Чийкил сары, төбөл, бийик каш-кабак,
Төрт мезгилди "төрө" сымал башкарат.
Жаз алдында эмгек менен жарышып,
Жер айдатып, кере кетмен чабышып,
Күз келгенде жыйым - терим башталат.
Былтыркыдан саны өскөнү байкалып,
Чабан акем мал артында, кайтарып,
Көңүлү ток бир нерсени билгендей,
Анда-санда "чырм" деп көзүн илгендей,
Ат үстүндө ыкшоо тартат чайпалып.
Баары бышкан, ак төө карды жарылып,
Эл талаада эгин-тегин чабылып.
"Палан, буудай беш центнерден алды"- деп,
"План толду" деп сүйүнүп салды кеп,
Бабам дыйкан барган жерде жаңылык.
Алтын түстүү чылгый сары кийинип,
Көздү уялтып сулууланып, чийинип.
Күз мезгили кирип келсе коруна,
Салам айтат колун алып бооруна,
Бышкан алма бутактары ийилип.
Короо толуп кургатылган жемиш как,
Өрүк, анар, жүзүм, чие бышкан чак,
Бүгүн бизде жаңылык го бир бүркүм,
Колду жайып маанайы шат миң түркүн,
Бажыраят багбан атам кызганчаак.
Малдар семиз, уйлар кепшейт, кой жуушап,
Таң атканча айтсам бүтпөс ойду узак.
Эң кыскасы албайт, берет, берешен,
Эмчек сүткө болот демек теңесең.
Күз мезгили ачка адамды тойгузат.
Азим Сатымкулов
18 09 2020
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5