КӨК ЧӨПТӨРДҮН ПАЙДАСЫ
Өзүңүзгө керектүү чөптүн дал өзү экендигин аныктап, анан териңиз. Уулуу чөптөр да бар экенин эске алыңыз.
• Чөптөрдүн жаңы чыккандарын гана терүү керек. Сөңгөгү каткан чөптөрдүн даамы ачуу боло баштайт.
• Чөптөрдү таң эрте, унаа жолдорунан алыс, мал, ит көп баспаган жерлерден терүү шарт.
• Чөптөрдү кагаз баштыкка же себетке чогултканыңыз оң. Темир, жез идиштерге салганда кычкыл тартып калышы мүмкүн.
ТУУРАМЖЫ ДАЯРДОО
1. Алгач беде, ат кулак, жалбыз, чалкан, чырыш терип, тазалап, муздак сууга 3-4 жолу чайкап алабыз. Чырышты кайнак сууга 1 мүнөттөй салып алуу шарт.
2. Андан соң суусун сарыктырып, майда туурап, казанга салып жай отто 5-6 мүнөткө демдейбиз. Чөптөрдүн өзүн