. Расул кетип калды. Кенеш телефонун жандыраары менен Расул чалып:
-Кеңеш иш чатак. Шефтин жумушунда душмандар көбөйүп кетти. Кече жакында аны өлтүрүү үчүн чабуул жасашты. Жакшы куткарып калдык. Бүгүн Нуржанар турмушка узайт, шеф сенида келип корукчулук кылсын дейт.
-шефиңизге айтып коюңуз, ал мен үчүн эч кандай шеф эмес. Анын кызыда мага жат инсан! Сиздида таныбайм.
-таныбай эле кой Кеңешали.
-Кеңеш менин атым.
-э эмне жаш бала болтасың. Аласың иштеген акчаңды.
-ке сүйлөбөчү деп телефонду кайра өчүрүп салды. Кечинде ызаасына чыдабай түнкү клубка барып тойгончо ичти. Телефонун ошондо кайра жандырып Нуржанарга чалайын десе телефон номерин билбейт. Башы айланып там-таңдап басып баратса телефону шыңгырап калды. Расул эле.
-оу Расул жет. Жетим.
Расул шаша сүйлөп:
-Кеңеш Нуржанарды уурдап кетишти! Жардамга кел тез!
Кеңеш мас:
-каяка уурдайт узаткан өзүңөрго.
-Кеңеш азыр тамашанын оорду эмес!
-ким бул?
-Кеңеш!
-адашып калдыңар деп Кеңеш кулап түштү. Аны сыртка алып чыгып ташташты. Бир кыз Кеңешти таанып калып артынан чыгып:
-эй тийбегиле ал менин байкем болот. Кеңештин жанына келип:
-сиз Изаттын досу болосузбу? Мен сизди аны менен чогуу көргөм. Кеңеш сызда уктап жатты. Кыз дароо Изатка кабар берди.
------ -------- -------------------
Кеңеш араң көзүн ачты. Башы жарылчуудай болуп көзүн ушалап жатса Айкүмүш ичин байлап алып чуркап келдида:
-Кеңеш байке Изат байкем сиз менен сүйлөшөт экен.
-ох ий башым, берчи. Ало Изат?
-Кеңеш! Эсиңе келдиңби!? Нуржанарды кече уурдап кетишиптир. Биз азыр алардын жайгашкан жерин аныктадык тез кел!
-койчу э, кече турмушка чыктыго ахаха.
-ошо той болуп жатканда уурдап кетишиптир.
-аххаха койчу ал урдай турган бир буюм болсо экен.
Изат шашкалыгын токтотуп:
-Нуржанар неге сени тандабай башканы тандады десе эми түшүнүктүү болду деп өчүрүп салды.
Кеңеш ойлонуп туруп кече мас болуп жүргөндө Расулдунда чалганын эстеп шаша-бүшө туруп куштай сызып Нуржанардын үйүнө келди. Расул жигиттери менен келатып Кеңешти көрүп тык токтодуда кайра кадамын улап ары түртүп өтүп кетти. Кеңеш такси жалдап алардын артынан түштү. Бир жерде чоң имараттын жанына келип токтошту.
Изатда ошол жерде эле. Кеңешти көрүп жанына барып:
-келипсиңда акыры.
-Нуржанар кайда?
-азыр сүйлөшүү жүрүп жатат.
-неге милициялар жок.
-аларды бул ишке аралаштырбаш керек.
-Нуржанар кайда?
-айттымго сага сүйлөшүү жүрүп жатат деп.
-эмне сүйлөшүү?
-Райымбердини бул бизнестен баш тартуусун талап кылышууда.
-мм кана кечеки күйөө?
-тээтигини Райымберди менен кошо турат.
-мм Изат мен некылайын?
-өзүң бил досум.
Кеңеш башын ийкеп четке кетип калды. Имаратка карап туруп калды. Нуржанардын болочок күйөөсү Арсен анын жанына дүрбү менен келип имаратты карадыда:
-Нуржанарды уруп жатат, шапалактады...
Кеңеш дароо андан дүрбүнү жулуп алдыда чын эле Нуржанарга кол салуу болуп жатканын көрдүда дүрбүнү ыргыткан бойдон имаратка чуркап кетти. Расулдун бир жигити алдын тосту эле анын колун кайрып тапанчасын алып өтүп кетти.Изатда Кеңештин артынан чуркады. Райымберди:
-э булар эмне кылып жатат?
Расул бул жерде чечим гана кабыл алыш керек эле. Дароо жигиттерге:
-жигиттер буйрукту аткаргыла! Азыр кеткен эки жигит менен кошо чабуулга!
Райымберди:
-Расул бул эмне кылганың?
-өзүм билем.
-эмне?
-кызыңыздын өмүрү магада кымбат деп өзүда чуркап кетти. Душмандар аз гана адам эле. Алар күтүүсүз чабуулга даяр эмес болушчу. Ойлорунда акча өндүрүп, сөз менен бүтүрүп кетүүнү көздөшкөн. Кеңеш алдынан чыкканын атып андан ашканын Изат жок кылып имаратка кирип барышты. Душмандар экинчи мерчемге өтүп Нуржанарды башка имарартка көчүрүп кетүүнү көздөп жашыруун эшик менен чыгып кетишти. Эми абал дагыда курчуду. Райымберди ачууланып жатты. Кеңеш убакытты текке кетирбей душман изи менен түштү. Алар чоң жолго чыгып унаага отуруп кетип калышты. Алар жолду тыгынга айлантып өздөрү качып кетти. Расулдунда айласы кетип туруп калды. Кеңеш менен Изат унааларды айланып чуркап баратып Кеңеш тээ ары жакта келаткан тез жардамды көрүп калып тапанчасы менен токтоттуда дароо Изат экөө чыгып:
-айда тээтиги унаанын артынан айда!
Айдоочу:
-жигиттер менин жумуш бар. Бирөөнүн өмүрү менин колумда.
-кызыктырбайт аның.
-өзү эмне болуп жатат?
Изат ортого түшүп:
-байке азыр жетпесек душмандар олжосун өлтүрүп коёт.
-жана эле ошентпейсиңерби бүгүн эчким чалбайт, чакырбайт деп өзүмчө эле айланып чыккам. Точно тээтигиби?
-болбойсузбу!
-мына-мына отуруп алгыла дагы кулап түшпөгүлө деп дароо газды басып кетти. Кеңеш Изат экөөтең кулап кетишти. Айдоочу каткырып:
-айттымго силерге.
Нуржанар башына кара кап жабылып ыйлап баратты. Алар экинчи имаратка жетээрине аз калды. Тез жардам унаасы шамалдай учуп келатты. Расулдар эптеп жолду ачып артынан кетишти. Душмандар имартатка жеткенде Кеңештерда артынан жетип келди. Кеңеш түшөөрү эки ууруну атып огу түгөп калды. Тез жардам айдоочусу эки ууруну алып бейтапкага жөнөп кетти. Кылмышкерлер Нуржанарды имаратка алып киргенче шаштысы кетти. Жорору жактан буйрук келди “кызды (Нуржанарды) жардырып жибергиле”.
Душмандар дароо кирип Нуржанарды байлап бомба коюп ал жактан чыгып кетишти. Изат экинчи эшик менен кетти. Кеңеш тобокелге салып түз эле алдыңкы эшиктен кирип барды. Алдынан эчким чыккан жок. Акыры экинчи кабатка чыкканда Нуржанардын ыйлап жаткан үнүн угуп жетип бардыда дароо башындагы капты алып аны бекем кучактап алды.Нуржанар ушунчалык коркуп жаткан эле Кеңешти көрүп бир аз бослода өзүнө келип:
-сиз мени таштап кеттиңиз.
-жок мен сени эч кайда таштабайм.
-жаман экенсиз келбей койдуңуз куткарганы.
-мына-мына келдим.
Изат ал убакта түз эле душмандардын алдынан чыкты. Алар көп болгондуктан Изатка туш тараптан кол салып качып кетишти. Изат араңда буттарында турат. Эптеп имараттын чыгып дубалга сөйөнүп жатып калды.
Кеңеш бомбаны көрүп чечкени алып салганы аракет кылды. Бирок ал коопту эле.
Нуржанар тынбай ыйлап жатты.
Райымберди Расул жетип келгенде имарат жарылып кетти. Райымберди кызым деп ыйлап бакырып имаратка чуркады бирок Расул коюп жиберген жок. Душмандары каткырып жатышты. Райымберди шаштысы кетип милицияга кабар берген эле. Алар түз эле кылмышкерге бет келип барын колго алып, аларда имаратка жетип келишти. Имаратка тинтүү башталды. Райымберди өзүда издеп жүрдү. Изатты тез жардам алып кетти. Райымберди “кызым! Кызым!” деп бакырып жүрдү. Бир убак спецназдардын бири:
-бул жерде бар экен карагыла! Көчүп түшкөн тактайчаларды алып, үстүн ачса Кеңеш Нуржанарды кучактап эчнерсе тийгизбей эси ооп жатты. Нуржанарда эсин жоготкон. Бетке чапкылаганда эле Нуржанар ойгонуп кетип атасын кучактап ыйлап жатты. Кеңеш тап-такыр өзүн жоготкон, оозунан кан агып көзү араң гана ачылып турду. Тез жардам аныда алып кетти.
Арадан бир ай өттү. Бүгүн Нуржанар кайрадан турмушка узап жатат. Изат анын жанына келип:
-келин көйнөк сага сонун жарашыптыр.
-рахмат эмнеге Кеңеш келген жок?
-неге келмек эле ал. Билесиңби Нуржанар бир сөздү айтып коёюн дегем. Тиги бир ай мурун сени уурдап кетишкенде Арсен дүрбүдөн сени көрүп сага канча шапалак тийгенин эсептеп отурган. Ал эми Кеңеш болсо сени куткаруу үчүн жанын курмандыка салып сага чуркап кеткен. Сен кантип өзүңдү Арсенге тапшырып жатасың деймда,сулуу кыз атам бербейт деп эле кыйнала бербей жүрөктүда бир тыңшап коюш керек. Мейли бактылуу бол анда мен кеттим деп кетип калды. Нуржанар ойлуу туруп кала берди. Арсен жанына келип:
-жаным эмне болду?
-мм жок эчтеке.
-жүр кеттикби?
-аха кеттик.
Кечда кирди. Той кызуу өтүп жатты.
Луизанын унаасында Кеңеш экөө отурушту.
Кеңеш:
-ошонун айынан мен сенден баш тарткам Луиза мени кечир.
-Нуржанарды деп менин сүйүүмдү чаныпсыз, жаныңызды курмандыка чалып аны куткарыптырсыз. Эмне Арсен үчүн куткардыңыз беле?
-жок албетте.
-мен сизди түшүнүп турам. Мен биринчи жолу сизди сүйдүм бирок мен эми түшүнүп жеттим ал менин балалык сүйүүм тура. Мен сизди жакшылап түшүнгөн соң сизге жардам берүүнү туура көрдүм.
-эмне кылып жардам бермек элең хехе.
-билесизби мен Арсендин...
Аңгыча Кеңеш жолдо бараткан Иляз классташ досун көрүп калдыда:
-аызр бир мүнөт күтө тур макул? Деп түшүп кетти.
Кеңеш Иляздын артынан чуркап:
-Иляз! Иляз!
Иляз артына бурулуп:
-Кеңеш? Сенби досум?
Экөө жылуу учурашышты. Бир топ сүйлөшүшкөндөн кийин Иляз:
-дос мен жаштык кылыптырмын. Мен катымды аңдып жеттим, сенин кадырыңды жокугуңда билдим досум.
-ээ эчтеке эмес досум баары өттү-кетти.
-жок кеп анда эмес. Мен сенин акчаларыңды тартып алдым. Сен кеткен соң жанакы дүкөндү сатып кичи бизнес баштагам. Ишим оңунан чыкканы менен сен мага аябай керек болдуң. Мен сени көп издедим, тап-такыр таба албай койдум. Баары үчүн кечирим сурайм дос. Мен сенин кечиримиңе жетиш үчүн баарына даярмын. Билесиңби сендей дос ааламда бир жаралат. Кеңеш мен атайын сага арнап Корея кийим кечелерин иштеткен дүкөндү сенин атыңа жаздырып койгом. Ал дүкөн толугу менен сеники.Иш ушундай жакшы кетип унаалуу болдум бирок сенида унутпадым. Сенин унааң жайында күтүп турат. Кантип эле деп таң калышың мүмкүн бирок Кудай берем десе аны эчким тосо албайт тура.
Кеңеш недерин билбей:
-сага рахмат, ата-энеңе рахмат досум келчи кучактайын. Экөө кучакташып турду. Луиза унаадан түшүп:
-ээй экөөң эмне мынча?
Иляз:
-ким бул дос? Аяшбы? Качан той?
Кеңеш:
-аа хаха жок бул дос кызым, аяшың эмес.
-аа ахах татынакай экен, анда мен сага аяш кылып берет окшойм.
-я?
-таныштырбайсыңбы?
Ошентип үчөө таныштырып турду. Көп өтпөй Изат жетип келди. Үчөө Луизанын унаасында отурушту. Илязда жагдайды толук түшүндү. Минурада жетип келди. Некылып болсода Нуржанарды Кеңешке алып берүү планын түзүп жатышты.. Кеңеш некылышын билбей күлүп эле:
-э тамашаңарды койгулачы амей. Ушундайда болмок беле.
Иляз:
-эмне атасы тоготпойт,акчаң ааз деп айтат деп жатасыңбы?
-жо.о.ок эми айтайын дегеним...
-токто досум мындай болбойт аягына чейин барабыз! Нуржанарды сага алып келебиз, дүнгүрөтүп той беребиз досум...
-жок! Ал башкага тийип жатат акыры!
Минура:
-акыры өзүңүз күбө болдуңуз менидагы башкага узатып жатканда Изат байкем алып калды.
Кеңеш дагы күлүп:
-Изат эмес Луиза алып калдыго.
Изат:
-мындай анда Луиза келсеңер бирдеке айтам деген эле Луизада кеп анда.
Луиза барына карап алдыда:
-мына бул документте Арсендин анык жүзү жатат. Карагыла бул чалгынчы экенин аныктай турган иш кагаз. Нуржанардын атасы башкарган алтын кенди тартып алыш үчүн Арсен душмандар тарабынан Лондонго жиберилген. Эч кандай Лондондо окуубайт болгону англис тилин мыкты билет. Өткөндөгү жардырууну уюштургандардын баш сабында дагы Арсен турат. Эгер Арсен колго алынса душмандар толугу менен жеңилет. Мына ошондо Кыргыз алтыны кыргызга гана иштеп берет.
Баары иш кагазга карап туруп калышты. Кеңеш ойлонуп турдуда:
-мен колумдан келгенин баарын кылдым, жок алар баарибир мени түшүнүшпөйт деп унаадан түшүп кетип жатты. Ошол убак Нуржанар чалып калды:
-оу Нуржанар.
-кандайсыз?
-жакшы өзүң? Той кандай болуп жатат?
-билбейм мен ажатканага атайын сиз менен сүйлөшкөнү кирдим.
-эмнеге?
-Изат байке туура айтат.
-эмнени?
-жүрөгүңдү ук деди.
-сен ыйлап жатасыңбы?
-ооба...
-эмнеге?
-мен адашып калдым Кеңеш байке. Мен Арсенди эч кандай сүйбөйм, сүйгөнда эмесмин! Сүйгүмда келбейт! Сүйбөйм аны. Эсиңиздеби эч кандай тоскоолдука карабай сени сүйөм дегенсиз бирок сен койгон тоскоолдукту алып салмайынча,мен ал тоскоолдукту жеңе албайм дегенсиз. Жакшылап угуп алыңыз мен ошол тоскоолдукту азыр талкалап салдым. Мен жүрөгүмдү уктум, мен сизди эчнерсеге карабай сүйөм. Мейли кедей бололу, мейли башка бололу бирок экөөбүз башкошуп, балалуу болуп бактылуу жашайлычы. Мен өмүрүмдү арман менен өткөргүм келбейт. Сураныч мени алып кетиңизчи. Билбейм кайда? Бирок кайда барсаңызда мени алып кетиңизчи. Мен сизди тандадым.
Телефон өчтү. Кеңеш көзүнө тегеренген жашты сүртө калып артында унаада отурган досторуна карадыда,кайра кайтып келип терезеден:
-Нуржанарды алып келебиз деп жатат белек? Я? Уурдап кетсек кандай болот?
Баары кубанып кетти. Луиза менен Кеңеш бир унаада, Иляз өзүнчө, Минура менен Изат бир унаада Кеңештин унаасын алганы барышты. Унааны алып куттукташып андан ары түз эле тойго барышты. Расул алардын алдынан тосуп чыкты. Кеңеш дароо Арсен тууралу иш кагазды сунду. Расул окуп туруп эле:
-энеңдурайын шакал, бизди жаш бала көрүп жатабы булар? Кеңеш Нуржанарды сүйөсүңбү?
-неге?
-жок сүйөсүң ээ, мындай биз азыр Арсенди колго алабыз. Нуржанарды сен эптеп алып кетип кал,миң каршы болсода алып кетда нике кыйдырып жашай бер иним.
-шефти кандай кылабыз?
-ээ алжагын мага коюп бер э аймакчы бир шартым бар.
-эмне?
-мени өкүл ата кыласың. Эгер өкүл ата кылсаң мен биринчи жолу өкүл ата болуп жаткан болом ахаха келиштикби? Келиштикби дейм!? Келиштикби?
-келиштик!
Тойдо бий башталып баардык жарыктар өчүрүлдү. Нуржанар менен Арсен жеңил бий бийлеп жатты. Бир убак адамдар аралап эле Нуржанардын колу Арсенден үзүлүп башка бир колдор аны кармап калды. Караңгыда эчтеке көрүнбөй кайра жарык ааз гана көрүндү. Нуржанардын алдында спортифкачан жигит Кеңеш тураар эле. Нуржанар ызаага батып ыйлап жаткан жеринен сүйүнүч жашын төгө баштады. Ый аралаш:
-сиз мага келдиңизби?
-башка кимге келем?
-Арсен кайда?
-билбейм хехе.
-сизди сагындым.
-кеттикби?
-кантип?
-сен кыжаалат болбо, баары жайында жүр кеттик.
Экөө чыгып кетти. Аларды Изаттар эчкимге көрсөтпөй сыртка чыгарып салышты. Сыртта Расул күтүп турду. Нуржанар чочуй кетти. Расул күлүп:
-коркпо Нуржанар! Акыры өкүл атаңар болом ахаха. Кана Кеңеш унаага отургулада ак жол! Деп кирип кетти.
Нуржанар:
-Кеңеш байке бул кимдин унаасы?
-экөөбүздүн.
-кандайча?
-Иляз деген досум белекке берди. Ке бол отур эми.
Нуржанар отуруп өзүнчө бир коркуп коёт. Кеңеш унааны айдап кетти. Артынан достору Изат, Луиза, Иляз, Минура унааларында кетишти. Аңгыча бий токтотулуп жарыктар жандырылды. Арсен мурду кан болуп жерде жатат. Баары кыйкырып жиберди. Райымберди кызын уурдап кетти деп жигиттерди тез артынан түшүшүн буйруду. Жигиттер эки унаада жөнөп кетти. Аңгыча Расул жетип келди. Райымберди жинденип:
-кайда жүрөсүң? Кана кызым!?
-кетти.
-каяка!?
-бактысы менен кошо кетти билбейм кайда?
-кайсы бактысы? Кайсы?
-сиз бир чындыкты жакшы билип алыңыз, Арсен сизге эч кандай күйөө бала эмес. Акыры бул маалымат иш кагаздар баарын тастыктап турбайбы.
Райымберди иш кагазды көрүп:
-Кана Арсен?
Арсен жаткан жеринде жок качып жөнөдү. Расул артынан жигиттерди жөнөттү. Райымберди жинденип:
-Расул менин кызым ким менен кетти айт!айт!
-Кеңеш деген өкүл балам ахаха.
-аа Кеңеш мененби? Деп бир ааз өзүн басып –анда жакшы турбайбы? Кеңеш менен кетсе анда жакшы турбайбы ээ? Кана кайда кетишти? Э мейли кайда кетседа, бактылуу болушса болду. Баса Кеңешти жаңы ачылган алтын казчуу заводко директор кылып шайлап койсомбу ээ кандай дейсиң.
-коюңузчу ээ ал кече жакында эле келип бүгүн директор болуп калмак беле. Мына мен сиздин колуңузда канчадан бери иштеп келем бир жерге директор боло элекмин.
-Расул сен ал үчүн көп иштешиң керек жүр тойго даярдык көрөлү.Баса той кылып алып кетеби же жөн элеби?
-той кылып...
-не турасың анда? Ресторан караштыралы туурабы?
-а.а.а туура кеттик...
Кеңеш Нуржанар экөө Арсендин тагдырың сага жазганда аттуу ырын катуу коюп баратышты. Артынан кеткен күзөтчүлөр жолдо келатып туруп калышты. Себеби жолду туш-туш тарабынан жаап салган Изаттар эле. Луиза менен Иляздын жылдызы келишип бири-бирине жакын боло башташты.
Күз мезгили келди...
Бүгүн Иляз менен Луизанын, Минура менен Изаттын, Кеңеш менен Нуржанардын ак тою болуп жаткан кез...
А мен жоокер, ал жароокер.
мен оорулу, ал дабагер.
Мен бир ташбор, ал боорукер.
Мендеги болгон,суроого жооп бер.
Деген ырыда бар болчу жазышым керек аны. Ошол достор чыгарма бүттү ушинтип. Баары биригип 93 баракты түздү.
Ролдордо:
Нуржанар-Нурчолпон.
Айкумуш-Айыма Айылчиева
Луиза- Толгонай Арзыкеева
Калганы каармандар.
Сиздерге жакса кубанычтамын. Достор сиздер аркылуу көп нерени түшүндүм, көп нерсеге көз карашым өзгөрдү. Сиздер менин жашоодогу устатымсыздар. Бири-бирибизге мээримдүү бололу, сабырдуу болуп жолубузду узак-узак басалы. Мен сиздердин жүрөгүңүздөрдөн түнөк тапкым келет. Ак Булутуңар ардайым сиздер менен! Алла Таалам баарыңыздардан ыраазы болсун,келе жаткан орозо айыңыздар менен! Бир бололу Кыргызым! Советбек кандай маанини түшүндүрөт деп сурагандар Кеңеш кыргызча ысым Совет орусчасы болуп калат. Бирок мен кыргыздын кулунумун! Ак жол барыбызга анда! Бүтүрүүчүлөр ийгилик алтындарым!!!
автор Ак Булут
Аягы... чооң рахмат окурманым баарыбыз бактылуу бололу!!!
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3