
Мындан беш алты жыл мурун коңшу айылда Эмил кассап деген киши каза болуп, суук кабар бат эле таркап, биздин айылга да жетип келди. Атамдын айтышы боюнча Эмил кассап ошол айылдын абройлуу адамдарынан экен. Суук кабарды угушкан эл— журт, жакын достору баары жаназага барышты. Жаназадан соң, Эмил кассапты жерге берип келишти. Эртеси айылды өтө суук кабар каптап кетти. Мындай суук кабарды угуп баары тооба деп, жакаларын кармашты, кимдир бирөө болсо, ит, куш тийгендир, балким бул жерде бир сыр бар деп, сөз кыла башташты элдер.
Себеби кече жерге берилген Эмил кассаптын мейити жер үстүнө чыгып калган эле. Эмил кассаптын уулу бир эки досторун чогултуп, атасын дагы жерге берип келишти.
Эртеси баягы эл суук кабар, дагы айылды таркады. Кассаптын мейити дагы жер үстүнө чыгып, ит куштар, тытмалап салган экен. Мындай абал кайталана бергенин, уулу айылдын имамына кайрылып, маселени чечип берүүсүн өтүндү. Имам элдерди чогултуп, болуп жаткан окуя жөнүндө сурады жана уулуна суроо берди.
— Атаңыз кандай адам эле?
— Мен эсимди тааныгандан бери атам кассап болуп иштечү.
—Адамдарга кандай мамиле кылат эле?
— Адамдар менен жакшы мамиледе болчу.
— Атаңыз жөнүндө дагы эмнелерди айта аласыз?
Унчукпай калган балага карап,
—Уулум атаңыз жөнүндө билгениңизди айтыңыз, атаңыздын жаны тынчтансын,— деди имам.
— Уулу унчукпай, өзүңүзгө айтсам кандай болот деди.
— Макул жүрүңүз мени менен деди имам.
Айта бериңиз.
— Атам, мен эс— акылымды тааныгандан бери элдерди алдап келди, малдын этине, эшектин этин аралаштырып, алдап сатчу. Бир карыя эне, атамдын бул кылыгын билип калып, жегенибизди арам кылган эшек, өлсөң көрүңө да батпагын, өлүгүң ит, куштарга жем болсун деп аябай ачууланып тилдеп кеткени эсимде,— деп айтты.
—Имам жакасын кармап, АстагфирАллах,- деди.
Атаңыз элди арам менен алдап өтө чоң кунөөгө баткан экен. Ошол үчүн да "КҮНӨӨЛҮҮ АДАМДЫ, ЖЕР ДА АЛЫШЫ КЫЙЫН БОЛОТ",— деп бекер айтылбаган уулум. Аллах өзү кечирсин атаңызды.
— Уулум бул окуяны элдин баары билиши керек, кимдир бирөөлөргө сабак болот, жүрүң элдин алдына чыгыңыз да, болгонун болгондой айтыңыз, деди имам.
Уулу эл алдына чыгып:
"Атамды кечире алсаңыздар, кечириңиздер"— деп баарын айтты.
Элдер ызы— чуу болуп, ар ким ар кандай сөздөрдү айта башташты.
Имам элге кайрылып, бизде өлгөн адамдын артынан жаман сөз суйлөбөйт, келиңиздер куран окуп, Аллах күнөөсүн кечиришин сурап, кайрадан жерге берели деди.
Ошол окуядан кийин Эмил кассаптын мейити тынч алган дешет.
БУЛ БИР ОКУЯ ДЕҢИЗЧИ, АЛ ЭМИ КӨЗ КӨРҮНӨ ЭЛЕ АКЧА ДЕП, ЭЛДЕР БИРИН— БИР АЛДАП АРАМ ЭКЕНИН ЫЛГАБАЙ, КҮНӨӨДӨН КОРКПОЙ, АКЫРЕТТИ ОЙЛОБОЙ КАЛЫШТЫ.
Түрк тилинен которгон.
Аруузат Муслима
"


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1
Тозогун деле ушул жерден башталат ...
АЛЛАХЫМ КАБЫР АЗАБЫНАН САКТАСЫН ...
Мулк суроосун Кооп окуп журунуздор ...!
БААРЫБЫЗДЫ ФИРДАВУС БЕЙИШИНЕН КОРУШУУНУ НАСИП КЫЛСЫН ЖАРАТКАН ЭГЕБИЗ