“Силердин кимиңер мечитке кирсе, эки рекет (тахятул масжид) намазын окумайынча отурбасын” – деп айткан. (Бухарий, Муслим).
Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
“Мен бир жолу мечитте отурган Аллахтын элчисине (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келсем, ал мага карап:
“Эки рекет намаз оку” – деп буйруду. (Бухарий, Муслим).
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
“Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Билалга карап:
- Оо, Билал, сенин кайсы амалың Бейишке кирүүңө себеп болот деп ойлойсуң? Анткени, Бейиште сенин бут кийимиңдин добушу чыгып жатканын уктум, – деди.
- Дааратым бузулар замат, күн же түн болсун дароо даарат алып, эки рекет намаз окуймун. Башка амалдарыма караганда ушул амалыма көбүрөөк үмүт кылам, – деди Билал”. (Бухарий).
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):
“Аллахтын айларынан Рамазандан кийинки жакшы ай – Мухаррам айы, ал эми фарз намаздарынан кийинки жакшы намаз – Тахажуд намазы” – деген. (Муслим).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев