
(Баштан откон чыныгы окуялар)
42-43-БӨЛҮМДӨРҮ
Атам кетти. Төркүндөрүм берген акчаны энемди (мамамды) катып коюңузчу деп бердим. Кезектеги дүкөндөгү жумушума чыктым. Адаттагыдай эле соода кылып отурам. Бир маалда бир киши келип, болбогон бир нерсе алып 500 сом сунду. Алган буюмун баштыкчага салып, калган акчасын кайтардым. Бүкүл акчамды бере бер, менде майда бар экен деп, 200 сомду сунду, кайрып берген акчамды санабай эле коюп, кайра 200 сомго акча кайтардым. Ошо менен бүтүп калбай, кайра мен берген акчаны берди 200 сомумду бере бер, чөнтөгүмдө майда бар экен деп. Эмнегедир шашкалактап, калтырап жаман болуп баштадым, жашмын да. Мен көз боёмочу менен соодалашып жатканымды кайдан билдим. Чыгып кетти кассаны андан бир аз мурун эле санап, жазып койгом. Эмнегедир шекшип, кайра-кайра акчаларды санадым. акчам көбөйбөй эле азайып кетиптир. Мына сага...Кожейкем бир маалда товар алып келди. Өзү жаш, бай болсо да бой көтөрбөгөн, өтө жөнөкөй айым болчу. Кезегимди өткөрүп бермей күн келди. Сезгендей эле акча жетпей калды. Айлыктан кемитти да 1000 сомдой акча алдым. Бирок, жүрөк заадалуу жумуш экен, өзгөчө түнгө калганда. Мындан ары иштебей турганымды айттым да үйгө кеттим. Ар дайым туруктуулукту каалайм. Тилекке каршы ойдогудай болбой койду.
Үйгө келдим. Энемдеги акчаны алып, эртеси контракты төлөйүн деп ойлодум. Негизи контракка башка беребиз деген, муну өзүңө гана ырымда дешкен эле. Бирок, сарсанаа болбой болушунча төлөп салайын деп ойлодум. Оюмду айтып, каттырып койгон акчаны сурадым.
Мына сага! Бир тыйынын да берген жок.
-Сени ушу күнгө чейин багып, чоңойтподум беле андан бир сом албай - деп гана тирмийип койбодубу?
Унчукпадым. Жөн гана, аны көзүм көрбөгөн жакка басып кетким келди. Кийиндим да белгисиз жактарга кадамдарымды таштап бараттым...
Жөн гана, аны көзүм көрбөгөн жакка басып кетким келди. Кийиндим да белгисиз жактарга кадамдарымды таштап бараттым...
Жолдо ишенимсиз кадамдарымды таштап, шылкыйып басып бараттым. Алдыман мурда чогуу иштеген бир эже чыгып калды. Дароо булуттан чыккан кунго окшоп, жарк деп жибердим. Ооба, эч качан бейтааныш адамдарга маанайсыз жузумду корсоткум келчу эмес. Андай адамдардын алдында менден откон бактылуу кыз жоктой эле. тааныштарды сурашып, оз жолубузга туштук. Кичине бош болсом отуруп ойлончу бак арасы Жаш гвардия бульварына бардым. Оор ушкурук менен ойго чомулдум. Мекткпте окуп жургондо, математикадан берген мугалим ар дайым бизге бир цитатаны айтаар эле: "Адам бироону куноолордон мурда, озун ошол адамдын ордуна коюп, жыйынтык чыгарыш керек " -деп. Дал ушул суйломду омур боюу колдондум.
Менин энем - тогуз ай кээде жыргап, кээде ыйлап которду. Албетте мен анын алдында карызым коп. Бирок деген жерге келип, терен ойго кеттим. Ал байкуштун деле меники сымал суйгону болгондур да...Атам андан айрып кеткендир... Алгачкы бактысын атам байлагандыр. Балким, энем аны чындап суйоо албагандыр. Конулсуз маанайда жашаган энем суйуктуусун издегиси келгендир. Убакыт отуп, озу жактырып куйоого тийсе... Аны менен мен... Энем мени тандаганы учун аны менен ажырашкандыр. Мени кысылбай кенен жашасын деп, аны жашоосунан чыгаргандыр. ..Анан кантсин, эки адамдын ортосунда сыгылып жашоосу оор болгондур... Анысы кетсе да, аны сагынгандыр, ден-соолугу аны самагандыр. .. Кантем, канткенде кандай болот. Кайрадан куйоого тийсе деле жакшы бомок. Мен такыр тоскоол болбойт элем, ал кандай адам болбосун... Эгер синдимдин атасы бир аз акылдуу болгондо мени алдап эле озуно жакындатып алмак да... Жок ал антпеди, мени менен чоон киши менен урушкансып урушчу эле... Айткан создору: "Турмого кетсем да сени олтуром...- деген. Мени жайыма коюп апакеме эле берип койсо, бактылуу жашай беришет беле? Жок дегенде синдим атанын мээриминде чонойот эле... Эх...катаал тагдыр! Бактысыз кундорумо, бироону куноологум келген жок. Энекебай чыдай тур, бир убакта мен деле сизди бактылуу кылам... " Эй, жараткан, кичинекей адамзатты сынап жатканынды, сезем, туям. Бирок, мен сынбайм, бир аз ийилээрмин бирок эч убакта сынбайм! Котором, мага негизгиси бакыт бер, бакыт..."
Ушул ойлорго баткыча канча адам келип, тийишип кетти. Кызык, карысы да, жашы да...Оюма Аида эже тушо калды. Ага барып, жанылыктарды угузайын дедим.
Адатынча жылмайып тосуп алды. Болгонун болгондой айттым. Ал а энемдин кылганына тан калып:"Жок дегенде 1000 сомун берген жокпу, озуно ырымда " - деп тан калды...
Эртеси окуу жайга бардым...
Заңгыраган чооң имаратка кирип бараттым. Эми мен ушул каалганын эшигин беш жарым жыл бою ачаармын. Ушул жерден бир кесиптин ээси болуп, келечегимдин пайдубалын тургузаармын. Биздин факультетке жетип бардым. Окуум октябрда башталат экен. Контракты негизги корпустан төлөш керек экен. Негизинен жарымын төгүш керек экен. Мен канча болсо ошону төгүп коёо берейин деп ойлодум.
Ошо кезде кызыл түз мода эле. Ойдө жагыма ак, ылдый жагыма кызыл шым кийип, чачымды тыкыз кылып, жогору байлап, бир аз Айчүрөктүкүндөй көкүл. Коридордо баратсам мага окшош кыз турат. Мага окшош дегеним, бою меникиндей жапалдаш жана мага түспөлдөш. Чоочун адамга бой көтөрмөй адатым бар эле, бирок эмнегедир бул кызга көңүл бургум келди:
-Чон кыз, кайсы окууга тапшырдың? - деген суроомо, мен өткөн окууга экенин айтты.Сөзүмдү сүйүнүч менен уладым:
-Окуу башталса группалаш болот турбайбызбы? - деп өзүмчө жыргаганыма, тиги бир аз көз сүздү. Ичимен "кыйынсыңбы? " дедим да:
-Канчанчы жылкы болосуң?
-Канча бересиң? - деди. Ошол жылы кээ бир 85 тер бүтүп жатканына байланыштуу,
-85 - дедим жылмайып.
Тиги кыз такыр эле көзүн сүзүп:
-84 - деди таппай калдың дегендей.
Мм... жаман бой көтөдү го, көрүшөбүз окуу башталганда. Мен деле кыйынмын, а так дегенсип басып кеттим. Атын деле сураган жок окшойм. Иши кылса мага окшош кыз да жакшы таанып калдым. Негизги корпуска барып колумда 800бү же 700бү эсте жок, ошону төктүм.
Убакыт - акча дегенди, ошондо түшүндүм. Менин ар бир күнүм бош болбош керек, менин бир күн бош калганым, эртеси ачка калганым, дедим да, жумуш издөөгө жөнөдүм. Ош базарда Сейтек деген кафе бар эле...ошол жерге официантка болуп бир күн иштеп көрдүм. Жакпады, тамакты балит жазагандары жана жигиттердин талаадагы кызга тийишкендей тийишкени зээнимди кейитти. Эртеси, кайра эле радиотүйүндө турмай. Күндөрдү өткөргум келген жок, тикмечилик токтоп баратат, анысыз да айлык бербей убара кылганы жанды жейт да. Бир маалда бирөө келди, пияз туураганга деп акысы күнүнө төлөнөт экен. Кеттим. Күнүнө бир жарым мүшөк пиязды туурайт экеенсиң. Биринчи кадимкидей, узун-узунунан(соломка), анандан соң узуну 50 см, жайыгы 10см болгон килтейген бачак менен, мантыга жана самсыга майдалайт экенсиң. Ал эми чүчпарага кадимки сечканын формасында майдалайсың. Байкуш көз да көнөт тура, адал акча дегенде. Алганым күнүнө 40 сом. Жолго 10 сом. Түшкү тамак чайым бекер. Ошондо колумда 30 сом калат. Бир айда 900 сом. Эң жаманы какайып гана туруп иштейсиң. Мейли жакшы жумуш жок, баардык жерде "бирок" бар дедим да иштей бердим. Эртең мененки 8ден кечки 8-9га чейин кээде кармалып калам. Жумуштан сон жуунуп, тазаланып, кийинип, суйкайып чыга келебиз. Транспорт аз гана калган болот. Анысы келип, үйгө жеткиче 10 болуп кетет. Келсем, эшик ичкериден илинип, уйкуга жатышкан болот. Кеч келгениме ыңгайсызданып, акырындан терезени тыкылдатам. Кээде укса да укмаксан болуп, бир аз унчукпай аздан соң:
-Ким бул?- деген үн чыгат.
-Меен - өзүнчө эле күнөөлүү кишимин.
-Эмне үйүң барбы? - деди ичкеридеги.
-Жумуштан ушундай кеч чыгам.
-Кишинин уйкусун бузуп, түндө ты...ты...пы... ты... ты... бир демелерди сүйлөнүп келип эшик ачылат. Курсагым ачып келсе да, чай ичүүгө акым жоктой, ыңгайсыз төшөк салып кулайм. Чарчаган жаным дароо уйкуга кетем. Эртең менен эрте туруп кетмей. Жумуштан эрте чыгууга аракет кылып, кээде жата электе келип сүйүнүп калам. Бирок, жумуш аркандай болуп калганын койбойт. Эки күн катар кеч келдим. дагы жатып алышкан. Баягыдай эле көрунүш менен зоррго эшик ачылды:
-Мындан кийин, ушундай кеч келе турган болсоң, үйгө келбей эле кой - деди.
Мына сага! Кайда барам. Үйүм турса башка жакка чыгып жашаганым уят эмеспи? Элдер эмне дейт? Кантем? Ушул сыяктуу суроолор мээмди жеп бүттү. Эртеси дагы кечирээк чыктым. Үйгө барбадым, дароо Эляныкына жөнөдүм. Дагы жакшы бизжакка батирге чыгышкан. Күйөөсүнө, үйдөгүлөр ачкыч таштабай кетип клыптыр - деп койдум. Ушуларга окшош күндөр уланып жатты. Бирок намысыман, пияз туурагыч болуп иштеп жатканымды энеме ооз ачкан жокмун. Уялдым. Ал да кызыгып сурабады. Мындай көрүнүштү токтотуу үчүн атама телеграмма жөнөттүм. Ал келсе, мени батирге алып чыгып кетиңиз. Өзүм ээн баш кыздай үйдөн чыкпайын дедим.
Атам буюрса, эки күндөн кийин келип калат...
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар чыгарма кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8