
Биз балдарыбызды багып жатабыз.
Бирок тарбиялап жатабызбы?
Багуу — оңойураак.
Ага акча керек, шарт керек, мүмкүнчүлүк керек.
Ал эми тарбияга — убакыт керек. Көңүл керек. Сабыр керек.
Биз биринчи жолду тандадык.
Үй салдык. Шарт түздүк.
“Балам кыйналбасын” дедик.
Бирок бала кыйналбай өскөн сайын — бизден алыстап бара жатканын байкабай калдык.
Сүйлөшүү азайды.
Угуу жоголду.
Бир үйдө жашап, эки башка дүйнө болуп калдык.
Биз баланы жашоого даярдайбыз дейбиз.
Чынында — эсепке үйрөтүп жатабыз.
Пайда болсо — жакын бол.
Пайда жок болсо — алыста.
Бул сөздү айтпасак да, өзүбүздүн жашообуз менен үйрөтүп жатабыз.
Анткени биз өзүбүз да ошондой жашап калдык.
Убакытты үнөмдөйбүз деп, адамды жоготтук.
Тез жетем деп, бирөөнүн жолун кестик.
Тез өнүгөм деп, балалыкты кыскарттык.
Бала тез чоңойсун дейбиз.
Тез түшүнсүн дейбиз.
Тез “адам болсун” дейбиз.
Бирок бала тарбиялоо — ыкчам долбоор эмес.
Бала — планды бүтүрүү эмес.
Аны тездетсең — ичин бош калтырасың.
Эң коркунучтуусу — бул адат эртең бизге кайтып келет.
Биз картайганда,
пайда алып келбеген ата-эне болгондо,
биз үйрөткөн логика иштей баштайт:
“Керек болсо — барам.
Керек болбосо — убактым жок.”
Ошондо биз таң калабыз.
Бирок кеч болот.
Анткени балага биз берген эң чоң мурас —
үй эмес, акча эмес,
мамиле болчу.
Ал эми биз аны үнөмдөп койдук.
Адилет Зарылбек уулу


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2