
(Же чырмалышкан тагдырлар)
9-БӨЛҮМ
-Мм,эмне дешээр экен.Сизди коруп кайненем баары бир куйоомдун апасы да,кызганып да алды.Аны сиз кайдан сезмексиз.Чыгып баратканынызда козун сузо карабадыбы.Эми болсо мен кантип коп убакытка чыга алам?
-Алар бугун келишсе,бугун эле кете коюшпастыр,ээ?
-Ооба,дайыма келгенде эки-уч кун турушат,бирок ошондо да журоктору сыгылып,кеткенге шашылышат.
-Кой,Айнур,мен эки-уч кунго дейре жок болуп кетем.Ансыз да аран дегенде танды атырдым.Же андайда убакыт да отпойт экен.Сен коп кыжалаттана бербей,кир да аз моонотко иштерим чыгып калды эле де,сага рахмат дагы,ошончо жылдан бери аларды сыйлап келе жатыпсын.
-Ооба,десениз.Эгер куйоомдун ата-энеси болбогондо мен деле эбак оз турмушум менен кетээр элем.Ал тугул анда дагы да жаш болчум.Карысы бардын ырысы бар дегендей ушу куйоомдун ата-энеси да козуно корунбой алда кимдир бироону жетелеп кете бербедиби.А мен ушулардын ак батасын алып калайын деп сабыр менен отурганым отурган,айткам сизге же мандайдан сылап тосуп алчу оз апам жок.А атам болсо чалды-гуйду огой апамдын созунон чыга албайт.
-Мен сенин ушунчалык сабырдуулугунду,тазалыгынды ото баалайм.Кир эми,кире кой,Айнуш.Мен сени канча болсо да кутуп турам.
-Койбодунуз да,кирейинчи,-деп Айнур шайдоот басып кетти.
-Ата,апа чай ичтиниздерби?Менин бир аз ишим чыгып калды,копко кармалбаймын.Капа болбой отуруп,эс ала турунуздар.Ушул маалда баары бир аял эмеспи,кайненеси сынаган адам болуп эки кашын которо:
-А,кайда барасын,жанагы келген жон киши ондонбойт,экоон бирге иштейсинерби?
-Ой,болбогур кепти эмне кыласын,бу шаарда мынтип кыбырабасан ачка каласын,сенин ишин эмне?,-деп кайнатасы бакылдай.
-Ээ,айттым,койдум да.Озу билет да эмне менден сурайт беле,сурабай деле кете берсе биз бирдемке дейт белек,-деп этегинде жок эле ушакты дасторконго кага.
-Мейли,балам.Бара кой,мен акырын шаарынарды айланып келем,ишинди бутуро бер,кана эмесе жолун шыдыр,жолдошун кыдыр болсун,уйун башка,казанын ашка толсун,жолдорун ачык,мандайын жарык болсун,эмне тилесен тилегине жет,алдагы балдарындын кунун кор,биз сага ыраазыбыз,-деп кайнатасы алакан жая бата берди.Мына ушуну ыймандуу карылык десе болот.Учурда карыларыбыздын ак бата айтканы бар,айтпаганы бар.Айнур алардын ыраазычылыгын алып чыгып кетти.
-Кутуп калбадынызбы?
-Айнур,мен сени омур бою болсо да кутом,сен мага он эле жооп берсен болду.
-Андай дебениз.Экообуздун али алдыда сырдуу чечиле элек туйундор кутуп турат сыяктуу.
Экоо тынч,адамдар аз жайдан орун алышты.
-Айнур,кечээ эмнеге качып кеттин?Мен аябай кабатырландым.Сенин акыбалынды да коруп боорум ооруп кетти.
-???
-Билем,Сагын дедин беле?Сагындын сенин турмушунда маанилуу орду бар экенин.Бирок кандайча экенине башым жетпейт.Мен сени менен Сагынды суйлошолу деп келсем,сенин кайнатанды коруп,ал таптакыр оюмду буруп салды.Мумкун Кудайым ушуну насип кылып бергендир.Мейли,куйоондун ата-энеси тууралуу айтып бер.
-Эми алар жонундо эмнени айтам.Бир уул,эки кызды тарбиялашты.Кайнежем,менин куйоом,анан кайнсиндим бар.Кайненем биринчи перзентин жоготуп алып,кийинкилерин удаа-удаа тороп алыптыр.Учоонун аралыгы бир,бир жарым жаштан.Кайнатам окмот ишинде,кайненем жашында сакманчы болуп иштептир.Ошол дагы эмнесин айтайын.Азыр айылда элдин алды дебесем да,элден кем калбай жашап журушот.Чон кайнежемдин тун уулу алардын колунда,кайненем кичинекейинде багып,кайра кызына берсе,аларга конбой баса берген.Биз ошого шаарда туруп калдык.Кордунуз го кайненем озу да чыйраак.Эки келиндин кызматын озу арыдан-бери аткарып салат.Бироонун ишине да алымсынбайт.
-Ушундай де..,-деп ойлуу боло калды.
Эмнеге мынча кызыктыныз?
-Мен сени акылдуу,баамчыл деп журсом.Сенин конул борборундан орун ала албаганымды бир нерседен сезип койдум.Сен мени канчадан бери коруп журосун.Кайнатанды да.Эмнеге экообуздун чачыбыздагы окшоштуктарды байкабадын?А мени атан коргондо эле чачымды баамдап жатпайбы.
-Сиздин айтканыныз да туура.Сиз эмес сизге чейин да канча жакшы дагы,жаман дагы окуяларга туш болдум,бой келинге эми созу да,озу да жармашып илеше берет тура.Бирок менин эч конулум жибибей,журогумдогу муздар эрибей койду.Мунозум ушундай экен.Эркектин эн алдынкысы сиздей эле болот.Созунуз орундуу,озунуз токтоо,анан калса колу ачык,адамгерчиликтуусуз.Аялзатына мындай эркектен артык дагы эмне керек.Ошентсе да эки адамдын жылдыздары келишсе гана турмуш уланат.Мен сизди сыйлаймын,бирок сиз элестеткенчелик берилип суйо албаймын.Сизге ысык тамак бергеним менен конулум муздап турса,кийимдеринизди тазартканым менен журогум кирдеп турса,кошогонузду когортпой,чачынызды агартып турсам,анда сизге жашоо жыргалынын канчалык артыкчылыгы бар?
-Тушуном,Айнур.Менин да башымдан коп нерселер отту.Тагдырдын улуу суусун синирдим,оор ташын котордум,шамалында уйгактай тоголонуп учтум,бороонунда жубайымды жоготуп алып уулудум.Эми болсо жалгыз кызымды эш тутуп жашап келем.Жалгызымдын конулу деп,бироого кор болбосун деп же уйлонбодум.Бир ыргакта баратканда озунду кезиктирип калбадымбы.Мага суйуу эми такыр келбестир дечу элем.Мынандай жашта арасат калган жаман тура.Балдар уйундо керелден кечке терезеден башым чыкчу эмес.Мени да бироо-жарым издеп келээр же алып кетээр деп.Бирок апам отуп кеткендигин уккандан сон бар умутумду узуп койдум.Кечээ эле эс тартканымда атан тируу болсо керек деген созду угуп,дагы умут пайда болду.Анан эле кайнатан менен чачымдын окшоштуктарын коруп,эми ой экен да,атам ушул болуп калсачы деп жаман оюмда.Анан атан тууралуу билейинчи дегеним ошондон.
-Аа,мен эми тушунбодумбу.Сиз эмес,озум да кызыгып калдым.Бирок сиздин апаныз дуйнодон отуп кеткен,а кайнатам бир эле аял алган да.Экоо бир класста окушуп,суйлошушуп,анан баш кошушкан деп калышат.
-Кызык.Ооба да,мен жон эле божомолдодум.Сен уйго киргенде кайнененден акырын сурачы,кайнатандын конулдошу болгонбу же жокпу?Анан жанагы тун перзенти учуп кетиптир дедин го,аны качан,кайсыл жерде торогонун.Макулбу?
-Макул.Анда мен уйго эртерээк барайын.Алгач аларга тамак берип,энемди жуундуруп,анан атам уктаганда,акырын кепке тартайын.
-Суйлоштук,Айнур.Сен мени туура тушун.Ата-эне деген башка тура.Ушунчалык аларды коргум келчу.Ал кыялым азырга чейин журбойбу.Апам отуп кетсе да атам бар да.Аны таап,бир омур бактылуу кылгым келет.Канча аракет кылып издебедим дейсин.Байлык,акчам ошончо.Бирок бир жерим оксук.Ошол озум тарбияланган балдар уйуно коп акча сарптап жардам берем.Карылар уйуно бардым,баарын тизмектеп териштирдим.Кызыгы тооба,баарынын перзенти болгон,булосу бар.Арман дуйно десен.Бироого зар,бироого кор,ээ.Ал жакка жардам берем,колумдан келишинче.Мейли,Айнур ата-эненди жакшы сыйлап кетир.Сен да коросун карыганда.Эртен эмне болоорун билбейбиз да.
-Мейли,капа боло бербениз.Айдын он беши карангы он беши жарык.Жакшы кундор алдыда,Кудайым буйруса,-деп Айнур ордунан козголду.
АВТОР:ГУЛИРА МЕНДИБАЙ КЫЗЫ
Уландысы бар...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4