MUKum 77777
27 March 2015
Ислам шариатында аврат деп эсептелинген дененин бөлүктөрүн жаап жүрүү милдеттүү парз катары таанылат. Аялзатынын жүзү жана эки колунан (манжаларынын учтарынан баштап, билек муундарына чейинки аралык) башка денесинин бүтүндөй бардыгы аврат деп саналат. Кийимдин милдеттүү болгон шарттары: · Кийилген кийимдин туруш-турпатынын өзү жасалга, зыйнаттуу болбоосу; · Кийимдин алдындагы денени көрсөтпөй турган деңгээлдеги калың болуусу; · Мүчөлөрдүн көлөмүн аныктабай тург
MUKum 77777
26 March 2015
Намаздын макрухтары 1. Кийимди толук кийбестен, желбегей жамынып намаз окуу. 2. Саждага ийилип жатканда этек, багелектерди өйдө түрүү. 3. Кийимдин этеги, жеңи түрүлгөн бойдон намазга туруу. 4. Обу жок, б.а., пайдасыз кыймыл-аракет кылуу. 5. Улуулардын алдына кийип чыгалбай турган жаман кийим менен намаз окуу. 6. Ооздо кыраатка тоскоол болбой турган бир нерсенин болуусу. Тоскоол боло турган болсо намаз бузулат. 7. Баш кийимсиз, жоолуксуз намаз окуу. 8. Чоң жана кичине даарат (туалетке бар
MUKum 77777
26 March 2015
Өлүм алдында болгон абалдар Өлүү жок болуп кетүү эмес, дүнүйөдөгү өмүрдөн чыгуу деген сөз. Аллаху таала адамды белгилүү болгон ажалы жеткенче, ырыскысы бүткөнчө бул дүнүйөдө кармап турат. Адам өзүнө жазылган ырыскысы менен амалы бүткөн кезде бул дүнүйөдөн чыгып кетет, ошол абалды адамдын өлүмү деп атайт. Адамдын өлүм оозундагы абалын Хазрети Имам Газали мындай билдирет: «Адамдын өлүмү жакындаган кезде төрт периште келет. Адамдын рухун ушул периштелердин бирөөсү оң бутунан, бирөөсү сол бутунан
MUKum 77777
24 March 2015
Абу Хурайра бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: “Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, мейманын сыйласын. Ким Аллахка жана КыяматКүнүнө ыйман келтирсе, тууган-уруктары менен карым-катнашта болсун (аларга каралашсын). Ким Аллахка жана КыяматКүнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн, же унчукпасын”. (Бухарий жана Муслим)
MUKum 77777
24 March 2015
Айша энебиз баяндаган бул хадисте Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: “Сообуна эң тез жете турган кайырдуу иштер, жакшылык кылуу жана тууган-уруктар менен карым-катнашта болуу. Жазасы эң тез келе турган жамандыктар, чектен чыгуу жана тууган-уруктар менен болгон карым-катнашты үзүү”. (Ибн Маажа)
MUKum 77777
MUKum 77777
added 2 photos to the album ....
14 March 2015
MUKum 77777
14 March 2015
Ражаб айы: Касиеттүү төрт айдын бири. Бир аяти каримада: "Аллахтын асмандар менен жерди жараткан күндөн бери айлардын саны он эки. Булардын төртөө харам (касиеттүү) болгон айлар", - деп айтылган. (Тообо 36) Хадис шарифтерде мындай деп айтылган: "Харам (касиеттүү) айлар - Ражаб, Зүл-када, Зүл-хиджа жана Мухаррам." (Ибн Жарир) "Бейиште ушундай бийик сарайлар бар, ага бир гана Ражаб айында орозо кармагандар кирет." (Дайлами) "Аллаху таала Ражаб айында орозо кармагандарды кечирет." (Гунйа) "Раж
MUKum 77777
10 March 2015
Суйуктуу пайгамбарыбыз жонундо кыскача малымат / Басып чыгаруу Мухаммед алейхиссалам Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) 571-жылы Чын куран айынын жыйырмасына дал келген Рабиул аввал айынын он экисинде, Дүйшөнбү күнү таңга маал Мекке-и Мукаррама шаарында дүйнөгө келген. Дүйнөнүн бардык түпкүрүндөгү мусулмандар жыл сайын ушул түндү мавлид түнү катары белгилеп келишет. Атасы Абдуллах эрте кайтыш болгон. Энесинин аты Амина, чоң атасынын аты Абдулмутталиб болгон. Курайш уруусунун Хашим уулдарынан чыккан.
MUKum 77777
9 March 2015
Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам эгер кааласа, Кисронун жана Цезарьдын сарайынан да аземдүү сарай курдурууга мүмкүнчүлүгү жетмек. Бирок, ал акыреттик сарайды ыктыяр кылды. Тогуз аялынын бөлмөлөрү, бардыгын кошуп эсептегенде араң 25 чарчы метр чыгат эле. Таш, кирпич жана ылайдан тургузулган Айша энебиздин бөлмөсү ушунчалык тар болгондуктан пайгамбарыбыз түндө туруп, нафил намазын окуганда, Айша энебиз сунулган бутун жыйнап, намазга орун бошотуп берчү. Ал эми жеген тамагына келсек, Айша энебиз
Show more
About group
Аллахамдулиллах!
Administrator: