
3-БӨЛҮМ
АКЫРКЫ БӨЛҮГҮ
Таалай кысыла муунуп барып, кыйкырып жиберди...
— Жок-жок... Канышай эч жакка барбайт!.. Мен тирүү турганда ушул жерде болот... Ошондойбу, Каку?!..
— Ошондой, ата! — деди кыз.
Ошентип убакыт өтө берди. Канышай энесин тарткан узун бойлуу, субагайынан келген, сулуу кыз болуп өстү. Мектепти жакшы бүтүрүп, окууга тапшырды... Дарыгер болмокчу. Ата-бала болуп бир чатырдын астында ушинтип 20 жыл бирге жашашты.
Канышай мектепте окуп жүргөн кезде, бир күнү велосипед менен көчөдө кетип баратып автобустун астында калган. Ар кансырап, өлүм менен өмүрдүн ортосунда эки күн жатты. Тез арада кан керек болду... Ага ылайыктуу 3-группадагы гана кан керек эле. Ой, тобо ушундай да болобу! -деп Таалай дарыгерге өзүнүн каны так ошол группада экенин айтты. Ошентип ал дароо канын берди. Айтмакчы, канды түз куюшту. Бул деген — билектен алынган канды экинчи билекке дароо жиберүү дегендик. Таалай кызынын абалына сарсанаа болуп, кечээтен бери чуркаганданбы же чарчаганданбы, бир маалда көзү илинип кетиптир. "А-та-а-а-а..." деген үндөн селт этип ойгонуп кетти.
— Мына... мына көзүн ачты... Эми баары жакшы болот, — деген үн дал жанынан угулду... Таалай Канышайды караса, ал да башын буруп карап туруптур... Алгач эч нерсени түшүнбөй узакка жатты да, бир аздан соң бир нерсени эстегендей болду. Анан атасын карап, көзүнө жаш толду. Башындагы жастыгы суу боло берди...
— Болду, болду кызым... баары артта калды... Эми атаңызга өмүр бою карыздарсыз, — деп дарыгер тамашалады...
Ошондон бери бир далай убакыт өтүп кетиптир...
Таалай күйөө баланы бир эле жолу көргөн. Англияда окуган, бир бай жердин жердин баласы сыяктуу.
Той шаардын чок ортосундагы ресторанда экен... Биринен бири өткөн укмуш автоунаалар... атүгүл өмүрүндө укпаган, көрбөгөн той кортежи... Кудалар тарап чыгашанын баарын моюндарына алышкан. Жадакалса, каттоо бөлүмүнө (ЗАГС) барбай, расмий өкүлдөрүн той башталарда чакырышмакчы.Чакырылган кишиден эсеп жок... Бүтүндөй шаар көчүп келгендей. Агылган эл. Таалай жанына баягы эки досун гана чакырган. Бир маалда тамада жаш жубайларды ортого чакырды. Нике күбөлүгүн тапшыруу аземи башталды. Ортодогу столдун жанында эки аял турат. Көөдөндөрүндө көк лента, колдорунда күбөлүк, калем... Кыз менен жигит нике шакектерин алмашты. Ушул учурда Нике сарайынын өкүлү:
— Кымбаттуу Канышай Эрматова! Сиз эми күйөөңүз Арген Курманбековдун фамилиясын аласызбы же өз фамилияңызда каласызбы? — деди. Зал бир заматта жымжырт боло калды. Тойго келген коноктор да, кудалар да — баары эки жаштан көз албай карап калышты. Энесине окшогон сулуу кыз жан-жагын жалтаңдап карап, көзү менен Таалайды издеди... Так эле баягы ооруканада өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган учурундагыдай... Алсыз... катуу бороондон жылуу башпаанек издеген торгойдун балапаны сыяктуу.
— Мен... атамдын... атамдын... жок-жок, атамдын фамилиясында калам... — деди... — Эрматова эле болом...
Таалай эмне болгонун алгач түшүнбөй туруп калды. Укканы чынбы же ошондой угулдубу? Канышай эмне деп жиберди? деп ойлонуп туруп калды.
— Кимди айтып жатасыз, айым ? — деди нике сарайынын өкүлү.
— Мен папамдын, жок-жок... атамды айтып жатам, Эрматова эле болом... — деп Канышай көзүнө жаш алып ыйлап жиберди... — Па... па!.. Ата... Ата... Мен — сиздин эле кызыңызмын. Угуп жатасызбы?.. Мен сиздин кызыңызмын... — деп да, Таалайды көздөй жүгүрдү.
— Кызым... Канышайым... Бото көзүм... албетте... албетте... — дей берди Таалай да көрүнө жаш ала.
Залдагылар дуу кол чаап жиберишти... Кимге кол чаап жатышканын, эмне үчүн чаап жатышканын эч ким түшүнгөн деле жок...
Оркестр укмуштуудай бир вальсты баштап жиберди. Ата-бала бирин-бири жубатып, бирин-бири кучактап бийлей башташты...
— Сен менин өз кызымсың, садагам!..
— Ооба, паа... сен да менин өз атамсың! Туурабы паа?!..
— Албетте, кызым... албетте...
Күйөө бала да, кудалар да эч нерсеге түшүнбөй туруп калышты. Бирок аларга көңүл бура турган Эрматовдор деле болгон жок... Анткени экөө тең азыр абдан бактылуу эле... Алар бул көз ирмемдерди көпкө күтүшкөн болчу, аябай узак күтүшкөн.
Аягы...
Урматтуу окурмандар чыгарма кызыктуу болсо комментарий жазып колдоп кетиңиздер класс басканды унутпаңыздар...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5