
Шайтандын пенделерди адаштыруучу күчтүү куралы- ич күйдүлүк. Ич күйдүлүк- башка адамдарга таандык болгон нерсени өзүнө ыраа көрүү, ошондой эле бул жакшылыктан башка адамдын кур калуусун каалоо дегенди билдирет. Ошондуктан пенде башканын ийгиликтерине ээ болгонго, аны алууга аракеттенет. Рагибтин ою боюнча " ич күйдүлүк адамда болгон жакшылыктардын жоюлушун каалоо". " Ич күйдүлүктүн негизги максаты адам ээ болгон баардык жакшылыктарды жок кылуу, ар- намысты талкалоо, бузуу. Адам ал нерсенин өзүндө болуусун каалайбы, каалабайбы деген суроо туулат. Чындыгында, адам кимдир бирөөнүн жакшылыктарга ээ болуусун көтөрө албайт".( Хак Дини Куран Дили, 9,6404)
Ошондуктан биз шайтандан коргонуу үчүн Алла Тааладан кандай жардам сурасак, ичи тарлыктан узак болуу үчүн да жардам сурап, дуа кылышыбыз керек.
Ошону менен бирге Алла Таала бизге жакшылыкта жарышуубузду да буюрган. Бул жарыш түбөлүк жашоонун жыргалчылыктарына ээ болуу максатында болот.
Улуу Жараткандын жүзүн көрүү үчүн, Бейиштин бийик даражаларына жетүүгө аракеттенүү баарыбыздын максатыбыз жана милдетибиз. " Акыйкатта такыбалар Бейиште болот. Бийик орундуктарда айланага көз салып турушат. Сен алардын жүзүнөн Бейиш жыргалын байкайсың. Аларга мөөрлүү суусундук берилет. Анын бүтүшү жыпар жыттуу".( Мутафиффин 83/22-26)
Ич күйдүлүк менен кызгануу тууралуу Юсуф сүрөсүндө айтылган. "Якуп: О, уулум! Түшүңдү бир туугандарыңа айтпа, алар сага айла- амал жасап (кыянаттык, жамандык, ичитардык, көралбастык) кылып коюшат. Чындыгында, шайтан адам баласына анык душман" деди".( Юусуф 12/5)
📚"ШАЙТАН АЗГЫРЫГЫНАН КОРГОНУУ" китебинен...
🌿ЫЙМАН НУРУ медиа порталы


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев