
(Же чырмалышкан тагдырлар)
8-БӨЛҮМ
Айлана капкарангы.Эч бир жерде шоола кирген жылчык жок.Канырсыган кандын жытынан коонун айланат.Отурган жерин сыз,дубалдары да муздак.Бетондолгон сыяктуу.Дал ушул жерде жаткан келин ойдо болууга умтулду,жер таянып туруп баратып кайра кулады.
-Тооба,Жаратканым мени дагы кандай кунго салдын.Же олуп калдымбы?Олуп калсам эмнеге кепинделбедим.Кийимим менен эле комуп сала бериштиби?Ооба да,мен эмнеге кепинделмекмин,мени комбой ай-талаага таштап салышса да аздык кылат.А сурагым качан башталат?Эмне деп жооп берем,Жаратканга?Кайсы кылган сооп иштерими айтып берем?Жок дегенде бироо да болсо мейли эле.Же келме билбедим.Оозумда тообам болбоду.Намазды кой,адам баласында эн биринчи "адамгерчилик","ыйман" болуш керек го.Эми акылыма киргенсип ойлонгонуму кара.Неси болсо да баары кеч,бутту...,-деп ооруган жери сыздай,ойлонуп жатты.Бул баягында кыркы чыга элек кызын Айнурга таштап кеткен Чолпон эле.
Чолпон тим эле кудундап,оюнда эч нерсе жок,сагызды бейадеп чайнап,машиненин алдында баратты.Жанындагы адам менен бир коргондо эле ысык болуп кеткен.Бир жолу базарда момо-чомо алайын деп жургон,ичи билинип калган.Ангыча:
-Чон кыз,капчыгыныз тушуп калды.
-Кана,аа,рахмат сизге,аз болгондо уйго да жоо кетмекмин.
-Ушул акыбалыныз менен базарга келгениниз кандай,жук которгонго да болбойт сизге,жолдошунузду жонойтпойт белениз?
-Жолдошум жок,ошого озум келдим да.
-Аа,кечиресиз,анда мен жардамдашайын,азырынча зарыл деле ишим жок.
Кубат ушинтип кыз-келиндерди кылтакка илчу.Ичинен суйуно тушту,бир болсо бугун олжолуу болдум деп.
-Канчанчы кабат?
-Учунчуго которуло берин.
Экоо чайлашып отурду.Чолпон жанагындай жоосунсуз жооруктарды жасаганы менен,бат алданчаак,ишенчээк,анан такыр ичинде сыр сактачу эмес.Башынан откоргондорду да баарын саймедиреп жаадырып Кубатка айтып берди.
-Ай,ай,ай!,-деп чындап куйгон адам болуп.Аябай эле кордук корупсуз,сиздей жапжаш келиндерге мындай жашаш туура эмес.Сиз озунузду карап,озунузду суйунуз,откон кундорунузду такыр эске салбаныз.Бугундон баштап 180 градуска бурулунуз.
Мына ушинтип Кубат Чолпонду арбап бат-баттан кабар алып турчу болду.Жер-жемиштерди,азык-тулукторду ташып турду.Бирок анын оюн бир гана нерсе ирээнжитип турган.Ичиндеги баласын торогондо эмне кылыш керек,кантип жоготсок экен деп.Адаттагыдай Чолпондон кабар алган киши болуп келип калды.
-Чопа,кандайсын?Ден-соолуктарын,ичиндегин?
-Шугур,шугур.Кубат сендей жакшы адамдар коп болсо ээ.Кандай идеалдуу мырзасын.Сени кантип кыз-келиндер корбой журушот экен десен.Мага материалдык да,моралдык да коп жардам бердин.Бул жакшылыктарынды эч качан унутпаймын.
-Андай дебе,бул менин адамдык парзым.Сендей жакшынакай келинге кыйналып жаткан мезгилде жардам берип койбосом жигиттик болбос.Колумдан келип турса,сендейлердин кобунун конулун алам али,-деп арам оюн билгизбей.
-Ооба,десен.Айткандарын туура,-деп Чолпон ичин сылап койду.
-Чопа,мен сени менен жакшылап суйлошкону келдим.
-Мен кайда барат элем,эч жакка шашылбайм,кулагым сизде,-деп жылмайып.
-Чолпон,сен сулуу,ары жылдыздуу жан экенсин.Мен сенин ордунда болгонумда,оло сулуулугумду пайдаланмакмын.
-Койчу,кантип эле,мен коп деле сулуу эмесмин.Аял киши кулагы менен суйот эмеспи.Кубат мындайга профессионал болуп калган да.
-Чушш-шш!Бул кебинди менден болок эч ким укпасын.Мен сага болгонун айтып жатам.Сени ойлоп кун алыс кыйналчу болдум.Келечегинди,жашоонду.Жада калса торогон сон жумуш да таап койдум.
-Кубат,кантип эле?А мобучу,-деп ичин соомойу менен такай.
-Мына,мына,акылдуум,мен дал ушуну айткым келген.Сен Кудайым насип кылып,эсенчилик болсо торо,анан аны тууган-туушканга берип кой.Аны тогуз ай которгонун аз келгенсип,бир жыл толук карайсын,богу менен бор кайнап,аны бастырасын дагы бир жыл,анан суйлотосун бир жыл.Анын арасында тун кечип уйкудан,ал тугул жакшы жерлерден,маараке-концерттерден каласын.Ошону менен уч жыл отуп жатабы?Ал мезгилде сен карып да кетесин.Мына ошондо сени бир эркек карайт бекен.Гулдой омурунду айып кылып.Менин бир женем бар эле.Агам менен ажырашып кетип,дал сага окшоп ичиндегиси менен кете берди.Кийин тороору менен баласын куйоосуно таштап,эми сурай берипсин,азыр тим эле адам тааныбайт.Уйлорду алып,машинени тээп,койчу деги кыскасы жашоо ошонуку,-деп женесин айткан жерин кошуп,апыртып койду.
-Аа,кандай болоор экен,айтканындын жуйоосу бардай.Сен айткандай жарытылуу деле жашоодо жашабасам,бирок ата-энемдерге,туугундарыма али бул ишими билдире элекмин.Мен Бишкекке кеттим,чалып турам деп аларды алдагам.Ошодон бери бироо-жарым коруп калбасын деп корунуп чыгып,корунуп кирем.Эгер баланы билишсе атам мени соо койбойт дей бер.Башында алдырып коеюн дегем.Бирок торобой калуу коркунучу кобуроок дешкен.Мен ушинтип эле журбостурмун,мага да жакшы кун келээр деп тек койбодумбу.Эмнеси болсо да мен озумо-озум кылдым.Ошондо Сагынды азгырбай оз булосу менен тек койгондо,мен да оз тенимди таап,эмгиче бактылуу да болуп калат белем,-деп козуно жаш ала.
-Алтыным,кой ыйлаба,сага ыйлаганга болбойт.Сага азыр куч-кубат керек,андан коро дарман топто.Баса,сен Сагындын аялын тааныйсынбы?
-Тааныбагандачы,ал эки уулу менен бой журот.Чыйраак экен.Мен болсо бироону торобой жатып жудоп.
-Мамиленер барбы?
-Ай,кайдан.Мен анын эрин тартып алып жатсам,кайдагы мамилени айтасын.
-Деги айтам да,Чолпон сен бир азаматтык кыласын,алтын.Тороп жыйырма кундой болгондо баланды аласын да Айнурга барасын.Дал ушул учурда Чолпон:
-Жок,жок,жок!Жок жомокту айтпа,мер анын алдына баргыдай,ал ким?Олсом да барбайм ага жалдырап.Охоо,ал ошондо кырына чыгат да,акыбалын ушул экен го деп.Андай кунду элестете да албайм.
-Анан эмне кыл дейсин?Мейли,тороп тушуп,жудоп,мен айткандай отура бер.Сага ким куйот?Канчага жашырынат экенсин.Баланы ошондо ата-эненден кантип жашырып жашашынды кором.Ким багат сени?Мен кеттим,-деп амалкойлукко салып коркута.
-Кубат,мейли мага бир аз убакыт бер.Мен торогонумо дагы он-он беш кун бар.Ал арада мен бир чечимге келемин.Ким эле болсо да дароо конборун менден жакшы тушуносун.Ичимден чыкканды кундошумо берип жатсам,мындан откон оор нерсе жоктур.Андан коро мага бир аз акча берип тур,балага ороо-чулгоосуна,торотканага да керек болот.
-Жана эле ушинтпейсинби?Ме муну азырынча алып тур,баарынан да менин оюмду жакшылап чеч,-деп беш миндикти колуна кармата уйдон чыгып кетти.
Чолпон аман-эсен тороп,белин бууп,Кубат айткан ойго баш ийип берди,баш ийбеске аргасы да жок эле.Жанагинтип келип Айнурга боорунан чыккан кызын таштап кете бербедиби.Сыртта кутуп турган машине ээси ушул Кубат болчу.
Эми мынтип же гор экени,же тор экени белгисиз жайда жатат...
Автор:ГУЛИРА МЕНДИБАЙ КЫЗЫ


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5