1- Бидат ээси болуу, б.а., туура эмес акыйдада болуу. (Ахли сүннөт аалымдары билдирген акыйдадан кичине болсо да айрылган адам бидатчы же капыр болот.) Ыйман келтирүү милдеттүү болгон нерселердин бирөөнө ишенбесе ыймансыз болот. Ыйман келтирүү милдеттүү болбогон нерселердин бирин моюндабоо бидат, же болбосо адашуу болот. Бул болсо акыркы демде ыймансыз кетүүгө себеп болот.
2- Алсыз (күмөндүү) болгон ыйман.
3- Тогуз мүчөсүн туура жолдон чыгаруу.
4- Чоң күнөө кылууну улантуу. Ошондуктан, спирттик ичимдик ичпеш керек. Мусулман кыздар менен аялдардын башын-чачын, балтыр, билектерин бөтөн эркек адамдарга көрсөтпөө керек.
5- Ислам ниматына шүгүрчүлүк кылбоо.
6- Акыретке ыймансыз баруудан коркпоо.
7- Орунсуз зулумдук кылуу.
8- Сүннөткө ылайык окулган азанды тыңдабоо. Мындай азанды урматтабаса дароо ыйманы кетет.
9- Ата-энеге каршылык көрсөтүү, алардын Исламга каршы болбогон буйруктарын орундабоо.
10- Туура болсо да көп ант ичүү.
11- Намаздатадилиэркандысактабоо. (Түш.: Тадили эркан – бул намазда руку, сажда, кавма (рукудан кийин тик туруу) жана желседе (эки сажданын ортосунда отуруу) бардык дене мүчө кыймылсыз абалда белгилүү бир убакыт күтүү).
12- Намазды үйрөнүүгө жана бала-чакасына үйрөтүүгө маани бербөө, намаз окугандарга тоскоол болуу.
13- Арак-шарак жана мас кыла турган кандай ичимдик болбосун аз болсо да ичүү.
14- Мусулмандарга кысым көрсөтүү.
15- Жалган жергеолуялык, молдолук кылып, оюна келгенин дин деп сүйлөй берүү.(Ошондой ойдон жазылган китептерди окубаш керек)
16- Күнөөсүн унутуп,аны кичине деп эсептөө.
17- Бой көтөрүү, өзүнжакшы көрүү.
18- Ужуб, б.а., илимим жана кылып жаткан амалым жетиштүү деп айтуу.
19- Мунафыктык, б.а., эки жүздүү болуу.
20- Ичи тардык, дин бир тууганына келген жакшылыктарды көрө албастык.
21- Өкмөтүнүн же устазынын Исламга каршы келбеген өкүмүн аткарбоо.
22- Кимдир бирөөнү байкап, билбей туруп жакшы деп айтуу.
23- Калп сүйлөөнү улантуу.
24- Ислам аалымдарынан качуу.Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окубоо.
25- Мурутун сүннөт ченеминен узун узатуу.
26- Эркектердин жибектен кийим кийүүсү.
27- Ушак айтууну улантуу.
28- Капыр да болсо, кошунасына кыйынчылык тарттыруу.
29- Мал, дүйнө үчүначуулануу.
30- Пайыз алып,берүү.
31- Мактануу максатында көйнөгүнүн колдорун жана этегинчегиненкөп узартуу.
32- Сыйкыр кылуу, төлгө салуу.
33- Мусулман жана салих махрамболгонтууганды зыярат кылбоо.(Түш.: Махрам - дин боюнча үйлөнүп нике кыйылуусу арам болгон, тыюу салынган адам)
34- Аллаху таала сүйгөн адамды жактырбоо. Исламды бузууну каалагандарды жакшы көрүү. (ХУББ-И ФИЛЛАХ, БУГД-И ФИЛЛАХ ыймандын шарты.)
35- Момун дин бир тууганына үч күндөн ашык кек сактоо.
36- Зина кылууну улантуу.
37- Ливата кылып, тообо кылбоо.
38- Азанды фикх китептеринде билдирилген маалда жана сүннөткө ылайык окубоожанасүннөткө ылайыкайтылганазанды уккан кезде ага урмат кылбоо.
39- Харам иш кылганадамдыкөрүптуруп күчү жетсе да жылуу сөз мененандан кайтарбоо.
40- Аялынын, кызынын жана насыят берүүгө укугу бар аялдардын башы, колдору, буттары ачык, кооздонуп, жыпар жыт сүрүнүп көчөгө чыгуусуна жана жаман адамдар менен жолугуусуна ыраазы болу, уруксат берүү.
Артка
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев