7-класста анын эшигин аттап, алгач эле "Аталарыбыздын согуштары" деген романды тандап алдым. Китепканачы Анапия эже,
- Балам, муну түшүнөр бекенсиң, алгач жомок, аңгемелерден баштасаңчы,-деп калды. А мен согуш тууралуу болсо керек деп алып кеттим. Чет тилден которулган романды окуп баштап, кайра эле эртеси көтөрүп келдим. Китепканачы эже башымдан сылап, өзү жетелеп кирип китептер менен тааныштырып, сырты жашыл "Кыргыз эл жомоктору" деген китепти берди.
Ошентип китепке кызыгып кеттим. Айылда түйшүк көп, кол бошой калганда эле көмкөрөдөн түшүп китеп ачам.
Ошентип мектепти аяктаганга чейин дээрлик китепканадагы бар кыргыз адабияттарын, чет элдик котормолорду бүт окуп чыктым.
Кой катарганда жанымдан китеп үзүлчү эмес. Айрыкча кышында малга чөп салып коюп, жыйылган чөптүн үстүндө күнгө кактанып жатып алып окуган керемет эле. Чөптүн ным аралаш жыты, койлордун кепшегенин угуп...
"Маркумдар үнүн" ыйлаганча окуганым эсимде. Азыр кайра колума алып, эске салып жатам. Убакыт болсо китеп окугула, балдарды китеп окутканга үндөгүлө.
Дайырбек Орунбеков
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9