(Башы өткөн сандарда)
Шоола менен Канат болбогон жерден ушинтип урушуп калышты. Шоола таарынган деле жок, болгону кыз кыялын көрсөтүп, өзү биринчи болуп сөз баштагысы келбей жатты. Бирок Канатсыз жашоо мынча оор болорун билген эмес. Аны менен сүйлөшпөй калган күндөр ал үчүн кылымга тете болуп жатты. Апасы кызынын кабагына кар жааган абалын көрүп алгач маани берген эмес, өтүп кетет деп ойлогон. Кызы жанын коёрго жер таппай жатканын байкап, аргасыз сөз баштады.
(Башы өткөн сандарда)
– Болду, Шамэл, ыйыңды бас. Ичиндеги бугун чыгарып алсын деп жөн койсом басылчудай эмессиң. Ыйлагандан пайда чыкмак беле? Канча ыйласаң ошончолук чөгөсүң. Андан көрө кел куран окуйлу,- Алтынбек узакка ыйын баса албай отурган Шамэлдин жанына келди.
90-жылдардын хити “Ананайын” ырын билбеген кыргыз аз болуш керек. Дал ушул ыры менен элге таанылган ырчы, “Жаш кыял” тобунун солисти Бахадыр Карабаев 25-ноябрь күнү 47 жашында дүйнө салды. Жарк этип жанып, кыска өмүрүндө элдин жүрөгүнө жакын бир топ ырларды жаратууга үлгүрүптүр. Ырчыны жакындары, достору эскеришти.
Бөйрөк ооруларынын бири – ангиолипома. Ал залалсыз шишик катары эсептелет жана эркектерге караганда аялдарда 4 эсе көп жолугат. Дарттын коркунучу – шишиктеги кан тамыр жарылса, курсак көңдөйүнө кан толуп, өмүргө коркунуч жаралат.
Жакында Түркиянын Анталья шаарында “Gastro Antalya” аттуу гастрономиялык фестиваль өтүп, ага Кыргыз ашпоздору да катышты. Жөн эле катышпай, байгелүү орундарды ээлеп кайтышты. Гульшод Исакбаева жана анын кызы Айбийке Батырканова аталган фестваль, кантип калыстардын оозун ачырышканы тууралуу айтып беришти.
Кыргыз маданиятына, Кыргыз эстрадасына эбегейсиз салым кошкон айым. Санаалаштары тамаша-чыны аралаш “Темир айым” деп да аташат. Анткени тартипти сүйгөн, талапты катуу койгон мээнеткеч инсан. Айтылуу “Кыз-Буракты” эчен жылдан бери жаркырата кармап келе жаткан обончу, композитор Гүлшайыр Садыбакасованы 70 жылдык мааракесин утурлай маекке чакырдык.
Кутман күн! Апталык жылдыз төлгөнү окуп алыңыз🌹
Сиз издеген маалыматтар “Супер-Инфодо”! Жаңылыктарга бай гезиттин жаңы – №1095 саны 1-декабрь күнү таң эрте сатыкта болот. 🌹🌹🌹
#ГезиттиЫсыгындаОкуңуз
#ЖаңыСанда
📌Гүлшайыр Садыбакасова: “150 обонум болсо да, өзүмдү обончу дештен уялам
📌Жамиля Жаманбаева, акыйкатчы: “Акты кара, караны ак деп айта албайм”
📌Канат Шанаев, куудул: “Аябай оор сыноолор келип, 2 жыл күрөштүм”
📌Кыздын жашоосундагы төркүндүн орду
📌“Көчөгө атын коюп алды” деп төкмө акын Баян Акматовду кесиптештери сындашты. Айтыштан репортаж
📌“Юрий Шатуновдун өлүмүнөн кийин депрессияга түшүп кетти”. Ырчы Бахадыр Карабаевди жакындары эскерет
📌Мыктыбек Оролбай уулу, мушкер: “UFC`нин октагону сүрдүү экен”
📌Аза
#ЖүрөкСыры
– Бул сага,- деп партанын үстүнө шоколад коюп, жылуу жылмайып карады да, жаныма отуруп алды тайпалашым Актилек. Кандай шоколадды жакшы көрөрүмдү да билет. Шоколад эле эмес, деги эле менин эмнени жакшы көрүп, эмнени жаман көрөрүмдүн баарын билет. Бир гана мага өзү такыр жакпай турганын билбей койду. Жактырбаган адам болгону үчүн анын белектери да жагымсыз болчу.
Каарманым “Дочь”, “Элес”, “Чоочун киши”, “Разбой” тасмаларында роль жараткан. Дээрлик баарында башкы ролдо. “Сенден алыс кетпейм”, “Күнөө менде эмес”, “Ак шумкар” деген ырлардын автору, аткаруучусу. Саламат Калыбек уулун тааныштырабыз, окурман.
Show more