
Пайгамбарыбыз Мухаммад: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – «Баардык адам балдары ката кетирүүчү, ката кетирүүчүлөрдүн эң жакшысы тооба кылуучулар» – деп айткан.
Айыркча ушул заманда,күнөө кылуу оңой,жеңил болуп, биздин абал ушундай бир абалга келди кулагыбызды бекитсек,көзүбүз күнөө кылып коёт,көзүбүздү жумсак оозубуз сүйлөп күнөө кылып коёт,оозубузду бекитсек, колубуз,бутубуз кыскасы өз денебиз өзүбүзгө баш ийбей калган абалга жетип калды. Эгерде биз күнөөлөрүбүздү балагатка жашка толгон күндөн баштап тартып сактап коюуга мүмкүн болгондо, бир нече күн көрүүгө тура келген узүун киного айланат эле.
Эгерде ар күнөө кылганда денебизге жара чыгуу мүмкүн болгондо ,биздин абал кандай болмок бир күндө эле бүтүн жерибиз калбай жара басып кетмек. Өзүбүздүн денебизден өзүбүз жийиркенмекбиз. Көп эле өткөзүп жиберди деп ойлоп жатасызда э... бирок акыйкатка көзүңүздү жакшы ачып карасаңыз күнөөнүн зыяны чындыгында ушундай.
Бирок биз жасаган күнөөлөрүбүздү унутуучу алсыз макулук болгонубуздан эч кандай күнөөсү жок адамдай болуп жүрбүз. Ооба,күнөөлөрүбүз өтө эле көп, бир күндүк эле күнүңүздү кечинде олтуруп эсеп -кысап кылып көрүңчү? Кичинекей тилиңизден башталат(айрыкча ушак фанаттары) ,калган дене -мүчөңүздүн эсепке алганда оо,кечинде дептер бетине батпай кетмек.
Техниканын өнүгүсү менен адамдар,барып ообара болуп олтурбай,жайында эле олтуруп колу менен жазып,бирөөнүн көөнүн оорутуп капа кылуу, абийирин төгүү,ушак,куруу -тоомат,бирөөнү бактысыз кылып үй -бүлөсүн бузуу,көзү менен канча жаман зына боло турган жаман тасмаларды көрүп , күнөө баткагына батып калдык. Ал күнү ушундай коркунучтуу күн болот, Жараткандын алдына көзүң,колуң,бутуң дене -мүчөң баары күбөгө өтүп берет ошондогу абалыңды элестетип көрчү?
Ойлосок эрте Аллах алдына барганда бийиктигинен учу көрүнбөгөн тоодой ,тонналаган күнөөлөр менен барганда абалыбыз кандай болоор экен?! Ошол,Аллах алдында ат көтөргүс күнөөнү мойнубузга көтөрүп,жардам берүүчү атабыз,таянган досубуз,туугандарыбыз, жаныбыздан артык көргөн балдарыбыз,сүйүктүү жубайларыбыз,көзүбүздү көр кылган байлыгыбыз,убакттын алтын мүнөттөрүн аны менен өткөргөн колдоочу кызматыбыз жок,эмне кылууну билбей калтырап -титиреп туруучу күндү элестетип көрөлү? Ал күнү ар бир жан өз күнөөсүн өзү тартуучу учур,ар кимдин кылганы,жасаганы өзүнө гана жардам берет.
Эй бир тууганым! Аллахтын жакшылыгынан эч качан үмүт үзбөй тооба кылууга шашылгың! Биз Аллахка муктажбыз! Ага таянып,Андан жардам сурап,Андан күнөөлөрүбүздүн кечиришин сурабасак,чоң адашуучулардан болуп,өзүбүзгө өзүбүз отун жыйып,тозоктун күйүп түгөгүс отунуна айланып калуубуз мүмкүн!
"Тозок деген жерде тезек -отун жыйылуу эмес,ал жакка бара турган инсан отунун өзү камдайт "(Пир Султан Абдал)
Ошондуктан кеч боло электе тооба кылууга шашылгын! Убагында билбестен жасап койгон,же билип туруп шайтандын азгырыгынан жасап койгон күнөөлөрдөн кутулуунун жолу бар бекен? Албетте бар, Аллах Таалам чексиз мээрими ырайымы, менен пендесинин күнөөлөрүн кечирүү үчүн тооба эшиктерин ачып койгон. Аллах чексиз илимдүү Зат, Ал пенделеринин мүнөт сайын күнөө жасап койорун жакшы билет. Ошондуктан өз пендесине, эненин баласына болгон мээриминен да ашыкча мээримдүүлүк менен алардын кылган тообаларын кабыл кылат. Аллах Таала пенденин түн ичинде жасаган күнөөсүн кечирүү үчүн күндүзү күтүп турат. Ал эми күндүзү жасаган күнөөсүн кечирүү үчүн,түндөсү күтүп турат. Аллахтын кечирими чексиз. Аллах Таала: «Эй менин өздөрүнө зыян кылып жаткан пенделерим.
Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула. Аллах Баардык күнөөлөрдү кечирет» – деп айткан. Чындыгында Аллах Таала кечиримдүү. Бирок, Аллах күнөөлөрдү кечирүүсү үчүн тооба кылууну унутпообуз зарыл. Чын ыклас менен, баардык шарт-тарын аткарып тооба кылсак, Аллах Таала аны кабыл кылат.
Айтууларга караганда ынтызарлуу тикмечи сахабалардын бирине собол узаткан:
«Алла Элчисинин: «Алла Таала тообаны пендесинин жаны кекиртекке келгенге чейин кабылдайт» деген хадисин чечмелеп бериңизчи?
Сахаба мыйыгынан жылмайып, тикмечинин өзүнө собол таштады:
– Ооба ошондой деген. Бирок сенин кесибиң эмне?
– Тикмечимин, кийим тигем.
– Сен үчүн тикмечиликте кандай иш эң жеңил?
– Кайчыны кармап кездемени кесүү.
– Бул иш менен алектенгениңе канча жыл болду?
– Отуз жыл.
– Ичер сууң, көрөр күнүң бүтүп, жан кекиртекке кептелген кезде кездемеңди кесе аласыңбы?
– Жок. Аны эч ким жасай албайт.
– Ээ, тикмечи! Аз убакыт ичинде кыйынчылык тартып үйрөнүп, анан отуз жылы бою оңой олтоң жасап жүргөн кесибиңди ошол кезде орундата албасаң, өмүрүңдө эч бир оозанбаган тообаны анан кантип өлүм алдында айтып, кабылдата аласың?! Андан көрө ушу бүгүн күч-кубатың барда тооба кылып кал! Болбосо акыркы демиңде истигфар менен жакшылыктуу өлүм насип болбой калышы мүмкүн…
«Өлүм келгиче тооба кылууга ашыккыла!» (Мунави, V, 65) деген насаатты эч уккан эмес белең?»
Ушул сукбаттан катуу таасирленген тикмечи андан аркы өмүрүн салихтик менен өткөрүптүр.
Тооба эшиктери кыяматка чейин ачылуудур,бирок ал эшикке кирүүгө жетишип калууда кеп. Ал эшиктер балким азыр,же кечинде же эртең же жумада,айда ,жылда жабылып калуусу мүмкүн. Анткени ал эшикти жаба турган өлүм турарын эч унутпаң! Сиз окуп жаткан экенсиз сизде тооба кылууга мүмкүнчүлүгүңүз бар, андыктан тооба кылууга шашылыңыз тууганым!
👤Насиба Абдуллаева.
©👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy ✿ Fb.com/Formulasy ✿ Vk.com/Formulasy ✿ Youtube.com/UCOiLyw9Mqh3xYgNfTYC1dBA ✿ Instagram.com/Formulasy ✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев