Закреплено
enzhonokoy

Даамдуу РЕЦЕПТТЕР!!!

Добавлено фото в альбом

ЖООГАЗЫН салаты Керектелүүчү азыктар: • 12 даана кичинекей помидор • 1 боо көк пияз • 200 г сыр • 150-200 мл майонез • 240 г краб таякчалары • 3-4 баш сарымсак • Туз (көз өлчөмү менен) Даярдоо ыкмасы: Алгач ар бир помидорду кайчылаштырып төрткө бөлүп кесип, чай кашыктын жардамы менен ар биринин ичиндегисин алып чыгабыз. Андан соң жоогазын формасындагы помидорлордун ичине салынчу салатты даярдайбыз. Ал үчүн краб таякчаларын тиешелүү көлөмдө туурап, сырды майда кылып сүргүчтөн өткөрүп, ага тууралган сарымсакты, тузду жана майонезди кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон салатты помидорлордун ичине салып чыгабыз. Тарелкага коюлган көк пияздардын ар биринин башына ичине салат с
Кулпунай десерти Курамы: 1-2 даана банан 150-200 гр. кулпунай 150 мл. айран (татымына жараша) бал же кумшекер кооздук үчүн жалбыз Даярдоо ыкмасы: Алгач банан менен кулпунайды (кулпунайга кумшекер кошулат) эзип пюре кылып алабыз. Даяр болгон пюрелерди ирети менен идишке сала баштайбыз. Биринчи кулпунайды салып, үстүнө айранды куябыз. Кулпунай менен айрандын үстүнө банан пюресин куюп, 4-катмарга кайрадан кулпунай салабыз да, жалбыз менен кооздоп коёбуз. Тамагыңыздар таттуу болсун!
enzhonokoy

Даамдуу РЕЦЕПТТЕР!!!

Добавлено 2 фото в альбом

Показать ещё