Каржылык билим 21-кылымдын эң чоң талаптарынын бири экендиги талашсыз. Мага жолугушкан ар бир мекендешиме берген 5 кеңешимдин бири каржынын же бизнестин тилин билүү керектигин эстерине куям. Ал эми каржылык билимди алуудагы негизги деген китептердин сап башында Жорж С. Клейсон тарабынан жазылган Вавилондогу эң бай кишинин тарыхы, анын басып өткөн жолу жана каржылык көз карандысыздыкка жетүүдөгү тажрыйбасы баарыбызга сабак болуп бере алат.
Бай болуунун сырлары аталышындагы Вавилондогу эң бай киши тууралуу китепти окуган ар бир окурман өзүнө тиешелүү жана керектүү болгон ийгиликке алып баруучу жолду таба алат деп чоң үмүт менен ишенем.
Кыргыз аудиториясындагы каржылык сабаттуулук тууралуу түшүнүктүү, жатык тилде жазылган жана ошондой эле элибиздин аң сезиминин көрөңгөсүн ача турган саналуу китептердин бирине айланышына шегим жок!
Китептин негизги мазмууну болгон каражатты чогултуунун, сактоонун жана инвестиция кылуунун искуствосун үйрөнгүсү келген, каржылык сабаттуулунун дагы бир тепкичке жогорулаткысы келген ар бир мекендешиме окуп чыгуусун сунуштайм.
Көптөгөн ийгиликтердин башаты болуп бере алчу бул китептин которулушуна себепчи болгон Kitep KG басмаканасынын жамаатына терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалап кетем!
Абдувахап Нурбаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2