*Спирт ичимдигин же төк, же итке бер*
*- Ассаламу алейкум. Тагдырдын сыноосу экен. Улуу сөздө уят жок дегендей бир бала күч колдонуп мени зордуктап койгон. Кийин ошол баладан боюма бүтүп калыптыр. Анан ал балага жолугуп, абалды түшүндүрсөм, мен бага албайм деп качып кетти. Милицияга арыз жазып койгом. Азыр алар иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Апам болсо балаңды карай албайм деп жатат. Кийин бир бойдок байке мага турмушка чык деп айтты. Боюнда бар кезде нике өтөбү?*
*Жооп:* Биринчиден, боюңдагы баланы алдырбай жүргөнүңдүн өзү эрдик. Сени никесиз зордуктап кеткенде дагы шарият боюнча нике жүргөн болот. Бала төрөлгөнгө чейин кийинки никең менен жыныстык катнашта болууга тыюу салынат. Төрөгөндөн кийин ал жигит менен толук түрдө жашоого уруксат берилет. Ошол жигитке Алла ыраазы болсун. Чөкпө, эч качан кайгырба. Бул күн да өтүп кетет. Мындан кийин этият болуп, коопсуздук жок болгон жайларга чыкпаш керек. Сени ала турган жигитке менин атымдан да ыраазычылык билдирип кой. Сенин абийириңди жаап жаткан болсо, анда ал жакшы иш жасаган болот. Баланы туура тарбиялап өстүр. Иншааллах баары жакшы болот.
*- Мен Санкт-Петербургда жашайм. Орус улутундагы жетим-жесирлерге садака берсе болобу? Кыргызстанда жүргөндө 3000 рубль таап алган элем. Андан кантип кутулсам болот?*
*Жооп:* Албетте садака берсеңиз болот, бирок зекетти берүүгө болбойт. Себеби зекетти мусулмандарга гана берүүгө болот. Эгер алар сиздин мусулман экениңизди билип, ошондон улам мусулмандар жакшы экен деген түшүнүк алса бул абдан жакшы көрүнүш. Таап алган акчаңызды садака кылып берип коюңуз.
*Көп жылдан бери айдоочу болуп иштейм. Кээде кардарларга кайтарым акчаны берерде бир аз жетпей калат. Кээ бирлери туура түшүнүп, кээ бирлери такап сурап алган учурлар болот. Динде буга кандай каралат? Экинчи суроом, насыяга акча алып там салып жаткан элем. Бул күнөө болбойбу?*
*Жооп:* Эгерде кызматыңызда сиз кайтарым акча бере албай калсаңыз же сизге кардарыңыз бере албай калса жана ошого эки тарап тең ыраазы боло турган болсо, анда эч кандай зыяны болбойт. Эгер нааразы болсо сөзсүз акчаңызды майдалатып бергенге аракет кылыңыз. Экинчи сурооңуз боюнча, эркектин милдети үй салып үй-бүлөнү багуу. Сиздин да үй салганыңыз абдан жакшы. Бирок насыяга акча албай, бардыгын адал акча менен бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Балким кеч бүтүп калышы мүмкүн, бирок жыйынтыгында үйүңүз адалга бүтөт.
*- Асыранды баланы эмчектеш бир тууган кылса болобу? Жакында Ысык-Көл облусунда көп суммадагы акчанын ичимдиктери төгүлдү. Ошол ичимдиктерди төкпөй эле кайсы бир мусулман эместерге сатып, анын акчасын ошол айылдын коомдук иштерине же пайдалуу жактарга жумшаса кандай болмок?*
*Жооп:* Баланы эмизуү эки жарым жашка чейин гана болот. Бала 2,5 жашка чыга элек болсо аны эмизип, өзүнүн өкүмүнө алса болот. Эгер асыранды бала 2,5 жаштан өтүп кетсе аны эмчектеш бир тууган кылууга болбой калат. Асыранды баланы балагатка жеткен учурда өзүнүн кызын же карындашын никелеп койсо болот.
Негизинен шариятта спирт ичимдиктерин сатып, андан пайда көрүүгө толук түрдө тыюу салынат. Өрнөк айылында өрнөктүү иш болду. Ал жердеги дүкөндөрдө сатылган бардык спирт ичимдиктери төгүлдү. Спирт ичимдигин же төгүш керек же итке бериш керек. Аны мусулман эмес бирөөгө сатып, пайда көрүү күнөө болуп эсептелет.
*- Масх тарткандан кийин бешим намазында маасыны чечкенде даарат толук бузулабы? Таяммум дааратын кийимдин сыртынан ала берсе болобу? Арабча кол жазмасы сулуу болсо масуыраты да сулуу болот деген бир хадис окудум эле, ушулар жөнүндө айтып берсеңиз.*
*Жооп:* Эгерде сиз эртең менен даарат алып, андан кийин бутуң узду жууп, маасы кийип, бирок бешим убагына чейин дааратыңыз бузулган болуп, кайра даарат алып, маасыңызга масх тарткандан кийин бутуңузду чечсеңиз анда буттун гана даараты бузулган болот. Таямумда чыкканакка чейин билек ачык болуу керек. Араб жазуусун сулуу жазгандардын жубайы сулуу болот деген боюнча маалыматым жок. Бирок деги эле кайсы тамганы болбосун сулуу жаза билгендер табиятынан сулуу жандарды тандай билет болуш керек деген ишенимди айткым келет.
*- Балам 8 айлык болуп төрөлүп калган. Ошондо врачтар эксгумация кылсаң, башка балдарыңа жардам берет элек, себеби эмнеден болгонун көрүшүбүз керек дешкен. Ал убакта динден билимибиз жок болгондуктан, баламдан жөн эле кечип салдыкпы деп ойлоно берем. Менде күнөө барбы, эмне кылып күнөөмдү жуусам болот? Азыркы учурда көптөгөн идиштерде сары жалтырактар бар. Жолдошум андай идиштер менен тамак ичүүгө болбойт деп айтат. Бул маселенин канчалык чындыгы бар?*
*Жооп:* Сизде күнөө жок, сиз туура эле чечим кабыл алгансыз. Балким ал балаңызды оорулуу кылып төрөсөңүз, кийинки балдарыңыз да оорулуу төрөлүп калмак. Ошон үчүн сиз өз убагында туура эле кылгансыз. Ал эми идиштин жылтырактары чыгып, ден соолукка зыян боло турган болбосо шариятка туура келбеген жактары деле жок. Болгону адамдын сүрөтү бар идиштерди колдонбош керек.
*- «Халал» деген сертификаты бар тамак-аштын баарын эле адал деп кабыл алууга болобу?*
*Жооп:* Өлкөбүздө «Халал» деп сертификат берген аз сандагы мекемелер бар. Ошол себептен мамлекеттик негизде ишканалар ачылса, ошону колго алсак жакшы болмок деп ойлойм. Негизинен этият болушубуз керек. Коомдо «Халал» деген сертификатты сатып алып эле иш алып бара беришет экен деген кептер айтылып келет. Албетте халал комитеттери колдон келишинче жакшы иштерди кылып атышат, бирок ошентсе дагы күмөндүү иштерден ар бирибиз сактанып жүрүшүбүз керек.
*- Апам бир жыл мурун боор оорусу менен жабыркап калды. Апамды айыктырып сактап калууга абдан аракет кылдым. Элге кайрылып акча чогултуп өзүм донор болуп боорумду берейин деп чечкен элем. Тилекке каршы, эки жума мурун чет мамлекетке учуп кетели деп жатканда апам өтүп кетти. Мен жетишпей калганыма өзүмдү абдан күнөөлүү сезип жатам.*
*Жооп:* Урматтуу бир тууганым, сабыр кылыңыз. Алланын тагдырын биз өзгөртө албайбыз. Албетте ата-энебизге канчалык жакшылыктарды жасасак деле жакшылык кылбагандай сезимде боло беребиз. Бул табигый сезим деп ойлойм. Себеби ата–энеге болгон сүйүүнүн, ырайымдын улуулугу ошого түртөт. Өзүмдүн апамдын өтүп кеткенине дагы 5 айдын жүзү болду. Алигиче мен дагы өзүмдү күнөөлүү сезем. Колуңуздан келишинче аракетти кылыптырсыз. Алар өтүп кеткенден кийин бир гана дуба кылып, Куран окуп жакшылык кыла алабыз. Ошондуктан дуба кылыңыз. Адамдар өлүп калды деген алар таптакыр эле жок болуп кетти деген сөз эмес. Болгону биздин ааламдагы бир этаптан башка бир этапка өтүп кетишти. Демек, алар биз менен байланышта болуп турушат, бирок ал байланышты биз сезбейбиз. Ошондуктан намаз окуп, орозо тутуп өтүп кеткен ата- энелерибизге багыштап турган болсок, алардын сообу эч качан тийбей койбойт.
*- Билип, билбей кетирген күнөөлөрдү жууй турган сооп иштерди айтып бериңизчи?*
*Жооп:* Билбей калып кылынган күнөөлөр түшүнүктүү, бирок билип кылган күнөөлөрдү, мисалы, бирөөнүн акысына кирсеңиз андан кечирим сурап, бир нерсесин алсаңыз кайра кайтарып берип, күнөөнү жоюуга аракет кылыш керек. Андан кийин истигфар айтуу керек. Истигфар - тообо келтирүү. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир осуятында: «Күнөөдөн тообо кылган адам, күнөөсү жок адамдай эле» деген. Ошондуктан тообо кылганга шашылалы.
*- Апам атасыз баланы балдар үйүнө өткөрүп сал деп жатат. Эмне кылсам болот?*
*Жооп:* Бала көчөдө калбаш керек. Балким бир баптистин колуна түшүп калышы мүмкүн же жаман жолго кетип калышы мүмкүн.Ошондуктан балаңды өзүң тарбиялашың керек.
*- Менин бир тууган уялашым өтүп кеткенине көп жыл болду. Бирок түшүмө көп кирет. Ал түшүмө кирсе сүйүнүп, ээрчип кетким келет. Эмнеге мага ушундай түштөр көп кирет. Курандан башка дагы эмне кылсам болот?*
*Жооп:* Намаз окуңуз, Куран окуңуз андан кийин дуба кылыңыз. Анткени алар дайыма биз менен байланышта болуп турат. Ал сиздин намаз окубай жүргөнүңүздү көрүп боору ачып атат, бул жакка келгенде кыйын болуп калат бир тууганым деп, анын сизге намаз окуу деген каалоосу. Колуңуздан келсе мүмкүнчүлүккө жараша садака кайрымдуулук кылып туруңуз. Эң негизгиси намаз окуп, намаздан кийинки сообун багыштасаңыз, бул эң жогорку сооптордун бири болот.
*- Биздин айылга мечит салынып жаткан, бирок толук бүтө элек. Имамыбыз мечитти өзүм бүтүрөм, ага атамдын атын коём деген. Бирок өзү бүтүрө албай жатат. Эл болсо сообу бизге тиет деп колдон келишинче жардам берүүдө. Ошентип мечит бүткөндөн кийин молдо өзүнүн атасынын атын коюп алса туура болобу?*
*Жооп:* Пайгамбарыбыз кимде ким Алланын ыраазычылыгы үчүн үй кура турган болсо, ал адамга Аллахым бейиштен үй берет деген. Ошондуктан мечиттин бүтүшүнө жардам бере бергиле. Молдо туура жолдо болгон болсо, атасы да туура жолдо болгон болсо ысымын койсо эч нерсе болбойт. Андан жардам берген адамдардын дагы эч кандай сообунан кемип калбайт.
*- Илим-билимдүү, бирок социалдык тармактарга сүрөтүн жарыялаган кызга үйлөнүү керекпи же билими жок, бирок социалдык тармактарга сүрөтүн жарыялабаган кызга үйлөнүү керекпи?*
*Жооп:* Мен илим-билими жок болсо да социалдык тармакка сүрөтүн жарыялабаган кызга үйлөн деп айтаар элем.
*- Бир кызды абдан жакшы көрөм. Ал абдан билимдүү, жакшы кыз. Бирок мага турмушка чыгууга такыр макул эмес. Көп жолу жуучу дагы жиберип көрдүм. Мен ошол кызга гана үйлөнгүм келет. Эмне кылсам болот?*
*Жооп:* Биринчиден, ниет кыл. Алладан кыздын жүрөгүн жумшарта көр деп дуба кыл. Эгер такыр болбой турган болсо ал кыз менен эле жашоо бүтүп калбайт. Башка дагы ыймандуу кыздарга жолукканга аракет кыл.
*- Сиз устара менен сакал-мурут албаш керек деп айтып келесиз. Анда эмне менен алсак болот?*
*Жооп:* Кайчы менен сакал-мурутту алыш керек. Абдан кыска кылып алсаңыз болот.
*- Арбактар наразы болсо түшкө кирет деп уккам. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?*
*Жооп:* Арбактар жалгыз гана нааразы болгондо эмес, ыраазы болгондо да түшкө кирет. Шайтан бир гана пайгамбарыбыздын кебетесинде түшкө кире албайт, ошондуктан кээде өлгөн адамдардын кейпин жамынып шайтан дагы түшкө кириши мүмкүн. Эгерде жаман түш кирсе ал шайтандын таасири болушу мүмкүн. Ага маани бербей эле койгула.
*- Апам ооруп калып дарылануусуна элден акча жыйнаганбыз. Тилекке каршы, апам жыйнаган акчага дарыланбай өтүп кетти. Биз ал акчаларды кайра элге таратып бердик. Бизге сооп болушу мүмкүнбү?*
*Жооп:* Албетте, элден чогулган акчаларды муктаж болгондорго таратып берсеңиздер сооп болот.
*- Багымдат намазында «Фатиха» сүрөөсүнөн кийин «Биссмилляхи рохмоони рохим» дегенди айтпай кетсе деле болобу?*
*Жооп:* Айтсаңыз да, айтпай койсоңуз да боло берет.
*- Жумуштан чарчап келип уктасам эле аркамдан бирөө бычак менен сайгансып кыйнала берем. Эмне кылсам болот?*
*Жооп:* Жумуштан келгенде адам чарчап калат. Ошол учурда жуунуп-таранып, даарат менен жатса кыйналбай укташы мүмкүн.
*- Кайненем орустар менен иштешкендигине байланыштуу үйгө чочконун эттерин алып келе берет. Жолдошум да айтып түшүнүрсө такыр көнбөй койду. Эмне кылсак болот?*
*Жооп:* Энени кагып, урушпаш керек. Чочконун этинин зыяны боюнча кайненеңизге айтып түшүндүрүңүздөр.
*- Адам баласы кандай кылганда түз бейишке кирет. Ушуга байланыштуу хадистер же аяттардан айтып бериңизчи? Менин убактым аз болгондугуна байланыштуу дааватка чыга албайм.*
*Жооп:* Эгер жеген тамагыңар адал болсо, дин менен, сүннөт менен, шарият менен жашасаңар, андан кийин башкаларга зыян тийгизбесеңер силер бейиштик болосуңар.
*- Үйлөгөнүмө бир жыл болду. Келинчегимдин кыргызчылык жайы бар экен. Абдан кыйналып жатат. Кантип токтотсок болот?*
*Жооп:* Эң негизгиси намаз окусун. Буюрса баары жакшы болот.
*- Инсан карызга батып кетип кайра башка адамдардан кошумча пайызы менен акча ала турган болсо ал кандай эсептелет?*
*Жооп:* Биз аны сүткордук деп айтабыз. Бул дагы арам деп эсептелет. Кыргызда жакшы сөз бар “Төшөгүңө карап бутуңду сун” деген, адам карыз алып жатканда мына ушул макалды эстеп койсо. Карызды төлөй аламбы, төлөй албаймынбы деген суроону коюш керек. Эгерде төлөй турганга чама-чаркым жетет дей турган болсо анда алыш керек. Карыз берип жаткан адам жакшылык кылып жатам деп берет. Ошондуктан жакшылыкка жакшылык менен жооп кайтарышыбыз керек. Кээ бирөөлөр карыз акча алып, төлөй албай калганда эмнеге алганын сурасаң зарылчылык болуп калып алдым деп жооп беришет. Зарылчылык качан адам өлөр алдында же ачка калган учурда келип чыгат. Үйгө диван алыш керек болуп, же килемди алмаштырыш керек болуп, же тойго барыш үчүн жаңы көйнөк алыш үчүн карыздап акча алуу арам деп эсептелинип, зарылчылыкка жатпайт.
*- Менден карызга акча алып төлөгөндөр бар, төлөй албай калгандар бар. Кээде төлөй албай калгандар болсо өзүм барып кечтим деп айткан күндөрүм болот. Ошол зекет болобу?*
*Жооп:* Бул жерде кайсы бир мезгилде байлыкты берген, бирок ушул учурда ал байлык жок болгондуктан ал зекетке жатпай калат. Карызды кечип жиберип зекет бердим деген туура эмес. Бирок карызын кечкен адам кайсы бир деңгээлде күнөөсүнөн арылышы мүмкүн. Карыз берүү адамдардын кайсы бир мөөнөткө бир кыжаалаттан чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн бири-бирине акча берүүсү. Пайгамбарыбыз кимде-ким эки жолу карыз берсе, ошол сумманы бүтүндөй бекер бергендей соопко ээ болот деген. Ошондуктан колуңузда болгон болсо ,кайсы бир кембагалдарга карыз берген болсоңуз ошону кечип жибериңиз.
*- Мен унаа алып бир аз акча жетпей калгандыктан насыя алып төлөп бергенге туура келди. Бул сүткордукка жатабы?*
*Жооп:* Албетте сүткордукка жатат. Кээ бирлер мен насыяга акча алып эле жатам, жакшы эле байып жатам деп айтышы мүмкүн. Ал утурумдук нерсе. Бардыгына адал эмгек менен жетишибиз керек. Ошондо жугумдуу, берекелүү болот.
*- Маичилерге пара берүү туурабы же туура эмеспи?*
*Жооп:* Негизи мына ошол маичилер койгон эрежелерди кармануу биздин милдет болуп эсептелет. Куранда Алла Таалага анын элчиси пайгамбарыбызга, имамдарга, аалымдарга, жол башчыларыңарга, жетекчилериңерге баш ийгиле деп айтылат. Маичилер да ошол биздин жетекчилердин макулдугу, буйругу менен шарттарды, талаптарды коюп ишин жүргүзөт. Мисалы, 40тан ашпаш керек болгон жерден унааңызды 80 менен айдап жатсаңыз, милиция тосуп, 300 сом бере турган болуп 200 сом менен кутулуп кетсеңиз сизге дагы, ошол маи кызматкерине дагы арам болгон болот. Себеби ал маи кызматкери да аны алып барчу жерге алып барбай коюшу мүмкүн. Негизинен алар дагы сиз менен биздин коопсуздугубуз үчүн ушул милдетти аткарышат. 150-180ден ашып айдап, кырсыкка учурагандарга өзүн өзү өлтүрдү деп жаназа окулбай да калышы мүмкүн. Ошондуктан тартипти сактаганыбыз жакшы жыйынтык берет.
*- Молдонун акча алганы туурабы? Нике бекер кыйылышы керекпи?*
*Жооп:* Нике бекер кыйылышы үчүн мамлекет молдого акча төлөп бериши керек. Молдонун үй-бүлөсү, балдары бар, кээ бир молдолордун экиден, үчтөн аялдары бар. Аларды ким багат? Нике окутканды билгенден кийин акча бергенди да билишибиз керек. Эгер акча бербей койсоңуз молдо нике кыйбай койсо, анда өмүр бою никесиз жүрүп калышыбыз мүмкүн. Бир артист келип саксаңдап ырдап чыкса милдеттүү түрдө акча берип жатпайсыздарбы. Керек болсо молдого ашыгы менен бериш керек. Ал картошкасын чаап кетип калса, же уйун суугарып кетсе анда сиздин, биздин никебизди ким кыймак? Жаназабызды ким окумак? Молдоке ошон үчүн элдин кызматында болоюн деген. Ал биздин тыйыныбызга муктаж болуп окуган жок, ошентсе да анын эмгегин урматташыбыз керек. Той берсек аракка беребиз, кудага беребиз, ачуу басарга беребиз, анан молдого бербеш керек эмес.
- *Куран окугандыгы үчүн акча алган молдолорго кандай карайсыз?*
*Жооп:* Эгер молдого кимдир бирөө чын ыкласы менен ыраазычылыгын билдирип акча бере турган болсо анын эч кандай зыяны жок. Качан гана молдо куран окуш үчүн милдеттүү түрдө акча бергиле деп сурай турган болсо анда ал акча арам деп эсептелет. Себеп дегенде Алла Тааланын сөзүн акчага саткан болуп эсептелет. Ал эми кээ бир адамдар Куранды үйрөтүп, медреселерде сабак берип иштеши мүмкүн. Ошондуктан буларга берген акчаларыбыз пара эмес. Эгерде кимде ким куран окуш керек болгон жерден белгилүү суммада акча талап кылса, анда ал иттин этин жегендей эле арам иш. Эгерде молдонун эмгеги үчүн чын көңүлдөн бир белек, акча берилип, бирок молдо муктаждыгым жок деп чын көңүлүнөн баш тартса анда ал абдан жакшы. Эгер ал капа болуп калат дей турган болсоңуз ал белекти алып, сизден башка муктаж болгон бирөөнө берип койсоңуз болот.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy ✿ Fb.com/Formulasy ✿ Vk.com/Formulasy ✿ Youtube.com/UCOiLyw9Mqh3xYgNfTYC1dBA ✿ Instagram.com/Formulasy ✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев