Керектелүүчү азыктар:
• 12 даана кичинекей помидор
• 1 боо көк пияз
• 200 г сыр
• 150-200 мл майонез
• 240 г краб таякчалары
• 3-4 баш сарымсак
• Туз (көз өлчөмү менен)
Даярдоо ыкмасы:
Алгач ар бир помидорду кайчылаштырып
төрткө бөлүп кесип, чай кашыктын жардамы
менен ар биринин ичиндегисин алып чыгабыз. Андан соң жоогазын
формасындагы помидорлордун ичине салынчу
салатты даярдайбыз. Ал үчүн краб
таякчаларын тиешелүү көлөмдө туурап, сырды
майда кылып сүргүчтөн өткөрүп, ага тууралган
сарымсакты, тузду жана майонезди кошуп
аралаштырабыз. Даяр болгон
салатты помидорлордун ичине салып чыгабыз. Тарелкага коюлган көк пияздардын
ар биринин башына ичине салат салынган
помидорлорду бирден коюп, айланасын
бадыраң менен кооздоп коёбуз. Мына
ошентип майрамдык мыкты салатыбыз даяр
болот.
Кыстырма: Помидордун ичине салынуучу
салатты фантазияңызга жараша өзгөртө
берсеңиз болот. Ошондой эле сиздин бул
салатты канча помидор менен жасашыңыз
келчү коноктордун санына же өзүңүздүн
каалооңузга гана байланыштуу.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2