7 млнго жакын кыргыз элинин кирешеси араң 7 млрд $. Биз азыр даже кыялданышыбыз кыйын болгон нерселерди бул киши ишке ашырып жатат. Акыркы 4-5 жылда көп колдонуп баштаган электрондук кошелекту бул киши 1998-1999 жылдары эле PAYPAL ишке ашырып баштаган. TESLA электрунаасы, жада калса шоферсуз жүрөт. Марска адам жиберем деген Space X проекти, дүйнөгө бекер интернет таратуу, SolarEnergy - күндүн нурунан электрэнергиz өндүрүү ж.б проекттери...
Бул кишинин сүрөттүү өмүр баянын чагылдырган китебин Нурэмир экөөбүз 2 жылдан бери окуп келебиз. Илон Маск Нурэмирдин кумири болуп калган эле. Жакындан бери кумири болбой калды. Аябай шок болуп келиптир жаныма кече жакында.
- Ата, Илон Маск жакпай калды!
- ыы, не болуп кетти?
- Он оказывается бабник! Представьте 3 жолу үйлөнүптүр, 5 баласы бар экен.
- Сен аны каяктан билип алдың?
- Ютубдан көрүп чыктым.
- Ошентсе да ал кишиден үйрөнө турган көп нерсе бар да.
- Ооба, он все таки изобретатель.
- Турмушта ар кандай болуп турат да эми.
- Апамы таштап, башкага үйлөнүшүнүзду каалабайм.
- Боптур балам.
Жана дагы жаныма келиптир.
- Илон Маск много ошибался.
- Ии, дагы кандай ката кылыптыр?
- Стив Жобс өлгөндө, Apple провалиться деген экен. Азыр Apple компания нормально эле иштеп атат ко.
- Баардык адам ката кетирет, туура эмес сөз айтып алат да. Мен деле ката кетирем го.
- Ну да...
Бакытбек Абдуллаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3