
2-БӨЛҮМ
Уландысы:
Эркектин жайы башка эмеспи... «Бир күндүк жолдошуңа миң күндүк салам» дегендей, Жыпараны тиешелүү каада-салттар менен акыркы сапарына узатты. Таалайга эң эле оор тийгени — кипкичинекей болгон Канышайдын "апалап" тызылдап ыйлаганы болду. Ошол түнү өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган сезимтал бөбөктү кучактап, Таалай да көз жашына ээ боло албады... Бирок, өлгөндүн артынан өлмөк жок, тирүү адам тиричилигин кылат. Тамак ичет, сыртка чыгат, дүкөнгө барат. Ошентип, алар бир чатырдын астында эки бөтөн, эки тааныш, эки тагдыр болуп жашап жатышты.
Башында анча маани бербегени менен, бара-бара Таалай кооптоно баштады. Жыпара көз жумар алдында: «Такиш, сени жолуктурган тагдырыма миң мертебе ыраазымын... азбы-көппү бирге жашадык... Кабагымды карап жашадың... менин сулуу аял экенимди, ал бирөөгө керек экенимди көрсөттүң... Эгер мага бир нерсе болуп кетсе, Канышай сага аманат. Өзүң билесиң, менин жакын тууганым деле жок... Эгер үйлөнсөң, жаман аял туш келип калса, Канышайды балдар үйүнө берерсиң...» — деген эле. Бирок Жыпара айткандай аял жолуккан жок. Негизи жолуккан... Бирөө эмес, бир нечеси болду. Анткен менен үйгө келген бөтөн адамды Канышай жактырган жок, кээ бирлери Канышайды да жактырышкан жок. Таалайдын тааныштары: «Кыргызстандан чет өлкөлүктөр бала асырап багып алып жатышат. Ал жактагы балдардын жашоосу укмуш экен... Жакшы билим, бай турмуш...» — деп айтышчу. Анын үстүнө балдар үйүнүн директору Аскар Жанышев Таалайга кайра-кайра келе берди. Бир жолу экөө ашканада узакка отурушту. Коноко деп алып келген коньягы да түгөндү...
«Таке, түпкүлүгүнө келгенде бул бөтөн эле кыз... Багын байлабайлы... Анын үстүнө Америкадан келгендер абдан бай экен... Бизге да, сизге да мол акча беребиз деп жатышат...»
Таалайдын коньяктан башы тегеренип, зыркырап ооруп жатты. «Эмне кылсам экен?.. Бул кыздын убалына калбаймынбы?.. Эгер мага бир нерсе болуп кетсе, Канышай кимге калат? Тагдыры эмне болот? Көчөдөгү бузуку балдарга кошулуп кетсе эмне кылам?» — деп ойлонуп отурду. Бир маалда ички эшик "шарт" этип ачылды... Түн ортосу болсо да, Канышай али уктай элек экен.
— Мен үчүн баш катырбаңыздар, — деди бойго жетип калган өспүрүм кыз.
— Мен эч жакка барбайм... Ушул жерде эле калам... Ата! — деди Канышай. — Эгер мен сизге тоскоол болсом, айтыңыз...» Кете берейин. Болгону, апамдын мүрзөсүнө сиз баш-көз болуп турсаңыз болду.
(Убакыт тар болуп калды, уландысын бир аздан кийин же болбосо эртең жазам. Туура түшүнүп коюңуздар сураныч.)
Уландысы бар


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3