
(Баштан откон чыныгы окуялар)
17-18-БӨЛҮМДӨРҮ
Таң атты. Шаарга жөнөдүм. Бактылуу күндөрүмдүн аягына чекит коюлду. Айылдан чыгып баратып, ыйлагым келди. Адамдык сөлөкөтүмдүн бир капталы калып жаткандай туюлду. Оюмда жомоктогудай болуп, жок дегенде, райондон жолуксак деп коём. Жолукпасымды сезип жаттым. Бирок, өзүмдү-өзүм алаксытып коём. Райондон келдик. Ал көрүнбөдү. Нечен ирет түшүп калгым келди. Анте албайм да. Райондон автобус жүрдү. "Токто! Токтотуңуз! - деп кыйкыргым келет. Айла жок, кантейин. Ошондо эле, азыркы уюлдук телефон секет болсочу! Балким. таптакыр башкача болмоктур...
Шаарыбызда жайкы саратан. Канчалык ысык болбосун, биздин үйдүн атмосферасы ар дайым муздак. Ала турган кызыл аттестатым жок, үйгө үңкүйүп кирдим. Закон ушундай, үйгө кирбей, дарбаздан аттаар замат эшиктеги иштерди бүтүрө келишиң керек. Мисалы, огороддогу сууну бууруп, жайылып турган төшөктөрдүү күүп, жерге түшүп калган алма өрүктөрдү терип анан үйгө кирмей. Мамамда адегенде, учурашып, ал-акыбалды суроо жок. Дароо ишке салмай. Ушундай жоруктары менен келген адамдарды муздак тосуп алат. Адамдарды өзүнө тартуу, алардын көңүлүн алуу деген сапаттар жокко эсе. Ооба, абдан таза аял чиркин! "Бул айтчу нерсе, бул айтпай турган нерсе" - деп бөлбөйт. Адамдын көңүлү ооруйбу, башкасы ооруйбу, катуу тийеби, аны ойго албайт да "балп" эттирип айтып салат.
Айылдан келген кийимдеримдин баарын бир сыйра жуудум. Албетте таза бойдон келген.Бирок, тигинин көзүнчө да жуушум керек да. Кургады.Үтүктөдүм. Анан:
-Мама, мага бир полка бошотуп бересизби?
-Эмне? Кайдагы полка? Бул жака өзүмдүн кийимдерим батпай жатат!
Ачуум келди, эми мен мурдагы секелек эмесмин. Оюмду бетке айткан, өжөр кызмын.
-А эмнеге? Бул жактан кийилбеген кийимдерди алабыз....- деп бир полкадагы кышыкы кийимдерди алып, бир текчени бошотуп жатам. Буларды чемоданыңызга же сандыка салып коюңуз.
-Атаңдын башы! Азыр атаңдын башын салам ошол жакка. акмак өлүңдү көрөйүн сво..ч Сен менин кийимдеримди билип калгыдай кимсиң?
Кийимдеримди алып ыргытты. Мына өжөрлүк. Кыйраттым. Тигини от алдырдым. Бүттү кечке сүйлөнөт. Кийимдеримди көтөрүп келдим да, манежке көчүп кетчүдөй эки баштыкка салып койдум.
Кечки чайга отурдук.
- Кызыл аттестат алам деп кыйын болуп атпадың белең? Эмне болду?
-Ооба, ошентип айтышкан. Областка тестке барыш керек болчу экен. Мүдүрдүн орун басары унутуп калыптыр.
-Келесоолор го! Формализм! Ал эмне окуучубу, үйгө дептерим калып калыптыр дегидей. Жөн эле бир шылтоо да. Кимдир бирөөгө жазап беришкендир.
Ошондо шектене баштадым, мени менен мүдүрдүн тууганынын кызы бүткөн. Балким, ошого жазап коюштубу? Бул жагы табышмак.
- Деги, кайсыны окуйм деп турасың?
-Мурдагыдай эле, журналистиканы.
-Ушу сенин мээң иштебей койду. Журналисттер темселеп, туфлийи жыртылгыча иштешет, алган айлыгы мугалимдикинен да аз . Мындай бир маанилүүрөөк кесип тандасаң боло!
Ооба айлыгы аз дечи, бирок ошол ишти иштеп кете алганы бар, иштебей калганы да бар. Кеп айлыкта эмес, кеп кылган ишиңен күч-кубат алууда. Чыгармачыл адам ар дайым изденүүнүн жолунда . Аларды ишке ашырууга канча күч коротсо, аягында эки эсе энергияга ээ болот. Буга түшүнбөдү. Эртеси окуу жай кыдырууга өттүк.
Уландысы бар...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2